Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:36

Савченко кайрадан ачкачылык жарыялайт


Украиналык депутат, учкуч Надежда Савченко.

Украиналык депутат, учкуч Надежда Савченко.

Украиналык учкуч жана депутат Надежда Савченко 3-августтан баштап ачкачылык жарыялайт. Бул тууралуу ал кечээ өткөргөн маалымат жыйында билдирди. Ал Донбасс жана Орусиянын аймагындагы бардык туткундар бошотулмайынча ачкачылыкты уланта берерин кошумчалады.

Украиналык учкуч, учурда “Батькившина” парламенттик фракциясынын депутаты, эки жылдай Орусияда абакта жаткан Надежда Савченко ачкачылык жарыяларын 2-августта өткөргөн маалымат жыйында жарыя кылды. Ал акцияны Украинанын Донбасс аймагында жана Орусияда камакта жаткан туткундарды бошотуу үчүн бийлик эч кадам жасабай жаткандыгына нааразылык иретинде уюштурууда:

- Мен балдардын бошотулушу үчүн бардык ыкмаларды колдонуп көрдүм, мен тынчтык үчүн күрөштүм. Эми аларга өзүм үчүн күрөшкөндөй күрөшөм. Мен Украина президентине аларды айырбаштап алуунун реалдуу жолдорун сунуштагам. Биз биринчи кадам ташташыбыз керек. Бирок туткунда Петр Алексеевчтин балдары отурган жок да, ал эми силердин балдар менен анын иши жок. Анткени ар бир адам өз баласы үчүн күрөшү зарыл, мен үчүн маселен, сиңдим жана энем күрөштү. Банковая аянтына чыгып президенттен Баш мыйзамдын кепили катары жолугушууну жана отчетту талап кылгыла,- деп айтты Савченко.

Ал жалгыз эле президентти эмес, Украинанын Коргоо министрлигин да “Донбасстагы жаңжалды жайгаруу үчүн натыйжалуу иш алып барган жок” деп кескин сынга алды. Савченконун пикиринде, бийлик Украинанын чыгышында жүрүп жаткан согушту бизнеске айландырып алды:

- Алардын патриоттук ураандары менен калп иштеринен бизге эмне пайда? Донбасс бул саясий согуштан жана Орусиядан эмне пайда көрдү? Болгону өлүм-житим, орусиялык аскерлердин жана жергиликтүү олигархтардын аракеттеринен калган урандылар.

Быйыл май айында орус абагынан бошонгон Надежда Савченко акыркы кезде коомчулукта талаш жараткан демилгелер менен чыгууда. Буга чейин ал Украианын чыгышында өздөрүн “Донецк элдик республикасы” жана “Луганск элдик республикасы” деп атап алган аймактын лидерлери менен түз сүйлөшүү демилгесин көтөргөн эле.

Маалымат жыйында Савченко дагы бир ирет жикчил аймактардын башчылары менен диалог курууга даяр экенин кайталады.

Савченко быйыл май айында абактан бошотулган.

Савченко быйыл май айында абактан бошотулган.

“Батькившина” фракциясынын өкүлдөрү өз партиялашын айла кеткенде ачкачылык жарыялады деген пикирде. Фракциянын төрага орун басары Сергей Соболев “Интерфакс-Украина” агенттигине курган маегинде Савченконун бул билдирүүсүнө украина жана дүйнөлүк коомчулук көңүл буруп, туткундар боюнча абал кыйла коркунучтуу экенин түшүнүшөт деген үмүтун билдирди.

- Фракция анын Орусияда кармаган ачкачылык акцияларын эч качан колдогон эмес. Биз анын ден соолугу баарынан баалуу деп эсептейбиз. Бул ирет анын ачкачылык жарыялашы – бул аргасыздыктын белгиси, -деди Соболев.

Ошону менен бирге Соболев азырынча алардын фракциясы 8-августта президент администрациясынын алдындагы акцияга катышар-катышпастыгын чече электинин кошумчалады.

Орусия камакта жаткан кезде Савченко бир нече жолу ачкачылык жарыялаган. Соңку ирет ал 6-апрелде кургак ачкачылык баштап, эки аптадан кийин токтоткон. Орусиялык журналисттин өлүмүнө катыштыгы бар деп 2014-жылы камалган Савченкону сот 22 жылга эркинен ажыраткан. Ушул жылдын 25-майында ал эки өлкө ортосундагы туткундарды айырбаштоо келишиминин алкагында мекенине кайтып келген.

Украин бийлигинин расмий маалыматы боюнча, Орусиянын абактарында 10 туткун бар, ал эми Украинадан өз алдынчалык жарыялап алган аймактарда жүздөн ашык адам барымтада кармалып турушат. Мурдараак “Донецк элдик республикасы” Киевдин туткундарды айырбаштоо демилгесинен баш тарткан. Киев 50 козголоңчуну 25 украин аскерине алмаштырууну сунуштаган.

Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышта 2014-жылдын апрелинен бери 9400 адам набыт болду.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG