Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

АКШ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕРДИ ТАНДООДО


АКШда ошентип, көптөн күтүлгөн “Чоң шейшемби” да келип, 24 штатта республикачылар менен демократтар президенттик шайлоого татыктуу талапкери үчүн добуш берип жатышат. Ички партиялык шайлоонун соңку жыйынтыктары алдыңкы сааттарда белгилүү болоору күтүлүүдө. АКШдагы бу жолку алдын-ала добуш берүү, көпчүлүк эксперттер айткандай, тарыхый окуяга айланып, эл аралык коомчулуктун да көңүлүн өзүнө бурду.

Бишкек убактысы боюнча эртең мененки сегизде маалым болгондой, 24 штаттын көбүндө партиялык ички шайлоо аяктап, добуштар эсептелүүдө.

Азырынча республикачылардан сенатор Жон Маккейн Нью-Йоркто, Нью-Жерси, Коннектикут, Иллинойс, Делавер штаттарында алдыга чыгып, анын атаандаштары Майк Хакаби 2, Мит Ромни 1 штатта жеңгени, Демократтардын талапкери Барак Обама Алабама, Жоржия, Илинойс, Делавер штаттарында, мурдагы 1-айым Хиллари Клинтон өзү сенатор болуп шайланган Нью-Йоркто, дагы 4 штатта алдыда баратканы маалым болду.

Булардын баары алдын-ала жыйынтыктар, соңку натыйжалар дагы бир нече сааттан кийин белгилүү болот. Алдыда калкы көп, саясий салмагы чоң Калифорния штатындагы добуш берүүнүн жыйынтыктары бар. Калифорниядагы Голливуд жылдыздары арасынан Жорж Клуни, Бен Аффлек демократ Обамага колдоо билдирсе, Сильвестр Сталлоне баш болгон улуураак муун республикачыларга добуш берээрин айтышкан.

Эскерте кетсек, бул ирет эки партиянын башкы жыйынында добуш берчү делегаттардын 40%дайы гана аныкталат, республикачылардан бирөө бүгүн өтө чоң артыкчылык алса, партия талапкеринин ысымы маалым болуп калышы мүмкүн, болбосо ноябрдагы президенттик шайлоого катыша турган эки башкы талапкердин ысымы АКШдагы көпчүлүк штаттарда добуш берүү болгондон кийин, жаз-жай айларында гана барып билинет.

Партиялык ички шайлоо АКШнын экономикалык көрсөткүчтөрү төмөндөп, Ирак менен Ооганстандагы согуштук аракеттер уланып жаткан мезгилге туш болгондуктан Американын кезектеги президенти ким болот деген суроону чоң эл аралык маселеге айландырды окшойт.

Айталы, АКШнын мурдагы 1-айымы Хиллари Клинтон дүйнөдөгү ашынган диктатордук режимдерге катаал мамиле жасалышын жактаса, Барак Обама керек болсо Ирандын президенти менен сүйлөшүү өткөрүп, анын кастыгын жумшартууга даяр экенин ачык айткан.

Албетте, бул экөө шайланып калса, Ирактан АКШ аскерлерин чыгарууну тездетээрин убада кылууда, республикачылар Америка толук жеңмейинче аскерлер канча жыл болсо да кала берет деген пикирде.

Андан сырткары республикачылардын өкүлү, азырынча алдыда бараткан сенатор Маккейн Орусия президенти Владимир Путиндин көзүнөн 3 тамга, КГБны гана көрөөрүн айтканы бар.

Бирок баарынан маанилүүсү – АКШдагы президенттик шайлоо чыныгы атаандаштык, талапкерлер арасындагы калыстык, азыркы президент Жорж Буштун саясатын оңдон-солдон тартынбай сынаган чыныгы демократиялык маанайда өтүп жатканы жалпы постсоветтик өлкөлөр үчүн өрнөк болчудай.

Демократтардын өкүлү, сенатор Барак Обаманын жубайы Мишель Обама телеинтервьюда айткандай, саясатка аттанган соң, баскан-турганың, айткан-дегениңдин баары элдин таразасына түшөөрүн эсиңе бекем тутушуң керек. Ага даяр болбой, сын пикирди уккуң келбесе, анда элдин, мамлекеттин тагдырын чечүүчү чоң саясатка аралашпай эле койгонуң оң.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG