Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Араб өлкөлөрү Иран менен алакасын токтотууда


Иран -- Тегерандагы нааразылык акциясы, 3-январь, 2016.
Иран -- Тегерандагы нааразылык акциясы, 3-январь, 2016.

Сауд Арабия Иран менен дипломатиялык мамилесин токтотту. Буга өлкөнүн Тегерандагы элчилигине чабуул жасалышы себеп болду. Сауд Арабияда белгилүү шиит аалымы ал-Нимр өлүм жазасына тартылышына нааразы болгон ирандыктардын бир тобу жекшембиде бул өлкөнүн Тегерандагы элчилигине кол салып, өрт койгон эле. АКШ тараптарды абалды курчутпоого чакырды.

Сауд Арабия Тегерандагы элчилигине чабуул жасалгандан көп узабай, ошол эле 3-январдын кечинде Иран менен дипломатиялык алака-катыш токтотулганын жарыялады. Бул тууралуу Эр-Рияддагы маалымат жыйынында айткан тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр мындан тышкары Ирандын бардык дипломатиялык кызматкерлери 48 саат ичинде өлкөдөн чыгып кетүүгө тийиштигин белгиледи:

- Соңку окуялардан улам биздин падышалык Иран менен дипломатиялык алака-катыштар токтотулганын жарыялайт. Ошондой эле Иран элчилигинин, консулдугунун жана бул өлкөнүн башка тиешелүү кызматкерлерин 48 саат ичинде чыгып кетишин суранабыз. Бул боюнча Иран элчиси чакыртылып, маалымат берилди.

Тегерандагы элчилиги кол салууга кабылгандан көп өтпөй Сауд Арабия Ирандагы бардык дипломатиялык кызматкерлерин чакыртып алды.

Сауд Арабия менен Ирандын алакасы кескин курчуп кетишине террорчулукка айыпталган шиит аалымы Нимр Бакр ал-Нимрди Эр-Рияд 2-январда өлүм жазасына кесиши себеп болду. Исламдын шиит агымын карманган Иранда буга нааразы болгондор митингге чыгып, жаалданган топтун бир бөлүгү Сауд Арабиянын Тегерандагы элчилигине бастырып киришти. Алар элчилик имаратына таш ыргытып, өрт коюуга да үлгүрүштү.

Ирандын руханий лидери аятолла Али Хаменеи белгилүү шиит аалымы Нимр Бакр ал-Нимрди өлүм жазасына тартканы үчүн Сауд Арабияга "кудайдын каары тиет" деп эскертти. Анын пикиринде, шиит аалымы исламдагы сунни багытын карманган сауд бийлигине карата оппозициялык көз карашта болгону үчүн жазаланды. Иран президенти Хасан Роухани элчиликке кол салууну айыптап, ага катышкандарды жазалоого чакырды. Бирок ошол эле кезде Нимр Бакр ал-Нимрди өлүм жазасына тартууну адам укугун бузуу жана ислам баалуулуктарына туура келбеген көрүнүш деп атады.

Саудия тышкы иштер министри ал-Жубейр Иранда тышкы дипломатиялык мекемелерге кол салуу тажрыйбасы бар экенине токтолуп, 1979-жылдагы Тегерандагы АКШ элчилигине жасалган чабуулду да эске сала кетти. Министр Ирандын бардык эл аралык келишимдерди одоно түрдө бузган мындай душмандык саясаты аймактагы коопсуздукту дестаблизациялоого багытталганын айтып, Тегеранды курал-жарак аткезчилиги үчүн айыптады. Ошондой эле Саудия менен аймактагы башка өлкөлөргө террордук топторун жөнөтөт деп айыптап, Эр-Рияд Иранга коопсуздугуна бүлүк салууга жол бербесин эскертти:

- Биз Иран коопсуздугубузга бүлгүн салышына жол бербейбиз. Иран биздин же бизге шериктеш өлкөлөрдүн аймагында террордук уюмдарды түзүп, кандайдыр бир аракет жасоосуна жол койбойбуз жана буга чечкиндүү түрдө каршы турууга толук даярбыз.

Сауд Арабия менен Иран Жакынкы Чыгышта, асыресе Йемен, Бахрейн, Ирак жана Сирия сыяктуу өлкөлөрдө өз таасирин сактоо жана күчөтүү үчүн көптөгөн жылдардан бери өз ара тирешип келет.

Эми шиит аалымы ал-Нимр өлүм жазасына кесилиши бул тирешке май чачкандай болду окшойт. Нимр 2012-жылы камалганга чейин Сауд Арабиядагы шиа азчылыгынын нааразылык акцияларына жетекчилик кылып жүргөн. Ал террочулукка айыпталып камакка алынган эле. Эр-Рияд Нимр менен бирге 46 адамды, анын ичинде үч шиит диссидентин жана ал-Каида террордук тобунун согушкерлерин өлүм жазасына кескен.

Эр-Рияд менен Тегерандын мамилеси кескин курчуп кетишинен улам Америка Кошмо Штаттары тараптарды чыңалган абалды басуу үчүн чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырды.

Дүйшөмбү күнү Сауд Арабиясына улай эле бир катар араб өлкөлөрү тилектештик иретинде Иран менен дипломатиялык алакаларын токтотконун жарыялап киришти. Алгач Бириккен Араб Эмирлиги менен Бахрейн Иран менен байланышын үзөрүн айтса, андан кийин Судан ирандык дипломаттарды өлкөдөн чыгарып, Тегерандагы элчисин чакыртып аларын кабарлады. Мындан башка Кувейт, Йемен, Египет бул окуяда Сауд Арабиясына тилектештигин билдиришти.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG