Линктер

Түрк-орус президенттери 9-августта Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жолугат. Араздашып кайра табышкан лидерлер бул ирет эки өлкөнүн өз ара мамилеси эле эмес, Сирия маселеси боюнча да бир пикирге келүүнү көздөшүүдө.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Орусия президенти Владимир Путин 9-августта Санкт-Петербургда жолугат.

Бул түрктөр орус учагын атып, президенттердин деңгээлинде кайым айтышуулар болуп, мамиле бузулуп, кайра оңолгондон кийинки жүз көрүшүү. Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийинки Эрдогандын биринчи сыртка сапары.

Учурда орус-түрк мамилелеринде тактап алчу олуттуу маселелер бар. Талдоочулар таарынычтан үзүлгөн экономикалык катнаштарды кайра жандандыруу кыйынчылыкка турбайт, негизги маселе Сирия боюнча орток пикирге келүү дешет. Бул азыр эл аралык коомчулуктун көңүлүн көбүрөөк буруп тургандай.

Эрдогандын пресс-катчысы Ибрагим Калын сапар алдында Анкара Москва менен “Сирияны сириялыктарга ыңгайлуу демократиялык жана плюралисттик саясий нукка карай өзгөртүү ыңгайын” бирге издөөгө даяр экенин билдирди. Ошол эле учурда Калын Башар Асад Сирияны башкарып турганда андай натыйжага жетишүү мүмкүн эместигин бек кошумчалады.

2010-жылдан бери Түркия Сириядагы Асадга каршы козголгон куралдуу оппозицияны колдойт. 2015-жылы Сирия маселесине активдүү киришкен Орусия Асад тарапта.

Жакынкы Чыгыш боюнча эксперт, "Эркин Европа/Азаттык Үналгысынын" регионалдык директору Аббас Жавади алдыдагы сапар боюнча минтип жазды:

- Эки лидердин талкуусунун негизги бөлүгү Сирия боюнча позицияларды такташууга арналары анык. Бул Сириядагы козголоңчуларды жана күрт согушчандарын колдоп, Асадга каршы чыккан АКШ аракеттерине кескин жооп да болуп калышы мүмкүн. Бул сценарий Орусиянын күрттөрдү колдошу менен дагы татаалдашат. Бирок Орусия мындай жол менен азыркы түрк-америкалык, дегеле бүтүндөй түрк-батыш ишенбөөчүлүк атмосферасын курчутуп, Түркияны орус тышкы саясатынын координаттарына жакын тартууга аракет кылат.

Июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин Эрдоган Европаны, АКШны төңкөрүштү уюштуруучуларды колдоду деп, аларды терроризмге көмөк көрсөткөндөр деп сындаган.

Анткени Эрдогандын бийлиги төңкөрүштү уюштурууга айыптап, террорчул деп атаган диниятчы Фетхуллах Гүлен АКШда жашайт. Түркия аны кайтаруу боюнча талап койгондо АКШ бийлиги Гүлендин төңкөрүшкө катыштыгы боюнча далил сураган. Түркия аны көрсөтө элек.

Түркия төңкөрүш аракетине чейин да, кийин да колдобой койду деп Европага да таарынууда. Өткөн жылдан бери Түркия менен Евробиримдик качкындар боюнча бир келишимге жетүүгө аракеттенип келишти. Бул бир нече жылдан бери Евробиримдикке кирүүгө далалаттанган Түркиянын чоң кадамы катары сыпатталып жаткан.

Түрктөр ЕБ койгон айрым талаптарды аткарбаган соң ал келишимдин тагдыры арабөк калгандай.

Ошол эле учурда төңкөрүш аракетине айыптап, миңдеген адамдардын кармалышын Батыш сынга алып, ал арада Түркия өлүм жазасын кайра киргизсе жогорудагы келишим тургай, Евробиримдикке мүчөлүктү унутушу керектигин байма-бай эскертүүдө.

Ал эми Түркия тышкы саясатта Орусияга ыктап баратышына Батыш лидерлери азырынча үн ката элек. Тек гана 8-августта Германия тышкы иштер министрлигинин өкүлү Савсан Чебли:

- Биз Түркия менен Орусиянын жакындашуусу НАТОнун алкагындагы коопсуздук боюнча өнөктөштүккө кесепетин тийгизет деп ойлобойбуз. Түркия НАТОнун алкагындагы маанилүү өнөктөш болгон жана боло берет, - деп дипломатия чегинде билдирүү жасады.

Арийне сапар жыйынтыгы менен Түркия Орусия чечими НАТОдогулардын позициясына шайкеш болобу же жокпу али белгисиз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG