Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:46

Франциянын өкмөт башчысы шайлоого катышарын жарыялайт


Бул тууралуу Франциянын маалымат каражаттары 5-декабарда маалымдады.

Премьер-министр Мануэл Вальс өз чечимин дүйшөмбү күнү айтып, Социалисттик партиядан президенттикке талапкер болууга умтулмакчы. Партия праймеризди январь айында өткөрүүнү белгилеген. Бул партиядан президент болуп шайланган Франсуа Олланд кийинки мөөнөткө президенттик шайлоого катышпасын жакында эле билдирди. Борбор-оңчул партия май айында боло турган президенттик шайлоодо талапкерин аныктаган. Ал мурунку өкмөт башчы Франсуа Фийон болуп калды. (AiT)

XS
SM
MD
LG