Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Түркмөн газы Европага жетпей турат


Орусиялык маалымдоо каражаттары акыркы аптада Ислам Каримовдун өлүмү, кыргыз-өзбек чек араларындагы чатак, Кытайдын Орто Азияга таасиринин күчөшү, Түркмөнстандын Европага бет алганы тууралуу жазып чыгышты.

"Московский комсомолец" Каримовдун өлүмү кыргыз-өзбек согушунан эки өлкөнү сактаганын жазды. Макалада Ташкен менен Бишкек Орто-Токой суу сактагычын бөлүшө албай жатканы, Орусия менен Кытай талашка кийлигишпей тыштан карап турганы маалымдалган.

Орто-Токой суу сактагычы 1941-1956-жылдары Өзбек ССРи тарабынан курулган, бирок ал Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Кыргызстан Өзбекстандын Орто-Токой айылын курчоого алып, жашоочуларын кыргыз жарандыгын алууга мажбурлай баштаганы, Ташкен талашта жүргөн Үңкүр-Тоодогу Кербен радиорелейлик станцияны аскери менен ээлеп алганы айтылат.

Саясий серепчи Аджар Куртов Каримовдун өлүмү менен Өзбекстанда азыр бийлик талашка түшкөнүн белгилеп, президентсиз Ташкен ушул тапта биринчи кезекте стабилдүүлүктү сактоого аракет кыларын болжолдогон. "Ал эми Кыргызстандын аскердик ресурстары чектелүү, Москва, Бээжин жана Астана болсо өздөрүн аймактагы согушка кириптер кылууга жол бербейт" деген жыйынтык чыгарылат макалада.

"Независимая газета" Түркмөнстандын Европага газ жөнөтүүсүнө бир гана Азербайжан тоскоол болууда деп баяндайт. Орусиянын ордуна газ менен камсыздай алчу башка өлкө табууну каалап турган Европа Түркмөнстанга эшик ачканы макалада айтылып, бирок Европага газ жеткирүүгө Ашхабад Азербайжандын түтүктөрүнө муктаж болуп тургандыгы белгиленет. Расмий Баку мындай ортомчулук үчүн Ашхабаддан талашта жүргөн “Сердар” кенин сураган.

Түркмөнстан буга чейин газын Кытай менен Иранга сатып келген, бирок Европа өлкөлөрүнө чыкканда жылына 30-40 млрд куб. метр газ сатса, өлкө бюджетине чоң киреше алып келерин адистер болжолдошот. Европага жетүү үчүн Ашхабад миллиондогон тонна мунай менен газ бар делген “Сердар” кенин Бакуга береби же жокпу деген суроо коюлат макалада.

Орусиялык Forbes басылмасы Кытай эмне үчүн Казакстан менен Орусиянын темир жолдорун каржылоодо деген суроону көтөрөт. Кытайдан Европага жүктөрдү темир жол аркылуу жөнөтүү убактысы боюнча тез болгону менен бир контейнердин акысы 6 миң доллардан ашык каражатты талап кылаары макалада белгиленет. Азиядан Европага деңиз аркылуу жөнөтүлчү мындай жүккө 1 миң долларга жетпеген чыгым кетет.

Макалада экономикалык пайдадан геосаясий максаттарды жогору койгон Кытай жакынкы өнөктөрү Орусия менен Казакстандын экономикасын өзүнө көз каранды кылып, Улуу Жибек Жолу концепциясы менен бүткүл Орто Азия аймагын кытайлаштырууну көздөөдө деген корутунду чыгарылат.

"Регнум" маалымат агенттиги Ашхабаддын жашоочуларын жергиликтүү бийлик үйүндөгү терезелерди караңгылатууга мажбурлоодо деп кабарлайт. Түркмөнстандын Курулуш жана архитектура министрлиги мындай талап Ашхабад шаарынын тышкы архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн киргизилип жатат деп түшүндүргөн.

Шаардын айрым тургундарына жети күн ичинде өз күчтөрү менен терезелерди толук караңгылатуу боюнча бийлик өкүлдөрүнөн буйрук келген. Түркмөнстандык укук коргоочулар болсо, мындай кысымга президент Гурбангулы Бердимухаммедов өтчү жол боюндагы үйлөрдүн ээлери кабылып жатканын айтып чыгышкан. Үй ээлери макул болбогон учурда шаардык коммуналдык кызматтар терезелерди сырдап салышканы макалада маалымдалат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG