Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:28

Жердин так курагы аныкталды. Ал эми эмираттык дин аалымдарынын айтышынча, планетабыздын кошунасы Марска учуу исламда чоң күнөө. Ал ортодо жаңы төрт галактика топтому жана ааламдагы эң эски жылдыз табылды.

Марска жол акы - 38 доллар

Бириккен Араб Эмираттарынын Ислам иштери боюнча башкы башкармалыгынын фатва бөлүмү Марска учуу адамдын өмүрүнө коркунуч туудурат деген жүйөө менен Кызыл планетага сапарды чоң күнөө деп тапты. Бул тууралуу Дубайда чыккан Khaleej Times гезити жазды.
Бурж Халифа мунарасы, Дубай.

Бурж Халифа мунарасы, Дубай.


Ал эми бул маселе жөнүндө Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов өз оюн мындайча билдирди:

Медицина жана космос адистери Марска учуу адамдын ден-соолугуна жана аң-сезимине зыян келтирип, өмүрүн кыскартат деген далилдүү бүтүмгө келсе гана Марска учууга тыюу салган фатва чыгара алат. Божомолдорго таянып чыгарылган фатваны ислам дүйнөсү кабыл албайт.

Голландиядык Mars One долбоору 2023-жылы Кызыл планетага ыктыярчыларды жөнөтүүнү пландап жатат. Марска учууну каалаган миңдеген адамдардын арасында араб өлкөлөрүнүн 500дөй жараны бар. Долбоор алкагында, адамдар Марста туруктуу жашоого аракет кылып, ал жакта конуш курушат. Алты миллиард доллардан ашык бааланган долбоордун бир өзгөчөлүгү – Марстан Жерге кайтууга такыр кепилдик жок жана бир тарапка жол кире болгону 38 доллар.
Жердин кошунасы – Марс.

Жердин кошунасы – Марс.


Эмираттык фатва бөлүмүнүн айтымында, Марска барууга үгүттөөгө жана ал жакка сапарды уюштурууга ислам тарабынан тыюу салынган. Жердин коңшу планетасына бир тарапка учуу адам өмүрүнө кооптуу жана ислам мындай кадамды колдой албайт. "Марска барган адам ал жакта толук кандуу өмүр сүрө албайт жана өлүмгө дуушар болуу коркунучу бар", – деп өз чечимин негиздеди эмираттык дин аалымдары.

Фатва бөлүмүнүн мүчөсү, профессор Фарук Хамада айткандай, 560 миллион чакырым алыстыктагы планетага баруу өзүн өзү өлтүрүүгө барабар жана мындай кадамдар Куранда күнөө деп табылган. Дин аалымдарынын айтымында, пенделер Марска барса да Кудайдын сотунан кача албайт.

Буга удаа профессор Мохаммед ал-Ашмави Марска барууну өз өмүрүнө кол салууга теңеди. Ал эми Амена мечитинин имамы Мохаммед Юсуф "Адамдын өмүрүнө Аллах ээлик кылат" деп билдирди.

Белгилей кетчү жагдай, алгебра, астрономия, медицина, физика жана химия илимдеринин түптөлүшүнө мусулман аалымдары олуттуу салым кошкон. Астрономия Европага XIII кылымда гана келген. Ал эми ислам дүйнөсүндө астрономия илими VIII кылымда гүлдөп, алгачкы жылдызканалар (обсерватория) ачылып, Андромеда галактикасы табылган.

Чубак ажы Жалилов.

Чубак ажы Жалилов.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалиловдун айтымында, башка диндерге салыштырмалуу исламдын илимий ачылыштарга көз карашы дайым түз болуп келген. Мисал катары ал философ жана дарыгер Авиценна, астроном Улугбек, математик ал-Фараби жана башка так илимдердин дөө-шаалары ислам динин тутутунгандар болгонун белгиледи.

Аллах адамды Жерге кожоюн кылып жөнөткөн соң, [космостук] коңшулары жөнүндө билүүнү шарият эч четке какпайт. Ааламды изилдөөгө ислам каршы эмес.


Эң эски жылдыз жана миңдеген галактикалар

Жерден 10 миллиард жарык жыл алыста илимге белгисиз төрт галактика топтору табылды. Ар бир галактика топтомунда миңден ашык галактика бар. Бул тууралуу Monthly Notices of the Royal Astronomical Society журналы Лондондогу Империал колледжинин астрономдоруна таянып жазды. Белгисиз галактика топторун илимпоздор Гершель жана Планк космодүрбүлөрүн (телескоп) колдонуу менен табышкан. Астрономдордун айтымында, бул сыяктуу эки миңден ашуун галактика топтору болушу мүмкүн.

Ааламдагы эң эски жылдыз табылды. Nature журналы маалымдагандай, эң байыркы жылдызды австралиялык астрономдор табышты. Ал күндүн курагы 13.6 миллиард жыл жана Кичине суу жылан топ жылдызында орун алган.

Саманчынын жолунда жайгашкан жылдыз Жерден 60 квадрильон чакырым (60 000 000 000 000 километр) алыс. SM0313 жылдызынын курагы анын жарык спектрин өлчөө аркылуу аныкталды жана аны башка планеталар айланбайт.

Юпитер жана Ганимед.

Юпитер жана Ганимед.

Ал эми итальян окумуштуусу Галилео Галилей 404 жыл мурун тапкан Юпитердин жандоочусу – Ганимед планетасынын геологиялык картасы түзүлдү. Ганимед – Күн системасындагы эң чоң табигый жандоочу. Аталган планетаны тыкыр изилдөө үчүн Ганимедге 2020-жылы көлүк-робот жөнөтүлөт.

Эми кайра Жерге кайтып келели. Американын улуттук география коому планетабыздын так курагын аныктады. Жер – 4 миллиард 567 миллион жыл мурда жаралган, ал эми 200 миллион жылдан кийин суунун элементтери пайда болгон. Планетабыз Күндү 4 миллиард 53 миллион жыл мурда айлана баштаган. Жердин сырткы катмары болсо 4 миллиард 28 миллион жыл мурда пайда боло баштаган. Мухиттер (океан) 4 миллиард, ал эми 500 миллион жылдан соң чөлкөмдөр (материк) жарала баштаган.

  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG