Линктер

Орусия: унуткарылган ГКЧП


СССРдин ошол кездеги вице-президенти Геннадий Янаев (оңдо) жана СССРдин ички иштер министри Борис Пуго маалымат жыйынында. Москва, 19-август, 1991-жыл.

СССРдин ошол кездеги вице-президенти Геннадий Янаев (оңдо) жана СССРдин ички иштер министри Борис Пуго маалымат жыйынында. Москва, 19-август, 1991-жыл.

19-августта айтылуу ГКЧП капсалаңына 25 жыл толду. Ал кездеги советтик саясий жана аскер жетекчиликтин чоң бөлүгүнүн мамлекеттик төңкөрүш аракети эски совет республикаларынын көз карандысыздык алышын тездеткен окуялардын негизгиси катары бааланып жүрөт.

Бирок Орусияда коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары эл ал окуяларды унутуп бара жатканын көргөзүүдө. Талдоочулардын баамында, ГКЧП жеңилишинин маанисин атайлап басаңдатуу аракеттери жүрүүдө. Москвада бийликтер активисттердин ГКЧПнын 25 жылдыгына арналган жүрүшүн көрүүгө да уруксат берген жок.

Демократиянын чейрек кылым мурдагы жеңишин унутуп бара жаткан орусиялыктар көбөйгөнүн Москвадагы “Левада" борборунун жакында жарык көргөн сурамжылоосу аныктады.

Мындан 25 жыл мурда ГКЧП мүчөлөрү мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенгенин быйыл суралгандардын 50% эле эстешкен, 48% ал күндөрү эмне болгонун билбей турганын айтышкан. Ал эми 2% чейрек кылым мурда кандайдыр бир тагдыр чечер окуя болгон деп такыр эле ойлошпойт.

ГКЧПны эстегендердин көпчүлүгү же 35% сурамжылоодо 1991-жылкы путчту СССРдин жогорку жетекчилигиндеги бийлик үчүн күрөштүн бир эпиозоду катары баалашат, 30% өлкө үчүн оор кесепети бар, трагедиялык окуя десе, 8% КПССтин бийлигин аягына чыгарган демократиялык революциянын жеңиши деп санашат, чейрек бөлүгүнөн көбү же 27% ал окуяга кандайдыр бир баа берүүдөн кыйналышкан:

- Сурамжылоонун жыйынтыктары бизди таң калтырды. Себеби бул окуялар эс-тутумдан биздин коомдук аң-сезимде жана коомдо аларды сактагыдай механизм жоктугунан улам сүрүлүүдө. Менимче, путч аракети боюнча эс-тутум бийлик тарабынан басылып жатат деп айтууга болбойт. Болгону алар бул учурга көңүл бурбоого аракеттенүүдө. Анткени Орусиянын азыркы бийлиги, консервативдик-реакционисттик режим, көп жагынан советтик доордун эң соңку мезгилдерине мүнөздүү аң-сезимдин түрүн жана саясий көрсөтмөлөрдү калыбына келтирип жатпайбы. Андыктан, бул жерде ойлоно турган маселе бар. Бирок бул окуя боюнча эс-тутумду коом өзүнөн өзү көбүрөөк кетирүүдө, - дейт Москвадагы “Левада" борборунун директору Лев Гудков.

Социолог Гудков ага катар “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы менен маегинде Орусиянын азыркы бийлик башчыларынын көпчүлүгү 1991-жылды ошол ГКЧПны уюштурган структуралардан өсүп чыгышканын, орус коому азыр иш жүзүндө “бийликтин жана пропаганданын басымы” астында калганын эске салды.

“Левада" борборунун сурамжылоосу эгер 1991-жылдын 19-августундагыдай окуялар бүгүн орун алса, демократияны коргоого орусиялыктардын 16% гана даярдыгын көргөзгөн.

Орусия президенти Ельцин ГКЧПга каршы сүйлөп жаткан учур. 19-август, 1991-жыл.

Орусия президенти Ельцин ГКЧПга каршы сүйлөп жаткан учур. 19-август, 1991-жыл.

Бул аралыкта Москвада быйыл шаардык мэрия ГКЧПнын 25-жылдыгын утурлай активисттердин жүрүш өткөрүүсүнө уруксат берген жок. Орусиялык активисттер адатта бул жүрүш учурунда ГКЧП элдин каршылыгы астында жеңилгенинин маанисин, ошол август күндөрү курман болгон жана “Эркин Орусиянын коргоочулары” деп аталган үч адамды эскеришмек.

Москванын көчөлөрү. 21-август, 1991-жыл.

Москванын көчөлөрү. 21-август, 1991-жыл.

Орусияда ГКЧП окуяларынын сабактары жана анын жеңилишинин мааниси унутулушунун жана унуткарылып жатышынын себептерин “Азаттыктын” орус кызматындагы талкууда Москвада эл аралык мамилелер институтунун профессору, саясат таануучу Валерий Соловей төмөнкү жагдайларга байланыштырды:

- Анткени, ошол окуянын өзү ал кездеги Советтер союзунда жүрүп жаткан революциянын кульминациясы болгон да. Ал 1987-88-жылдары жогорудагы революция катары башталганы менен аягы ылдыйдагы революцияга айланып кеткен жана бул СССРдин кыйрашы менен жыйынтыкталган. Ал эми революция деген сөздү Орусиянын азыркы бийлиги жактыра бербейт. Мындан да маанилүүсү, ал революция учурунда жарыяланган идеалдар аткарылганына же аткарылбаганына карабай, азыркы мамлекеттин идеологиясына жана практикасына караманча-каршы болуп жатпайбы. Менимче, биринчи себеби ушул. Экинчи себеп, биздин коомдо 1991-жыл боюнча эскерүүлөрдү аң-сезимден чыгарууга өжөрлүк менен аракет көрүлүп жатат. Бул окуянын өзү эмес, бирок андан кийин жараяндар абдан олуттуу жамааттык жаракат болгон да. Ошол жарааттан коргонууну, бекинүүнү көздөп жатышат. Бирок бул саясий жактан активдүү жана багыты бар жаштарга тиешелүү эмес. Мен билгенден жаштар СССРдин чачыраганына өкүнүшпөйт. Муну социология да көргөзүүдө. Алар бирдиктүү мамлекетте жашоону каалашпайт. Жаштар үчүн бул тарыхый перспектива улуу муундарга караганда такыр башкача көрүнөт.

1991-жылдын 19-августунун таңында башталган ГКЧП окуялары беш күндөн кийин аны уюштургандардын камалышы менен аяктаган. Орусия менен катар Кыргызстанда Коммунисттик партияга убактылуу тыюу салынышына алып барган.

Ошондой эле СССРдин ыдырашын тездеткен. Кыргызстанда, "легендарлуу парламент" 31-августта Көз карандысыздык декларациясын жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG