Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:05

Мигранттар АКШдан жапатырмак чыгарылбайт


АКШ ички коопсуздук министри Жон Келли.
АКШ ички коопсуздук министри Жон Келли.

Бул тууралуу АКШнын ички коопсуздук министри Жон Келли маалымдады:

-Биз мигранттарды массалык түрдө чыгарбайбыз. Жаңы эрежелердин баары мыйзамдуу жолдор менен, адам укугун бузбай, Мексика бийлигинин макулдашуусу менен киргизилет.

Ал Мехико шаарында мексикалык министрлер менен сүйлөшүүдөн кийин АКШ мамкатчысы Рекс Тиллерсон менен чогуу маалымат жыйынын курду.

Тиллерсон АКШга “террорчулардын” кирүүсүнө чекит коюуга жана АКШ чек арасы аркылуу маңзат, адам ташуу менен алектенген кылмыш уюмдарын жок кылууга мезгил келип жеткенин белгиледи.

АКШ расмийлери Мексикага президент Дональд Трамп экономикалык жана иммиграциялык саясатын катаалданткан соң пайда болгон дипломаттык чыңалууну басаңдатуу максатында барышкан.

23-февралда Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө Трамп мыйзамсыз мигранттарды өлкөдөн чыгаруу процессин “аскер операциясы” деп атаган.

Дональд Трамптын чек арага коргон куруу тууралуу сөзү Мексиканын нааразылыгын жараткан.

XS
SM
MD
LG