Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:32

АКШ: Клинтон-Трамп бетме-бет дебатка чыгат


Президентке талапкерлер.
Президентке талапкерлер.

АКШ президенттигине талапкерлер шайлоо өнөктүгүнүн акыркы бөлүгүндөгү теледебаттарга камданышууда.

Демократ Хиллари Клинтон менен республикачы Дональд Трамп Нью-Йорктогу Хофстра университетинде бетме-бет чыгышат.

Акыркы күндөрү Трамптын рейтинги өсүп, Клинтон менен дээрлик теңелди.

Соңку сурамжылоо добуш берүүчүлөрдүн жарымы дебаттардын негизинде акыркы чечимин чыгарарын көрсөттү.

Миллиардер талапкер Дональд Трамп буга чейин бетме-бет дебатка катышкан эмес. Клинтон мурдагы шайлоодо, 2008-жылы талапкер Барак Обама менен дебатка чыккан болчу.

Бүгүнкү дебатты теледен 90 миллион адам көрөрү күтүлүүдө.

АКШдагы президенттик шайлоо 8-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG