Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Орусия мыйзамсыз мигранттардан тазаланууда


Орусия -- Кармалган мыйзамсыз мигранттар автобуста. Москва, 15-август, 2013.
Орусия -- Кармалган мыйзамсыз мигранттар автобуста. Москва, 15-август, 2013.

Орус бийлиги Москва жана Санкт-Петербург шаарларын мигранттардан тазалоону күчөттү.

Акыркы апталарда эле мыйзамсыз жүрдү делген жүздөгөн мигранттар депортацияланды. Алардын арасында кыргызстандыктар да жок эмес. Бирок ал мигранттарга өз өлкөсү эмес, биринчи болуп орусиялыктар жардамга кол сунууда.


Кармалган мигранттарга орус активисттери кол сунду


Кыргыз бийлиги, укук коргоочулар жана журналисттер, дегеле жалпы коомчулук “Кумтөрдөгү акча талап кылуу фактысы менен алек болуп жатып, мигранттардын маселесине көз жаздымда калтырууда” деген сынга кабылды. Маселен, “Полис Азия” аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаева Орусияда укугу тебеленген, полиция бөлүмдөрүндө кармалып турган мигранттар маселеси унутта калып жатат деп эсептейт:

- Биздин элчиликтердин жана өкүлчүлүктөрдүн ишин күчөтүп, ал жактагы кыргызстандыктар тарабынан түзүлгөн уюмдардын башын кошуу керек. Бирок азыр канчалык таңкалыштуу болбосун, мигранттарга жардам берүү иштери менен Орусиянын катардагы жөнөкөй жарандары алектенүүдө. Алар тамак-ашын, суусундуктарын алып барып беришүүдө. Ошондой эле укук коргоочулар, юристтер, изилдөөчүлөр да кандайдыр бир юридикалык жардамдарды берүүгө аракет кылып жатышат.

Мигранттарды массалык кармоо жана текшерүү иштери Москвада жана Санкт-Петербургда кезигүүдө жана аларга чыны менен орусиядагы жарандык активисттер көбүрөөк жардам көрсөтүп жатат. Өз даректерин жана телефондорун интернеттеги социалдык түйүндөргө калтырып, эгер зарылчылык болсо байланышууга чакырган активисттер да бар.

Алардын бири - Санкт-Петербург шаарындагы активист Екатерина Косарёва менен телефон аркылуу байланыштык:

- Бизде сентябрда “Чоң сегиздиктин” саммити болгону жатат. Андан тышкары, 9-августта мигранттар жөнүндөгү мыйзамды да өзгөртүшкөн. Ошого байланыштуу кармап жатышат. Кармалгандардын документтери туура эмес болсо, бир суткадай полиция бөлүмүндө болушат, андан кийин сот болот. Сот бир канча чечим чыгарышы мүмкүн. Анын бири өлкөдөн чыгаруу чечими. Өлкөдөн чыгарууга туш болгондорду өзүнчө жайда кармашат. Биз мигранттарга тамак-аш жагынан жардам берип жатабыз. Эгер сотко катышуу керек болсо, барып юридикалык кеңештерди айтабыз.

Екатерина Косарёва кармалгандардын ичинен кыргызстандыктарды да жолуктурганын кошумчалады.


Жүздөн ашуун кыргыз мигранттары кармалды


Орусиянын күч кызматтарынын атайын жүргүзгөн рейди учурунда Москвада 28-августта эле Кыргызстандын 120 жараны кармалган. Алардын ичинен 20 адам орус жарандыгын алгандар экени аныкталган.

Кыргызстандын Москва шаарындагы вице-консулу Алмаз Букалаев калган жүз адамдын ичинен 16сы мыйзамсыз жүргөндүгүнө байланыштуу соттун чечими менен Кыргызстанга депортация болушу күтүлүп жатканын айтат. Ал бул жарандар милиция бөлүмдөрүндөгү убактылуу кармоо жайларында экенин кошумчалады:

- 28-августта ушундай маалымат алдык. Аларды текшерип, 16 жарандын аты-жөнүн тактадык. Чет элдик жарандарды кармоо жайларында адамдар өтө көп болгондуктан, биздин жарандар азыр милиция бөлүмдөрүндө кармалып турушат.

Вице-консул ошондой эле дагы 39 адамдын кармалганы боюнча маалымат болгонун, бирок алардын 10 пайызынын гана документтери туура эмес экенин билдирди. Алмаз Букалаев буга документтерин өз убагында тууралап койбогон кыргыздардын кенебестиги күнөөлүү деген пикирде:

- Акыркы маалымат боюнча, Кыргызстандын кармалган 39 жараны бар экен. Анын ичинен 90 пайызынын тиешелүү документтери бар болсо, 10 пайызыныкы жок. Документи жоктордукун тууралап, Кыргызстанга кетүү үчүн документ жасап беребиз.

Москвада иштеген кыргызстандык мигранттар акыркы мезгилде күчөгөн тешерүүлөрдү 8-сентябрга белгиленген Москва шаарынын мэрин шайлоо менен байланыштырууда.

Москвада иштеген Жанболот Акимов болсо текшерүү учурунда кармалган мигранттардын арасында кыргызстандыктар өтө аз деген ойдо:

- Каттоосу, жумушка уруксат документи бар жана туура болсо коё берип жатат. Бирок план толтуруш керек болуп калса, ар кандай шылтоо табышат экен. Негизинен Орусиядан тажик, ветнам, өзбектерди чыгарып жатат. Мисалы, тажиктерди ар бир жумада 1,5 миңден жөнөтүп жатат деп айтышты. Ветнамдарды андан да көп депортация кылышууда. Кыргыздардан кармалып түшкөндөр болсо, алардын 3-4 пайызын гана түзөт.

Москва шаарынын мэрлигине талапкер болгондор Орусияны мигранттардан тазалоо маселесин негизги көзүр тема катары кармашууда. Аны бийликтин талапкери Сергей Собянин да, опозициячыл талапкер Алексей Навальный да өз пайдасы үчүн колдонууга аракет кылып жатат. Анткен менен мигранттарды өлкөдөн массалык чыгаруу Орусиянын башка шаарларында да кезигүүдө.

XS
SM
MD
LG