Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Москвада үч кыргыз зордуктоого шектелүүдө


Ушу тапта Орусия түрмөлөрүндө эки миңден ашуун кыргызстандык адам отурат.
Ушу тапта Орусия түрмөлөрүндө эки миңден ашуун кыргызстандык адам отурат.

Өткөн жума күнү Москвада 58 жаштагы жергиликтүү аялды тоноп, зордуктоо фактысы боюнча шектүү делген үч кыргызстандык кармалды.

Ошондой эле Пенза облусунда кыргыз келин зордуктоого аракет кылган адамды өлтүргөн деп айыпталууда. Орусияда канча кыргыз жараны абакта отурат жана алар кандай кылмыш жасагандар?

Үрөй учурган кылмыш

Үч кыргыз жигитинин Москвада 58 жаштагы аялды уруп, тоноп, андан кийин зордуктаган деп шектелип кармалышы Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттар үчүн өтө жагымсыз кабар болду. Орус Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, окуя түн ортосунда пенсия курагындагы аял дүкөндөн үйүнө бараткан учурда болгон. Бул окуя боюнча атайын штаб түзүлүп, Москва мэри Сергей Собянин кылмышкерлерди тезинен табуу боюнча тапшырма да берген болчу. Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган үч кыргыз жигити кылмыш кылгандарын мойнуна алган деп айтылууда.

Ал эми ушул жылдын 1-октябрына карата Орусиянын түрмөлөрүндө кыргызстандык 2 миң 414 адам абакта отурат. Алардын 10 пайызы аялдар. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукееванын айтымында, маңзат алып жүрүп кармалгандардын саны биринчи орунга чыккан.

- 2414 адам Орусиянын түрмөлөрүндө кылмыш жасаган адам катары отурушат. Булардын ичинен 500дөн ашуун адам маңзаттарын пайдаланган, ташыган үчүн соттолушкан.

Ал эми жети жүздөй жаран талап-тоноочулук, уурулук жана кол салуу боюнча кармалгандар. Ошондой эле зордуктоо фактысы боюнча жазасын өтөп жаткандардын саны эки жүздөн ашуун.

“Кой аксагы менен миңби?”

Жогорудагы кылмыш фактылары орусиялыктар арасында кыргыз жарандары жөнүндө терс пикирлерди пайда кылып жатканын мигранттар өздөрү да белгилешет. Москвада жашаган Данияр Сабыржан уулу мындай дейт.

- Орусияда кылмыш кылгандар бар. Ошондон улам “кыргыздар ушундай экен, тарбиялары жок экен” деп ойлоп калышууда. Бул жакта деле жазып жатат: "бизге мигранттардын кереги жок", - деп. Арак ичип алышып, жер алдындагы өтмөктөрдө отурган кыргыздарды көп эле көрдүм. Окугандар "бул эмнеге эле кыргыздарды жамандай берген" деп ойлошу мүмкүн. Бирок чын эле ушундайлар бар экенин Москвада жүргөндөр билишет.

Өткөн аптада ошондой эле Орусиянын Пенза облусунда алыс жолго каттаган оор жүк ташуучу машинанын айдоочусун бычактап, өлтүргөн деп 44 жаштагы кыргыз келин кармалды. Ал өзү бул кадамга айдоочу күч менен зордуктоого аракет кылган соң барганын айткан. Андыктан айрым учурда Орусияда иштеген кыргыз жарандары күнөөсүз эле соттолуп кеткен окуялар болорун мигранттар белгилешүүдө.

Бирок кыргыз милициясынын Москвадагы өкүлү Ибрагим Асанов түз жүргөндөр, мыйзамды сыйлагандар жок жерден кылмышка кириптер болуп калат дегенге кошулбайт:

- Кыргыз жарандары бул жакка үй-бүлөбүздү багабыз деп келишкен. Бирок бул жакта түнү менен иштеген кыргыздардын кафелери бар. Кээ бирлери ошол кафелерде таң атканча арак ичишет. “Кыргыздар арак ичсе абдан жаман”, - деп бул жакта азыр орустар сөз кылып жүрүшөт. Баары ар бир адамдын өзүнөн. Ошол эле кезде кыргыздардын көпчүлүгү мыйзамдуу каттоодон өтүп, абдан жакшы иштеп жүрүшөт.

Орусиялык тартип коргоо органдары КМШдан баргандардын кылган кылмыштары жыл сайын өсүп баратканын айтышат. Бирок расмий статистика боюнча, Орусияда жалпы мигранттардын кылган кылмыштары 5 пайызга да жетпей турганы, кылмыштардын көбүн орус жарандары өздөрү жасаары айтылат.

13-октябрда Москва шаарындагы Бирюлево аймагында болгон тополоңдон кийин мигранттарга карата жек көрүүчүлүк мурдагыдан да өскөн. Орус жараны Егор Щербаковду өлтүрүүгө шектүүлөрдү табууну талап кылган орус жаштары көчөгө чыгышкан болчу. Кийин Щербаковдун өлүмүнө шектүү делген азербайжан жараны Орхан Зейналов кармалган.

XS
SM
MD
LG