Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

Саудияда зыяратчылар тебелендиде калды


Ажылык зыяраттын жүрүшү. Мекке, 1-октябрь, 2014-жыл.

Ажылык зыяраттын жүрүшү. Мекке, 1-октябрь, 2014-жыл.

Сауд Арабиянын бийликтери билдиргендей, бүгүн ажылык зыярат учурунда тебелендиде калып өлгөн зыяратчылар саны 717ге жетти. Бул ажылыктын акыркы 25 жылдагы эң ири кырсыгы болду.

Сауд Арабиянын жарандык коопсуздук кызматы ырастагандай, бүгүнкү кырсыктан дагы 800дөн ашуун киши жаракат алды. Кырсык бүгүн Мекеден алыс эмес Мина шаарынын 204-көчөсүндө болду.

Ал жерде бүгүн ажылык зыяраттын соңку жөрөлгөлөрү аткарылып жаткан. Тебелендиде калгандарды алып чыгуу үчүн бийликтер кырсык болгон жерге 220 тез жардам унаасын, 4000дей куткаруучу жиберди.

Ажылык парзын аткаруу үчүн быйыл Сауд Арабияга 164 өлкөдөн 2 миллиондой мусулман жүрөт. Кыргызстандан Саудияга быйыл 3685 зыяратчы да барган.

Тебелендиде калып өлгөн жүздөгөн адамдардын арасында кыргызстандыктар бар же жок экени азырынча белгисиз. "Азаттык" Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчиси Абдуллатип Жумабаев менен байланышты.

Мина шаарынын кырсык болгон 204-көчөсү зыяратчыларды шайтанга таш ыргытуу жөрөлгөсү аткарылуучу жерге алып барган эки кан жолдун бири.

Бул аймактын инфраструктурасын жакшыртуу үчүн сауд бийликтери акыркы жылдары миллиардаган доллар жумшап, көчөлөргө элдин агымын көзөмөлдөөчү технологияларды орноткон.

Өтө көп сандагы адам шайтанды таш менен уруу жөрөлгөсүн бир учурда бир жерде аткаргандыктан бул мурдатан эле ажылык зыяраттын эң кооптуу бөлүгү катары каралып келген.

Ажылыктын шайтанга таш ыргытуу жөрөлгөсү учурунда буга чейинки ири кырсык 2006-жылы январда катталган. Анда тебелендиде 346 зыяратчынын өмүрү кыйылган.

Ага чейинки эң ири кырсык 1990-жылы болгон. Анда Минадагы туннелдин желдетүү системасы иштен чыккандан кийин тебелендиде калып, 1426 зыяратчы мерт болгон.

Бүгүнкү кырсык быйылкы ажылык зыяраттын учурундагы экинчи трагедия.

11-сентябрда Мекедеги Ал-Харам мечитинде кран кулаганда 111 адам каза тапкан.

Бул чоң мечитке бир учурда 2,2 миллионго чейинки сандагы адамды сыйдыруу үчүн Саудия бийлиги анын аянтын 400 миң чарчы метрге жеткирүү боюнча ири курулуш долбоорун ишке ашырып жатат. Мындан улам крандар мечитти айланта орнотулган.

Курулуш иштерине байланыштуу Ал-Харам мечити былтыр зыяратчыларды адаттагыдан аз кабыл алган.

Эр-Рияддын аймактык атаандашы Иран бүгүнкү трагедия үчүн сауд бийликтерин айыптады.

Өлкөнүн ажылык иштер боюнча мекемесинин башчысы Саид Охади мамлекеттик теледен сүйлөгөн учурунда зыяратчылардын өлүмү үчүн саудиялык чиновниктер жооп бериши керектигин белгиледи.

Ирандык расмий өкүлдүн айтымында, кырсыкка Минада зыяратчылар үчүн эки жолдун жабылып, шайтанга таш ыргытуу жөрөлгөсү аткарылуучу жерге алып баруучу үч гана жолдун калышы себеп болгон.

Өзү ажылык зыярат учурунда коопсуздукту камсыздоо маселеси Сауд Арабиянын өзүн эл аралык деңгээлде исламдын коргоочусу жана Меке менен Мединадагы ыйык жайлардын сактоочусу катары көргөзгөн башкаруучу династиясы үчүн өтө сезимтал маселе.

Мамлекеттик "Сауд пресс" агенттиги кабарлагандай, өлкөнүн ички иштер министри, тактынын мураскери Мохаммед бин Наиф кырсыктын себептерин иликтөөнү буюруду. Анын жыйынтыгы падыша Салмандын кароосуна берилип, "тийиштүү чаралар" көрүлөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG