Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

Муз катмары жукарууда


Барре тоосундагы Шелдон мөңгүсү, Аделаида аралы, Антарктика.
Барре тоосундагы Шелдон мөңгүсү, Аделаида аралы, Антарктика.

Окумуштуулар жер жүзүндө аба ырайы өзгөрүп, муз катмары азайып жатканына кабатыр. Планетадагы эң чоң арал – Гренландиянын түндүгүндөгү түбөлүктүү муздун эрий баштаганы илимпоздорго күтүүсүз болду.

Метеорологдор Жердин аба ырайы жана планетанын атмосферасы адаттан тыш өзгөрүүлөргө дуушар болгонун кабарлашты. Стратосферадагы озон катмарына терс таасирин тийгизген хлорфторлуу көмүртек жана гидрохлор фторлуу көмүртек өңдүү 13 түрдүү газдын көлөмү 74 миң тоннага жетти. Аталган газдар мындан элүү жыл мурда атмосферада чогула баштаган. Бул тууралуу Nature Geoscience журналы коңгуроо какты.

Аны менен бирге планетадагы эң чоң арал Гренландиянын түбөлүктүү муз катмары тездик менен эрий баштаганын даниялык окумуштуулар кабарлашты. Гренландиянын түбөлүктүү муз аймагы болуп эсептелген чоң аянты акырындап эрип баратканы маалым болду. Пермафросттун эрип баштаганы дүйнөлүк мухиттердин деңгээлин жогорулатып, ири суу каптоолорго алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу Scientific American журналы Даниянын Технология университетине шилтеме жасап жазды.

Журнал климаттын өзгөрүшүнүн божомолдору көбүнесе Түштүк уюлга ыкталып жасалганын жазат. Алардын көбү Гренландиянын түндүк-чыгышындагы түбөлүктүү муз аянттарын эске албайт. Изилдөөнүн автору Шавкат Хан бул кабатырлануу жараткан жагдай экенин белгиледи. Анын айтымында, аталган аралда муздун эриши күчөдү жана ал канча жылга созулаары белгисиз.

Гренландиядагы айсберг.
Гренландиядагы айсберг.
Гренландиянын түндүк-чыгышы 2003-жылга чейин дүйнөдөгү эң туруктуу муз аймагы катары белгилүү болчу. Акыркы жылдарда аралдагы Захария Исстром мөңгүсүнүн көлөмү 20 чакырымга азайып, 10 гигатоннага чейин муз эриген. Демек, Гренландиядан Фрам кысыгы аркылуу Атлантика мухитине жылына 20 гигатоннага чейин муз кетүүдө. Эриген муздун көлөмү жана эрүү ылдамдыгы токтой элек. Ал эми түштүк-батыштагы Йакобхавн Исбрэ мөңгүсүнүн көлөмү 150 жылда 35 чакырымга азайган.

Даниялык илимпоздордун айтымында, Захария Исстром аймагындагы муз өтө суук аба ырайынан улам эрибейт деп ал жакка көңүл бурулбай келген. Бир кылым ичинде дүйнөлүк мухиттердин деңгээли 30 сантиметрден 90 сантиметрге чейин көтөрүлүшү ыктымал деген божомолдор Климаттын өзгөрүүсү боюнча өкмөт аралык кеңеш тарабынан айтылып жүрөт. Деген менен, океандардын агымы менен суунун температурасын божомолдоо татаал.

Сыйкырдуу көз айнектер

Мезгил өткөн сайын технология адам баласынын жашоосунун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Аны менен бирге, жаңы заманбап буюмдардын көлөмү кичирейип, күнүмдүк турмушта колдонууга ыңгайлашып баратат. Технологиянын андай жетишкендиктеринин бири – smart eyewear, (смарт-гласс), же акылдуу көз айнектер. Былтыр Google Glass көз айнеги кардарлардын чоң кызыгуусун жараткан. Мындай смарт-гласстын линзасынан кино же сүрөт көрүүгө, жол издөөгө же каалаган убакытта маалымат табууга болот.

Жарым жылдай "Гугл гласс" дүйнөлүк технология базарында жалгыз акылдуу көз айнек болчу. Эми "Гугл гласс" өңдүү үч смарт-гласс пайда болду. SeeThru, Kopin жана Sony SmartEyeglass деген акылдуу көз айнектер "Гуглга" татыктуу атаандаштар. Албетте, ар бир смарт-гласстын өз артыкчылыктары менен кемчиликтери, өзгөчөлүктөрү бар. Анда эмесе, аталган көз айнектерге учкай токтоло кетсек.
"Гуглдун" негиздөөчүсү Сергей Брин "Гугл глассты" көрсөтүүдө.
"Гуглдун" негиздөөчүсү Сергей Брин "Гугл глассты" көрсөтүүдө.

SeeThru – Франциянын Laster Technologies компаниясы иштеп чыккан смарт-гласстын алгачкы үлгүсү. "СиТрунун" линзасы "Гуглдукунан" эки эсе чоң. Бул тууралуу Digital Trends технология порталы маалымдады. "Гуглдан" айырмаланып, маалыматтар линзанын оң тарабында эмес, дал ортосунда көрсөтүлөт. Мисалы, француздардын акылдуу көз айнеги аны кийген киши карап турган тарыхый имарат тууралуу маалыматтарды линзада көрсөтөт. Же кайык айдап баратсаңыз, "СиТру" шамалдын ылдамдыгын жана багытын, кайык турган жердин тереңдигин, аба ырайын жана маршрутту аныктай алат. Аталган смарт-гласстын эң арзан баасы – 350 доллар.

Kopin акылдуу көз айнегинин өзгөчөлүгү – ал чөнтөк телефондогу маалыматты bluetooth аркылуу линзасында көрсөтөт. TechDigest порталы жазгандай, "Гуглдан" айырмаланып, ал маалыматты "жүгүртмө жазуу" түрүндө көрсөтөт. "Копин" смарт-глассынын колдонуучусу ага үнүн чыгарып буйрук бере алат. Мисалы, "Твиттерди ач" десеңиз, ал аны ачып, андагы маалыматты сап-сап кылып көрсөтөт. Бул акылдуу көз айнек али толугу менен иштелип чыга элек.

Sony SmartEyeglass алгачкы үлгүсүн тартуулады. Бул смарт-гласс кыймылдап жүргөн киши тууралуу маалыматы дароо бере алганы менен айырмаланат. Мисалы, футбол мелдеши маалында көз айнекчен адам караган футболчунун аты, таймаштагы упай жана башка маалыматтарды өзү эле туюп, линзага чыгарат. "Сони СмартАйгласс" зымсыз байланыш аркылуу иштейт. Бул акылдуу көз айнекте ошондой эле камера, компас, жарыкты көзөмөлдөө, акселерометр, гироскоп жана башка функциялар бар. Аталган смарт-гласс Андроид платформасы аркылуу иштейт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG