Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

Путин жана Орусиядагы сөз эркиндиги


Премьер-министр Владимир Путин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Москва, 2011-жылдын 20-апрели.

Премьер-министр Владимир Путин журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө. Москва, 2011-жылдын 20-апрели.

2012-жылдын мартында Путин президентикке келсе Кремл маалымат каражаттарын темирдей тартипке салабы? Орусияда сөз эркиндигинин тагдыры кандай?

2000-жылы Владимир Путин өлкө башына келгиче НТВ сыналгысы Орусияда көз карандысыз делген негизги үч медианын бири эле. Жаңы бийлик келгенде сыналгынын ээси олигарх Гусинский камакка алынып, телеканал "Газпромдун" менчигине өткөн.

НТВнын тагдыры учу кыйыры кең өлкөдөгү башка маалымат каражаттарына бийликтин “тарбиясынын” айкын мисалы болуп калган.

Д.Медведев Биринчи, Орусия-1, НТВнын жетекчилери менен 29.09.2011

Д.Медведев Биринчи, Орусия-1, НТВнын жетекчилери менен 29.09.2011

​Сөз эркиндигин коргогон “Гласность” корунун жетекчиси Алексей Симонов Орусиядагы НТВ, Биринчи жана Экинчи мамлекеттик сыналгы каналдары Кремлдин саясий куралына айлангандыгын жашырбайт. Көз карандысыз деп эсептелген REN-TV канчалык эркин болууну эңсеген менен Кремлдин көзүн караган кара май компанияга таандык.

Москвадагы "Левада" борборунун иликтөөсүндө, Орусияда калктын 80% маалыматты бийлик көзөмөлдүк кылган сыналгы каналдардан алат. Эгер Кремл кайсы бир маалыматты коомчулукка чыгаргысы келбесе, жогорудагы телеканалдарды жеңил эле тизгиндеп коёт.

ММКнын үч катмары

Ошол эле учурда Орусияда көз карандысыз маалымат каражаты таптакыр жок деп айтуудан алыс болуу зарыл. Маселен, эки жумада бир чыккан “Новая Газета” басылмасы өлкөдөгү коррупция, чечен согушунун көмүскө тарабын кеңири иликтеп жарыялады. Бирок эркин сөздүн баасы өтө кымбат, журналисттердин өмүрүнө тете болду. 2003-жылдан бери эле “Новая Газетанын” төрт кабарчысы түшүнүксүз жагдайда өлтүрүлдү.

"Новая Газетанын" өлтүрүлгөн журналисти Анна Политковская

"Новая Газетанын" өлтүрүлгөн журналисти Анна Политковская

Гезиттин ээси, миллиардер Александр Лебедов журналисттер курал-жарак алып жүрүүгө расмий уруксат сураган. Гезиттин 49% акциясына ээлик кылган советтик президент Михаил Горбачевдун коргоосу менен “Новая Газета” бийликтин басымына туруштук берип келет. Гезит болгону 200 миң нускада чыгып, негизинен Москва менен питерлик окурмандарга эле жетет.

“Новая Газетанын” аткаруучу редактору Андрей Липский Орусияда өкүм сүргөн “маалымат ачкачылыгын” белгилеп, ал тургай аны бийликтегилер сезерин айтат:

- Канчалык таң калыштуу болбосун – “Новая Газета” бийликтеги адамдарга керек. Аларга жагымсыз болсо да өздөрү тууралуу маалымат булагы керек.

Журналисттин пикиринде, бийликтин жогорку сересиндегилер башкалар тууралуу канчалык курч маалыматка ээ болсо, ошончолук өзүн куралдуудай сезет. Буга бийликке оппозициячыл маанайдагы “Москва жаңырыгы” (“Эхо Москвы”) үналгысы мисал. Эмнегедир Кремл "Газпром" ээлик кылган бул радиону эркин коё берип, НТВнын тажрыйбасын колдонгон жок.

Эркин медиа каражаттарынын сабына “Ведомости” гезитин да кошууга болот. Ал финдердин "Санома" медиа тобуна таандык, “Уолл-стрит жорнал” (The Wall Street Journal), “Файненшиал Таймс” (The Financial Times) сыяктуу дүйнөлүк салмактуу басылмалар менен тармакташып иш жүргүзөт.

Эркин жана Кремл көзөмөлдөгөн медиа каражаттардын ортосунда калп-чынды койгулаштырып, капчык толтурган “булвардык” деп аталаган ММКнын калың катмары жатат.

"Коммерсанттын" ээси Алишер Усманов

"Коммерсанттын" ээси Алишер Усманов

Алардын ичинен “Коммерсант” гезитинин орус коомунда өз орду бар. Бир кезде олигарх Березовскийге таандык басылманы Кремлдин кол баласына айланган дагы бир олигарх Алишер Усманов 2006-жылы сатып алган.

“Коммерсант” Алишер Усманов сатып алгыча сөз эркиндиги дээрлик жок өлкөдө уникалдуу кырдаалда иштеди. Ал кезде Кремл, гезиттин ээси да гезитке анчалык таасир эте алчу эмес. Анан гезит олигархтын колуна тийгенден кийин толук көзөмөлгө алынды”, - дейт “Коммерсант” жаңы ээсин тапкандан кийин кызматтан кеткен мурдагы башкы редактор Кирилл Рогов.

Орусияда бийликтин жогорку тепкичиндеги коррупция, таасирдүү элиталардын кармашы, Путин менен Медведевдин айланасындагылар жөнүндө жеке маалыматтар жалпы медиа каражаттарында тыюу салынган темалар. Орусияда “Коммерсант” сыяктуу басылмалардын нускасы азайып баратканы маселенин дагы бир өңүтү.

Интернет - эркин маалымат булагыбы?

"Левада" борборунун маалыматына таянсак, орусиялыктардын 20 пайыздайы гана гезит окуйт. Орусияда 1990-жылдары пайда болгон Полит.ру интернет маалымат агенттигинин ээси Кирил Рогов эми интернет расмий катталган медианын “алы жетпеген” маалыматты элге берет деп ишенет.

Орусияда 60 млн киши интернет колдонот

Орусияда 60 млн киши интернет колдонот

Орусияда интернет колдонуучулардын саны токтоосуз өсүүдө, калктын 40% же 60 миллион киши дүйнөлүк маалымат желесин пайдаланат. Маалымат айдыңы эки топко: “Интернет Орусия” – каалаган маалыматын интернеттен таап алгандар менен “Телевизиондук Орусия” – бийликтин айткан-дегенин кабылдагандар болуп бөлүнүп калган.

Орусияда интернет эркин маалымат таратуу менен алуунун булагы боло алабы?

“Интернет бул куткаруучу эмес. Ал болгону кошумча мүмкүнчүлүк. Окурмандардын кемтигин канчалык толуктаарын азыр айта албайм”, - дейт “Гласность” корунун жетекчиси Алексей Симонов.

Адистердин айтымында, орусиялыктардын басымдуу көпчүлүгү дүйнөлүк маалымат желесин социалдык тармактар менен көңүл ачууга колдонот.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, веб-редактор. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG