Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

ГЕОГРАФИЯНЫ КИМ МЫКТЫ БИЛЕТ?


АКШнын улуттук география коому жакында атайын сурамжылоо өткөрүп, анын жыйынтыктарын жарыялады. Иликтөө көрсөткөндөй, америкалыктар дүйнөлүк географияны баарынан начар билишет экен. Суралгандардын 20 проценти, мисалы, Суданды азиялык өлкө деп аташкан.

Көптөгөн өлкөлөрдү,алардын ичинде Иракты,Ооганстанды сурамжыга катышкан америкалык жаштардын 63 проценти картадан көрсөтүп бере алган эмес. Ал эми 75 проценти Иран же Израил өңдүү өлкөлөрдүн кайсы континентте жайгашканын айта алышпаган. Алардын элүү проценти атүгүл АКШнын бир катар штаттарын, мисалы,Нью-Йорк менен Огайону картадан так ажарытып бергенге жараган эмес.

2002-жылы өткөрүлгөн иликтөөдө да географиялык маалымдарлыгы жагынан америкалыктар эң арткы орундардын бирин ээлеген.

Мунун себеби эмнеде? Айрымдар айтышкандай,америкалык изоляционизмдин натыйжасы эмеспи?

Улуттук география коомунун вице-президенти Терри Гарсиа мунун себеби эң эле жөнөкөй дейт. АКШда география жөндүү окутулбайт, бу – чоң проблеманын бири. Жетинчи класстан кийин мектептерде география сабак катары киргизилбейт.

Иликтөөнүн авторлору географиялык сабаты жагынан дүйнөнүн башка өлкөлөрү деле жарытарлык абалда эмес дешет. Мисалы Чехияда, Прагада окуп жаткан чет элдик студенттер арасынан көбү бир катар өлкөлөрдү,өзгөчө Ооганстанды картадан таба алышкан эмес. Ооганстанды алар Белоруссия же Казакстан менен чаташтырып алышкан, айрымдары бу өлкө тууралуу дегеле кабары жоктугун айтышкан. Мексикада, Швецияда да жаштар географияга көп кызыкпай турганы аныкталган.

Жакында америкалык Рожер Андерсен адамдардын географиялык сабатын арттыруу максатында интернетте атайын сайт ачып, дүйнө картасы боюнча жарыш-оюн баштаптыр. Бу сайтка күн сайын 20 миңдей киши кирип, картадан аты жазылбаган өлкөлөрдүн атын таап,упай алат экен. Жарышта америкалыктар азыр 149 орунду ээлейт, дейт Андерсен. Ал эми биринчи орунда кыргызстандыктар турат.
XS
SM
MD
LG