Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:22

Конгрессмендер Трамптын Орусия менен байланыштары боюнча кайым айтышты


Президент Трамп АКШнын Консервативдик союзунун жыйынында сүйлөөдө. 24-февраль, 2017-жыл.
Президент Трамп АКШнын Консервативдик союзунун жыйынында сүйлөөдө. 24-февраль, 2017-жыл.

Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын чалгын иштери боюнча комитетинин республикачыл төрагасы Девин Нуньес президент Дональд Трамптын шайлоо штабы менен Орусия бийликтеринин туура эмес байланыштары боюнча эч бир далилди көрбөгөнүн билдирип чыкты.

Бирок анын бул сөздөрү Эл өкүлдөр палатасындагы демократтардын сынын пайда кылды.

Демократтардын чалгын иштери боюнча комитеттеги башкы өкүлү Адам Шиффтин айтымында, иликтөө жаңы эле башталды, андыктан жыйынтык чыгарууга али эртелик кылат.

Ал эми демократтардын Эл өкүлдөр палатасындагы лидери Нэнси Пелосинин көз карашында, чалгын комитеттин төрагасы Девин Нуньестин сөздөрү Трамптын Конгресстеги өнөктөштөрүнүн иликтөөгө карата мамилеси боюнча күмөн саноолорду жаратууда. (UE)

XS
SM
MD
LG