Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:52

Космостон деңиз-океандар табылды


Юпитердин Жерден 628 миллион чакырым алыс жандоочусу Европада атырылып чыккан буу.

Юпитердин Жерден 628 миллион чакырым алыс жандоочусу Европада атырылып чыккан буу.

Илимпоздор арасында космос мейкиндигиндеги Жерден башка планеталарда суу бар деген божомолдор айтылып келет. Буга суунун суюк, муз жана буу түрүндөгү белгилеринин табылганы негиз берет.

Илимпоздор 12-декабрда эки чоң ачылыш жасашты. Юпитердин Европа жана Сатурндун Титан жандоочторунда көл, деңиз ал тургай океандар табылганын Американын улуттук космос агенттиги – НАСА кабарлады.

Сатурн жандоочунда углеводго бай "деңиздер" табылды

Шакекчелери менен таанымал газ гигантын Сатурн планетасынын 16 табигый жандоочусу аныктаган. Алардын эң чоңу - Титан. Буга чейин окумуштуулар Күн системасындагы Жерден башка ушул Титанда гана суу кездешет, андыктан жашоонун эң жөнөкөй белгилери бар деп божомолдошкон.

Бул жандоочту 1655-жылы белгилүү голландиялык астроном Христиан Гүйгенс тапкан. Азыр Титанда кадимки көл менен дарыялар бары айтылууда. Биздин планета жаралгандагы шарттар азыр Титанда жана анын жер астындагы көлмөлөрүндө жашоонун жөнөкөй белгилери бар деп божомолдонот.

Сатурндун табигый жандоочусу Титан.

Сатурндун табигый жандоочусу Титан.

​Дал ошол Титанда НАСАнын "Кассини" (Cassini) телескобу пропиленди тапкан. Пропилен – биз күнүмдүк жашообузда колдонгон желим (пластмасса) буюмдарды жасоодо кеңири колдонулат. Азыркыга чейин пропилен Жерде гана табылган. "Астрофизика" журналы бул ачылыш Титандын "химиялык зоопарк" атыккан атмосферасын терең изилдегенге чоң көмөк көрсөтөт деп жазган.

Ал эми 12-декабрдагы НАСА жасаган ачылыш – Титандагы суюктуктун 97% жандоочтун түндүк жарым шарында ижайгашканын аныктады. “Кассини” космодүрбүсү жана Титанды изилдеген "Гүйгенс" (Huygens) космос көлүгүнүн жардамы менен Титандын түндүк жарым шарынын так картасы түзүлдү. Белгилүү голландиялык астроном Христиан Гүйгенстин атын алып жүргөн аппарат 2005-жылы Титанга ийгиликтүү кондурулган.

Сатурндун түндүк уюлу.

Сатурндун түндүк уюлу.

​Жердин жандоочусу Айдан дээрлик 1.5 эсе чоң Титандын суюк углеводородго (CH4, C5H10 дон C17H34 чейин) бай эң чоң Кракен жана экинчи ири Лигея деңиздери тыкыр изилденди. Жыйынтыгында Титандагы көлдөр жана деңиздердин 97% түндүк жарым шарда 1800 чакырымга чейин аянтты ээлеп жатат. НАСАнын окумуштуулары деңиздер орун алган аймактын геологиялык шарты жана жер кыртышы суюктуктун пайда болуусуна өбөлгө түзөрүн айтышты.

Жерден 1.27 миллиард чакырым алыс Титандагы метан жамгыр жана чагылган.

Жерден 1.27 миллиард чакырым алыс Титандагы метан жамгыр жана чагылган.

Аны менен бирге астрономдор Титандагы Лигея деңизинин тереңдигин аныктаганга жетишти. Лигея 170 метр терең жана түзүлүшү өтө тунук болгондуктан, ал деңизди изилдөө оңойго түштү. Акыркы изилдөөлөр Титандагы суюк углеводороддун жалпы көлөмү 90003 чакырым экенин тастыктады.

Белгилей кетчү нерсе, Титанда Жердегидей жамгыр, чагылган, куюн болуп турат, жанар тоолор атылып, жыл мезгилдери алмашат. Андан сырткары, Сатурндун эң чоң жандоочусу Титанда жашоо түптөлүшүнө зарыл аминокычкылдар табылган. Титан Жер планетасынан 1.27 миллиард чакырым алыс.


