Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:41

Азербайжанда демократ активист 10 жылга кесилди


Азербайжандык жаш активист Гияс Ибрагимов.
Азербайжандык жаш активист Гияс Ибрагимов.

Азербайжанда демократ активист Гияс Ибрагимов 10 жылга эркинен ажыратылды. Баку соту 25-октябрда НИДА демократ жаштар тобунун мүчөсү, 21 жаштагы Ибрагимовду мыйзамсыз маңзат аткезчилиги менен алектенген деп тапты.

Amnesty International уюму бул өкүмдү “эркин ой-пикир билдирүүгө каршы жасалган чабуул” деп атады.

Ибрагимов жана анын өнөктөшү Байрам Маммадов май айында баш калаа Бакудагы мурдагы президент Гейдар Алиевдин эстелигине өкмөткө каршы сүрөт тартып кеткени үчүн камалышкан.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликтен активисттерди “дароо бошотууну” талап кылды. Соңку жылдары Азербайжанда ондогон активисттер жана журналисттер бийликке каршы сын-пикир айткандары үчүн куугунтукталып, камакка алынды.

XS
SM
MD
LG