Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

Саудия мунайдан көз карандылыкты жоюуну көздөйт


Сауд Арабиянын бийлиги апта башында жарыялаган жаңы планда өлкө экономикасынын мунайдан көз карандысыздыгын акырындап жоюу каралган. Реформалар ошондой эле социалдык тармакта да жүргүзүлмөкчү.

25-апрелде ханзада Мохаммад бин Салман сунуш кылган "Vision 2030" планы падышалыктын исламды туткан салттарына ылайык түзүлгөнү менен айрым жаңы идеялар эскичилдерди капа кылып, атүгүл келечекте коомдун багыты боюнча ача пикирлерди жаратышы мүмкүн.

Негизинен стратегия экономиканы мунайдын баасы төмөндөп жаткан шартка ыңгайлаштырууну көздөйт. Башкача айтканда, кара майдан түшкөн кирешеден көз каранды экономиканы диверсификациялоо максаты коюлууда. Программада “Арамко” мамлекеттик мунай компаниясынын 5 пайызын сатуу, андан түшкөн каражаттын жардамы менен 2 триллион долларлык ири инвестициялык фонд түзүү, бир катар объекттерди менчиктештирүү жана айрым субсидияларды кыскартуу каралган.

Ошентип, ханзаданын сөзү менен айткандай, "падышалык ири мунай экспортердон глобалдуу инвестициялык державага айланмакчы".

-
-

Cауд Арабиянын экономикасынын жалпы кирешесинин 80 пайызга жакыны мунай сатуудан түшөт. Кара майдын дүйнөлүк базардагы баасы акыркы эки жылда улам төмөндөп баратканын эске алганда, падышалык, калган өндүрүүчү өлкөлөрдөй эле чоң чыгымдарга учурап жатат. Экспортерлор кризиске каршы чара көрүү аракетинде мунайды казуу көлөмүн чектөөнү да талкуулап, бирок мунаса таба албай келатышат.

Реформалар планына ылайык, падышалык аскердик тармакты өнүктүрүүгө да киришмекчи. Мохаммад бин Салмандын айтымында, өлкө коргонуу жана аскердик жабдууларды сатып алуу боюнча дүйнөдө 3-орунда турганы менен, өзү ички керектөөнүн 2% гана өндүрөт.

“Форбс” басылмасында жарык көргөн макаласында энергетика боюнча адис Эллен Валд "саудиялыктар ал тармакты кантип өнүктүрүшөт болду экен?" деген суроого кызыгып, мунай өндүрүүнү жолго койгондой эле чет өлкөлөрдөн технологияны, жергиликтүүлөрдү үйрөтө турган билимдүү адистерди тартышы мүмкүн деп боолгойт. Бул модель буга чейин жакшы жемиш берип келгендиктен, албетте, андан баш тартуу туура болбосун Саудия жетекчилиги жакшы түшүнөт, - дейт Валд.

Долбоор ошондой эле диний консерватизм үстөмдүк кылган өлкөдө буга чейин талаш-тартыш жаратып келген чөйрөлөрдө да реформаларды ишке ашырууну көздөйт.

Алсак, ханзада аялдарга машина айдоого уруксат бериши керекпи деген көптөн бери талашка түшкөн маселени козгобостон өлкө жетекчилигинин көнүмүш ыкмасына салып, "коом буга даяр эмес, бирок өзгөрүүлөр болушу мүмкүн" деп кыйытты.

Баш калаа Эр-Рияддын жашоочулары пландын бул бөлүгүн кубатташты.

“Аялдар маселеси экономикалык реформалар программасына камтылганы биз күткөн жакшы жышаана. Албетте, саудиялык кыз-келиндерге бир топ мүмкүнчүлүктөр түзүлөт, жумуш орундары көбөйөт”, - дейт Алаа деген жергиликтүү тургун.

Ахмед Хейзай деген студент болсо жаштар жетекчиликтин бул демилгесин колдоого тийиш деп белгилейт:

“Кудай буюрса, бул чечимдер туризм, экономика жана бакубатчылыктын эшигин ачат, жаш саудиялыктарга кызмат өтөйт деп ойлойм. Биз болсо сунуштарды колдоп, ханзада Мохаммад бин Салманга өлкөнү өнүктүрүүгө, чечимдерин ишке ашырууга жардам беришибиз керек”.

Эскичилдердин сынына маданий иш-чараларга, оюн-зоок аянтчаларын көбөйтүүгө, калайыкты спортко тартуу, саудиялыктардын улуттук нарк-насилдерин, мурастарын рекламалоого инвестиция салуу долбоорлору да кабылды.

XS
SM
MD
LG