Юпитердин короосунда суунун буусу жана муз астында океан бар


Юпитердин табигый жандоочусу Европа.

Юпитердин табигый жандоочусу Европа.

Ал эми Күн системасындагы эң чоң планета – Юпитердин илимге белгилүү 67 табигый жандоочусу бар. Алардын бири Жерден 628 миллион чакырым алыс Европа жандоочусунда суунун буусу тастыкталды. "Хаббл" (Hubble) космодүрбүсү чогулткан маалыматтар буга далил. Бул тууралуу НАСА "Сайенс экспресс" (Science Express) онлайн журналына таянып 12-декабрда кабарлады. Европанын түштүк уюлунда атырылып чыккан буу 201 чакырымга көтөрүлөт. Мурда окумуштуулар Европанын муз катмарынын алдынан океанды табышкан.

Илимпоздор Европанын муз катмарынын алдындагы мухит менен буунун байланышын аныктай элек. Эгерде океан менен газдын өз ара байланышы болсо, анда Европаны изилдөөдө жана анын химиялык түзүлүшүн аныктоодо калың музду бургулоонун зарылдыгы жок. Юпитердин Энцелад жандоочусунда атырылган буу 2005-жылы аныкталганы менен, ал так изилденген эмес.

Күн системасындагы Юпитер Жерден 11 эсе чоң.

Күн системасындагы Юпитер Жерден 11 эсе чоң.

Европанын түштүк уюлундагы шоолада (полярное сияние) суу молекуласынын издери байкалган. "Кассини" тарткан сүрөттөрдө суунун газы Европанын жаракаларынан чыкканы көрүнөт. Буунун күчөшү жандоочтун орбиталык точкасына байланыштуу. Окумуштуулар буу Европа Юпитерден алыстаганда күчөгөнүн аныкташты. Юпитердин тартылуу күчүнөн Европадагы жаракалар кеңейүүгө жана кысылууга дуушар болот.


Коркуу сезими муундан муунга өтөт


Гендерди камтыган ДНК.

Гендерди камтыган ДНК.


АКШнын Жоржия штатындагы Эмори университетинин окумуштуулары сүт эмүүчүлөрдө коркуу сезими муундан муунга өтөөрүн далилдешти. Бул тууралуу "Нейче Нюросайенс" (Nature Neuroscience) журналы кабарлады. Чычканга жасалган эксперимент – алардын гиластын жытынан коркуу сезими үч муундан кийинкисине дагы өткөнү аныктады.

Эпигенетика – гендердин өзгөрүшүн изилдеген илимдин жаңы тармагы. Мурда окумуштуулар сүт эмүүчү, анын ичинде адамдар жаңы туулганда таптакыр коркуу сезими жок болуп төрөлөт деп эсептешкен. Эпигенетиктер аныктагандай, эмоциалык жана психологиялык травмалар, коркуу сезимдери ДНКдагы генетикалык маркерлер, же ген белгилери, аркылуу тукум кууйт. Эпигенетикалык мурас муундан муунга молекулярдык деңгээлде өтөт. Бул гипотеза геномдорду окууда далилденди.

Жашоодо ар кандай жыттар, кырдаалдар, сезимдер жана психоэмоциялык травмалар химиялык реакция жаратат. Ал реакциялар өз издерин геномдорго өткөрүп, ДНКнын молекулярдык түзүлүшүнө таасир тийгизет. Дал ошонун негизинде, кээ бир жыттар – мисалы, өрттүн жыты дароо кандайдыр бир чочулоо реакциясын туудурат.

ДНКдагы геликс генинин түзүлүшү.

ДНКдагы геликс генинин түзүлүшү.

Бул генетикалык маркерлер бир муун менен жоголуп кетет деген жүйөөлөрдү төгүндөдү. Кээ бир маркерлер шартка ылайыкташып, кубулуп турат. Канткен менен, акыркы он жылда өркүндөгөн эпигенетика талаштуу илимдерин бири. ДНК өзгөрбөгөнү менен, анын эки метрлик иретин толугу менен так окуп чыгуу өтө кыйын.

Адамдарда коркуу сезими бери дегенде үч муунга өтөөрү анык. Бирок адамзат башынан өткөргөн окуялар анын генине жана келечек муунга берилерин изилдөөнүн эң азы 80 жылга созулат. Ошондуктан коркуу сезими адам баласында үчүнчү муундан ары өтөөр-өтпөсү али белгисиз.

  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG