Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Швейцарияда билими күчтүү бекер окуйт


Женева университети.
Женева университети.

Швейцария өкмөтү чет өлкөлүк студенттер жана илим изилдөөчүлөр үчүн жыл сайын гранттык орундарды бөлөт. Ошондой эле бул өлкөдө окуп, билим алуудан тышкары иштеп, акча табуунун да жолдору көп.

Швейцария жыл сайын дүйнөнүн 180 өлкөсүндөгү илим изилдөөчүлөр, магистратурада окууну каалагандар жана бакалавр билимин алууну эңсегендер үчүн стипендияларды жарыялайт. Бул өлкөдөгү 10 жогорку окуу жай жылына докторлук илим изилдөө ишин жазгысы келгендерге мүмкүнчүлүк ачат.

Кабыл алуу август айында башталып, 10-декабрда аяктайт. Факультет же илим тармагы чектелген эмес. Биз бүгүн бул стипендиялардын айрымдарына кайрылабыз жана Женевада эки университеттен билим алган мекендешибиздин кеп-кеңештерин угасыздар. Эң мыкты академиялык жетишкендиктерге ээ жана чет тилдерин жогорку деңгээлде билгендер үчүн Швейцариянын өкмөтү же коомдук фонддору каржылаган төмөндөгүдөй акысыз стипендиялар бар:

ETH же эң мыктылар үчүн стипендия адатта докторлук же магистрлик ишин жактагысы келгендер үчүн иштөө жана окуу мүмкүнчүлүгү менен кошо берилип, билим алууга жана Швейцарияда жашоого кеткен каражаттарынын баары төлөнөт. Базель, Берн, Женева, Лозанна жана Люцерн сыяктуу 10 университетке тапшыра алышат.

Бул стипендияларга татыктуу болуу үчүн кандай шарттар коюлган? Шарттардын башында англис же француз тилдерин мыкты деңгээлде билүү турат. Англис тилинен IELTS же TOEFL сынактарынан жогорку деңгээлде баага татыктуу сертификаты болууга тийиш. Бул тууралуу Женевада эл аралык мамилелер боюнча магистратураны аяктап, ал жакта иштеп жаткан мекендешибиз, белгилүү журналист Чолпон Орозобекова өз тажрыйбаларын ортого салды.

Чолпон Орозобекова
Чолпон Орозобекова

- Менден да сурагандар аябай көп. Кыргызстандык жаштар чет жакта окуганга абдан ынтызар. Эң башкы баскыч катары чет тилин мыкты билүү шарт деп айтаар элем. Англис же француз тилин талап кылышат. Англис тилинен TOEFL же IELTS деген сынактардан сертификат болушу керек. Француз тилинен болсо Delf жанан Dalf деген эки экзамен бар. Ушулардан өтүп, тиешелүү балл алгандан кийин эң биринчи баскычка чыккан болосуз. Мен болсо англис тилден интернет аркылуу IBT деген сынакты тапшырдым. Бул жактагы менчик университеттерде талап бир аз жеңил. Бирок мамлекеттик программаларга өтүү үчүн тил билүү деңгээли өтө жогору болушу керек. Маселен, жеке менчик окуу жайлар англис тилинен 80 баллды талап кылса, күчтүү университеттер 100дөн кем алгандарды кабыл албайт.

Менчик окуу жайга өтүү жеңил болгону менен акысы кымбат

Андан кийинки кадам интернет аркылуу Швейцариядан университетти таап, тийиштүү анкетасын толтуруп, ага кепилдик берүүчү эки адамдын мүнөздөмө каты кошо тиркелет. Ошондой эле стипендия алууну каалагандар өз максатын, Швейцариядан эмнеге билим алып жатканын негиздөөчү жүйө кат да жазылат. Бул өлкөдө менчик окуу жайлар да бар. Аларга тапшыруу да жеңилирээк. Бирок билим алуу акысы кымбат. Маселен, магистратура программасын окуу үчүн бир жылга университеттик келишим акынын орточо баасы эле 30 миң доллар. Ага күнүмдүк жашоого керектелген каражат кошулуп отуруп, бир студенттин билим алуусу 45 миң долларга чейин чыккан учурлар болот. Чолпон Орозобекова менчик окуу жайлар менен мамлекеттик университеттерди мындайча салыштырды:

- Мен эми өзүм окуган эки окуу жай тууралуу айтып өтсөм. Женевада мамлекеттик, бирок эң арзан күчтүү эки окуу жай бар. Женева университети жана Женева эл аралык мамилелер институту. Мен ушул эки окуу жайдын тең магистратурасын аяктадым. Маселен, Женева эл аралык мамилелер институту Кофи Аннан сыяктуу адамдар окуган эң эле абройлуу окуу жайлардын бири. Баасы да арзаныраак. Бир жылга 5 миң доллар. Бирок Женева кымбат шаар экенин эске алганда, бул баа салыштырмалуу арзан болуп калат. Жатакана үчүн айына 500 доллардан 800 долларга чейин акы алышат. Медициналык камсыздоого 150 доллардай талап кылынат, тамак-ашын кошкондо бир студенттин бир айлык чыгымы окуусунан тышкары 1500 доллардай акчага айланат экен да.

Швейцариянын Бишкектеги элчилигинин маалымдоосу боюнча, жылына Кыргызстандан ондогон адамдар бул өлкөдөн илимий ишин жактоо же магистратура үчүн документтерин тапшырып, сынактарга катышат. Кабыл алуу боюнча кошумча маалыматты Швейцариянын чет өлкөлүктөргө багытталган акысыз стипендиялары боюнча атайын расмий веб сайтынан да кеңири таба аласыздар. Бул үчүн аалам тордогу sbfi.admin.ch сайтына баш багыңыздар.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG