Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:43

Биздин ааламдын жаралуу табышмагы жандырылды сымал. Тартылуу күчүнүн толкундары ааламды бир заматта кеңейткен. Аалам дале кеңейип жатат. Австралиядан тыш жерде тирүү жана төлдөгөн кораллдар табылды. Ал эми НАСА астероиддерден коргонуунун жаңы усулдарын иштеп чыгууга киришти.

Өткөн аптада жарыяланган ачылышка чейин илимпоздор биздин аалам 14 миллиард жыл мурдагы Чоң Жарылуудан (Big Bang) кийин жаралган деген теорияны карманып келген. Деген менен, ага чейин эмне болгонун жана ал жарылуунун себептери туңгуюк бойдон кала берүүдө.

Американын улуттук космос агенттиги – НАСАнын акыркы изилдөөлөрүнө таянып, астрономдор биздин аалам жаңы жаралып жатканда тартылуу күчүнүн толкундары күчтүү жарылууга себепкер болгонун айтышууда. Анын натыйжасында, аалам көз ачып-жумганча 100 квадриллиондон ашык мейкиндикке кеңейген жана бул процесс дагы деле токтой элек. Тартылуу күчүнүн толкундары ааламды тарытып да, кеңейтип да турган кудуретке ээ.

Айрым космологдор болсо окшош ааламдар жана анда биздин ааламдын көчүрмөсү бар деген теорияны ортого салышты. Алардын айтымында, биздин аалам кеңейип отуруп башка өзүнө окшош ааламга туташат.

Иракта тирүү коралл табылды

Алыскы учу-кыйырсыз космостон планетабыздагы деңиздерге келсек. Дүйнө жүзү боюнча кораллдардын саны кескин кыскарып, суудагы жашоонун ырааты бузулуп жатканы тууралуу окумуштуулар бир нече жылдан бери коңгуроо кагып келет. Кораллдар күндүн нурун жана жылуулугун өзүнө сиңирип алып, деңиз муздаганда суунун температурасын бир калыпта кармап турган касиети менен таанымал. Аялзаты үчүн кораллдан маржан шуруларын жасап келишет.
Австралиядагы коралл рифтери.

Австралиядагы коралл рифтери.

Австралиянын жээгиндеги Улуу маржан рифи жыл санап азайып жана андагы кораллдар өлүп жаткан маалда деңиз биологдору тирүү кораллдар төлдөгөн жерди табышты. Бул тууралуу Nature журналы кабарлады. Ирактын аймактык сууларында 28 чакырым квадрат аянтты ээлеген кораллдар илим үчүн күтүүсүз ачылыш болду. Аталган тирүү жандыктар Перс булуңунда 34 градус жылуу сууга ылайыкташып, 20 метр тереңдикке чейин жашайт. Буга чейин окумуштуулар ал жакта эч кандай кораллдар жашабайт жана алар үчүн эч кандай шарт жок деп келген. Белгилей кетчү нерсе, буга чейин кораллдар ылай сууда табылган эмес.

Учурда кораллдын сегиз түрү жашаган жерди коргоого алуу демилгесин жергиликтүү экологдор көтөрүп жатышат. Кораллдын 1940-жылдардан бери кездеше элек түрү – Ophicoma erinaceus дагы Иракта бар экени далилденди. Бирок кораллдар колониясына килкилдек денелүү омурткасыз майда суу жандыктары (моллюск) жана деңиз мителери коркунуч туудурат. Аталган организмдер үчүн коралл жей турган азык.

Астероиддерден коргонуунун жаңы усулдары

НАСАнын Asteroid Redirect Mission долбоорунун алкагында астероиддерден коргонуу усулдары иштелип чыгат. Космостук коопсуздук акыркы он жылдан бери кызуу талкууланып жаткан маселелердин бири. Мисалы үстүбүздөгү жылдын алгачкы эки айында эле Жерге беш астероид жакындаган. Американын улуттук космос агенттиги астероиддерден коргонуунун жаңы усулдарын иштеп чыгуу үчүн бардык каалоочуларга кайрылды. Долбоордун алкагында астероиддердин учуу траекториясын так эсептеп чыгуу, тобокелдикти өлчөө, аларды кармоо жана артка кайтаруу же жок кылуу өңдүү усулдар иштелип чыгуусу зарыл.
Астероидди кармап калуучу көлүк-робот (иллюстрация).

Астероидди кармап калуучу көлүк-робот (иллюстрация).

Аны менен бирге космос кемелерин астероиддердин соккусуна туруштук бере ала тургандай ылайыкташтыруу дагы каралат. Asteroid Redirect Mission долбоорунун дагы бир максаты астероиддерди кубалоочу роботту жана астероидге конуучу кемелерди иштеп чыгуу. Космостогу ири таштардын соккусуна туруштук бере алчу кеме иштелип чыккан соң ал кемелер Марска жөнөтүлөт.

Марс демекчи, ага карай Сайдиң Сприң кометасы багыт алды. Учурда ал кометанын учуу багыты жана Кызыл планетанын кайсы жерине түшөөрү эсептелүүдө. Ал иштер аяктаган соң 780 миллион чакырым алыс Марстагы көлүктөр коопсуз жайга жылдырылат. Сайдиң Сприң 19-октябрда Марска жакындаары божомолдонууда.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG