Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Акаев АКШга доомат койду


Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев.
Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев.

Акыркы жума ичинде орусиялык басылмалар Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин АКШга дооматтарын, Каримов каза болгондон кийин Назарбаев кызына президенттик такка жол ачып бергенин, Тажикстандын энергетикалык дымактары жана Өзбекстанга АКШдан берилген жардамдар тууралуу баяндашты.

"Взгляд" басылмасы Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев менен анын бийликтен кулашы боюнча маек курган. Акаев басылманын суроолоруна жооп берип жатып 2005-жылдагы “жоогазын ыңкылабын” АКШ каржылап уюштурган деп айткан.

Ал "АКШ Кыргызстандагы “Манас” аэропортуна “Авакс” деген алыстан башкара алган радиолокациялык системасы бар "Боинг" учагын кондурууну суранган. “Жок” деген жооп алгандан кийин америкалыктар мени алмаштырууну чечкен" деген ойлору менен бөлүшкөн Акаев.

Акыркы он жылдан бери Москвада жүргөн Акаев “жоогазын ыңкылабын” криминалдык топтордун күчү менен жасалган мамлекеттик төңкөрүш катары сыпаттап келет.

"Регнум" маалымат агенттиги АКШ Өзбекстанга айыл чарбаны көтөрүүгө 14 миллион доллар бергенин маалымдайт. Бөлүнгөн каражат Өзбекстандын 12 облусунда жашылча-жемиштерди өстүрүүгө жумшалып, жаңы жумуш орундарын түзмөкчү. Макалада Өзбекстанга 12 миллион доллар жардам алып келген ЮСАИДдин айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча дагы бир долбоору жакында эле аяктаганы айтылат. Маалымат агенттиги АКШ Өзбекстандагы социалдык жана медициналык мекемелерине 112 тонна гуманитардык жардам жөнөткөнүн да кабарлады. Витаминдүү тамак-аш жана дары-дармектер мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана кургак учук менен ооругандарга берилет.

"Новая газета" Казакстанда мураскерге бийликке жол ачуу иштери кандайча жүрүп жатканы жөнүндө жазды. Макалада президент Нурсултан Назарбаев кызы Дарига Назарбаеваны парламенттин жогорку палатасы - Сенатка депутаттыкка дайындаганы баяндалып, Дариганын Сенаттан президенттик такка бир кадамы калды деп сүрөттөлөт.

Ал былтыр сентябрдан бери вице-премьер-министрлик кызматта отурган, ага чейин парламенттин төмөнкү палатасы -Мажлистин төрагасынын орун басары болгон. Казакстандын Конституциясы боюча форс-мажордук жагдайда кийинки президенттик шайлоого чейин бийлик Сенаттын спикерине берилери айтылып, учурда бул кызматты ээлеген Назарбаевдин ишенимдүү адамы Касым-Жомарт Токаев кези келгенде мырзалык кылып, Казакстандын биринчи айым президентине жол берет деп божомолдонот. Борбордук шайлоо комиссиясында да, Улуттук Коопсуздук комитетинда да “ишенимдүү назарбаевчилер” отурат, макалада Каримовдун өлүмүнөн кийин сексенге таяп калган Назарбаев мураскер калтыруу боюнча чечкиндүү кадамдарды жасады деп белгиленген.

EurAsia Daily басылмасы энергетикалык көз карандысыздыкка умтулган Тажикстан каржылык каатчылыкка кирип баратат деп баяндайт. Макалада тажик бийлиги энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга 4 миллиард долларга чейин акча каражатын бөлгөнү айтылат. Акыркы 15 жылдын ичинде 23 энергетикалык долбоорго 2 миллиард долларга чейин акча жумшалганы айтылып, өлкөдө бир катар ири электр станциялар курулганы белгиленет. Мынча өндүрүлгөн электр энергияны Дүйшөмбү кайда сатат деген суроо көтөрүлүп, электрди экспорттоого Борбор Азияда он жылдан ашуун макулдашылып жаткан CASA-1000 долбоору дагы деле ишке ашпай турганы баяндалат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG