Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Орусиялыктардын алдыдагы шайлоо жөнүндөгү азили


Саясий анекдотторду совет доорунда эле "катырган" орусиялыктар эми да, кезектеги президенттик шайлоонун ирегесинде, жөн жатышпаптыр. Алардын азилдеринен дагы бир шиңгил.


******

2012-жылдын февралы. Шайлоо бекетинде ураан илинип турат:
“Урматтуу шайлоочулар! Жекшемби күнү, 2012-жылдын 4-мартында, Орусия Федерациясынын Президенти В.В.Путинди шайлоо жүргүзүлмөкчү”.

******

- Орусияда президенттик шайлоо 2012-жылдын башында өтөт дешет ко, чынбы?
- Койсоңчу! Шайлоо быйыл эле 24-сентябрда өттү го!

******

Сыягы, интернет барактардагы “Путин, Медведев жана башка жолбашчылар” деген рубрикалык аталышты мындан ары “Путин. Жалгыз гана Путин” деп өзгөртүп атап калышат ко.

******

Мурда орусиялык сыналгы каналдар жериликтүү кабарлардан орчун жаңылык айтышчу эле, эми орчундардан эки баштуусун айтып калышты. “Келээрки жылы Орусияда орчун жаңылыктардын саны канча болоор экен?” деген суроого калайык баш катырып келет.

******

2011-жылдын 24-сентябрындагы эң кыска анекдот:
“Бирдиктүү Орусия” партиясынын курултайы өзү эле өз алдынча тарыхый чечим кабыл алды”.

******

Орусияда премьер-министрдин кызматы – бул өлкө президентинин келээрки мөөнөткө кайра шайлануу алдындагы анча-мынча жылдык тыныгуусу.

******л

Орусия энциклопедиясын түзүүчүлөр “Орун алмаштыруудан жалпы эсеп өзгөрбөйт” деген сүйлөмдү шашылыш түрдө “математика” куржунунан “азилдер” куржунуна жылдырышты.


******

Булак: орусиялык ар кыл интернет барактар.
XS
SM
MD
LG