Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:19

Парламент комитети Текебаевдин КТРК боюнча арызын карады


Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети депутат Өмүрбек Текебаевдин КТРКга нааразылык билдирип жазган арызын карап, бул жаатта тийиштүү чечим кабыл алууну телеканалдын байкоочу кеңешине тапшырды. Бүгүн аталган комитетке КТРК жетекчиси Илим Карыпбеков чакырылып, суроолорго жооп берди.

22-сентябрда КТРКда “Ата Мекен” фракциясынын Текебаевдин мүлктөрү жөнүндө көрсөтүү чыккан. Анда бир катар объектилери жубайына катталганы, көбү 2010-жылдан кийин алынганы айтылат. Текебаев көрсөтүү бир жактуу даярдалганын айткан. Муну ачык каралоо катары сыпаттап, журналисттерди өз мүлктөрү менен тааныштырууга бүгүн тур уюштурду.

КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков мында эч кандай каралоо жоктугун, коомдо болуп жаткан окуяларды ар тараптан чагылдыруу – каналдын милдети экенин айткан.

Мурдараак Текебаев президент Алмазбек Атамбаев мыйзамсыз жер ээлеп алганы тууралуу маалымат тараткан. (EBM/SE)

XS
SM
MD
LG