Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

Кыргыздардын Екатеринбургдагы спорт залы


Орусияда кыргыздардын ар кандай оор жумуштарда иштегенин, бир үйдө 20-30 болуп жашагандарын же департацияланып, оор күнгө туш келгендерин угуп да, көрүп да жүрсөңүз керек.

Ошол эле кезде бөтөн жерде жүрүп, ийгилик жараткандар да аз эмес, жылдан жылга андайлардын катары калыңдап баратат. Маселен, Екатеринбург шаарында кыргыздардын башын бириктирген, кыргыздын желегин Орусиянын бир топ жерлеринде желбиреткен "Достук" спорт залын көрүп жүрөгүбүз жылыды. Аталган машыгуу залын ачып, 55 баланы спорттун бир канча түрү боюнча тарбиялаган машыктыруучу,спорттун үч түрү боюнча чебери Альберт Өсөрбековду кепке тарттык.

- Оболу бул жакка кантип келип калгандыгыңыз туурасында айта кетсеңиз?

"Достук" машыгуу залы.
"Достук" машыгуу залы.

- Мен 1990-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Талдык айылында туулгам. Жаш кезимден эле спортко кызыкчумун. 9-классты бүткөн соң, Казакстандын Костанай шаарында базарда товар ташып, эки жыл иштедим. Кийин 2007-жылы Екатеринбургга келип, эл кылган жумушта эле иштеп жүрдүм. Спортко кызыккандыктан орустардын залдарына көп барчумун. Бир күнү Талант Жумакасымов деген кыргызстандык машыктыруучуга жолугуп калдым. Ал орустардын залында машыктыруучу болуп иштейт экен. Ошол агайым тарбиялап өстүрүп, мелдештерге алып чыкты. Күндүзү иштеп, кечинде залга барат элем. Ал агайым башка ишти тандап кетип, окуучуларын мага таштап кеткен.

- Канча жылдан бери машыгасыз жана кандай ийгиликтерге жетиштиңиз?

- Жети жылдан бери машыгып келем. Ал аралыкта хапкидо, самбо, эрежесиз эр мушташ боюнча спорт чебери болдум. Андан сырткары Москвага барып эрежесиз мушташтан 2-орунду, Греплинктен 1-орунду алгам. Менден башка Баястан, Бекнур, Алманбет, Асейин деген жигиттерибиз спорттун ар кыл түрүнөн чемпион болду.

- Өз алдыңызча спорт зал ачып калышыңызга эмне түрткү болду?

- Шаардан 400 км. алыстыктагы шаарга кыргыздардан өзүм жалгыз барып мушташка түштүм. Ал жерде көптөгөн улуттар келишти.

Ошондо түшүндүм мага шерик керек экен, өзүм эле эмес башкаларды дагы өстүрүп, ушундай жерлерде жүрсөк болот экен деп. Анан бир залды ижарага алып, атын "Достук" коюп, өз алдыбызча машыгып баштадык. Спорттун эрежесиз мушташ түрү боюнча машыктырып келем. Бирок биздин залга келип, жөн эле көнүгүүлөрдү жасап кетсе да болот. Жалпысынан 8 жаштан 30 жашка чейинки 55 бала машыгат. Көчөдө ичип, чегип, бири-бирин тоноп же кыздардын аркасынан чуркап жүргөндүн ордуна машыгып жүрсө жакшы да.

- Айрымдар машыкканы менен күчтүү спортчу боло албай, же атак даңкка жеткирген ийгилик жаратпагандан кийин бирөөнү тоноп же кримдүйнөгө аралашып кетип жатпайбы. Аларга көз карашыңыз кандай?

- Ооба, мага да ушундай сунуштар түшкөн. Буга макул болгон эмесмин. Андайларга кызыкпайм, тескерисинче урушуп жатышса ажыратып койом.

Менин максатым: өсүп келаткан балдарга туура тарбия берип өстүрүү. Спорт залдын атын “Достук” койгонумдун себеби дагы ушул. Сен түндүктөн, сен түштүктөн деп бөлүнбөй, кыргызбыз деп ынтымакта жүрүшсүн деген тилек. Ал эми бирөөнү тоноп, кримдүйнөсүн аралашкандарды спортчу деп айталбайм. Спортчу болгон күчүн алсыздарга эмес, рингде көрсөтөт. Эгер бирөөнү тоноп, акчасын алса, аны жакшылыкка иштетпейт, кафелерде ичип-жеп эле жок кылат. Баарын кудай карап турат да, бир күн андан да көп жоготууга учурап калышы мүмкүн.

- Башка улуттар биздин атыбыздан чыгып бер деген сунуштар болгон жокпу?

- Мындан эки жыл мурун Өзбекстандын атынан чыгып бер деген. Андан кийин кандайдыр бир суммадагы акчаны убада кылып, орустар тарабынан көп эле сунуштар түштү. Бирок мен макул болбодум. Мындайларга намысым чыдабайт. Каякка барсак да кыргыздын желегин көтөрүп, Кыргызстандын атынан чыгып келебиз. Каражат жагынан көп кыйналабыз, кээде жеке ишкерлер колдоп беришет. Екатеринбургдагы Кыргызстандын башкы консулдугу каражат тарабынан болбосо да, документтерибизди тууралоо жагынан жардам берип турса жакшы болмок. Анткени кээде ортомчулар аркылуу жасаган документтерибиз жасалма болуп чыгып, орустарга уят болуп калган учурлар көп болду.

Бул маекти жана сүрөттөрдү "Азаттыкка" Орусиядагы журтташыбыз Эламан Карымшаков жиберди.

XS
SM
MD
LG