Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:10

Түнкү асман. "Саманчынын жолундагы" үркөр жылдыздардын арасында "кара туңгуюк" турат. "Кара туңгуюк башка ааламдын" дарбазасыбы, ага жутулган жылдыздар эмне болот?

Стивен Хокинг, Малкольм Перри жана Эндрю Строминжер аалам коюнундагы "кара туңгуюкта" маалыматтын жоголуусунун сырын табышты. Бул проблеманы илимпоздор физика үчүн абдан маанилүү деп эсептешет. Себеби, дүйнөнүн детерминациялуулугу же өткөн учур, азыркы учур жана болочок бири-бирине кандай таасир эткени менен байланышкан. Бул илимий ачылыштын чоо-жайын тактап берүү өтүнүчү менен физика-математика илимдеринин доктору, Кыргыз улуттук ИА мүчө-корреспонденти Өзгөрүш Шаршекеевге кайрылдык.

"Азаттык": Физик-теоретик Стивен Хокинг башындагы үч окумуштуу "кара туңгуюктун" сырын тапканы январь айында маалымдалды. Мен ошол кабарды бир нече жолу окуп чыгып деле ачылыш эмне жөнүндө экенин жакшы түшүнө албадым. Бул эмне деген табышмак экенин физик катары жөнөкөйлөштүрүп түшүндүрүп берсеңиз?

Профессор Өзгөрүш Шаршекеев: Аны орусча “черная дыра” дейт. Кыргызчa “кара тешик” деп жүрүшөт. Ал тешик эмес, ошону “туюк” же “туңгуюк” деп койсок бир топ жакын болот. Бул өзү массасы өтө чоң жана бир чекитке чогулган. Ичи боштук же көңдөй эмес. Күндүн массасынан болжол менен үч эсе чоңураак жылдыздар (Күн деле жылдыз да) "кара туңгуюкка" туш келет деген теория бар.

Түнкү асмандагы "кара туңгуюк".

Түнкү асмандагы "кара туңгуюк".

Ал теорияда "кара туңгуюк" мындай болот: бардык сигнaл болгон массанын баары борборго карай жарыктын ылдамдыгынан чоң ылдамдыкта умтулат. Бул өзү Щварцшильд деген физиктин метрикасынын негизинде математикалык жол менен далилденген нерсе. "Кара туңгуюктан" сыртына бир да сигнал чыкпайт. Баары борборго умтулгандыктан эч нерсе көрүнбөйт. Ошол үчүн "кара туңгуюк" деп аталып калган. Мындай атоону америкалык физик-теоретик Жон Арчибальд киргизген. Англиянын Кэмбридж университетинин кафедра башчысы Стивен Хокинг "кара туңгуюк" өзүнөн сигналды сыртка чыгарат деген ачылыш жасаптыр. Ага ылайык, "кара туңгуюкка" башка телолор да кошулса, ошол телолор кийин температура жогору болуп кеткенге байланыштуу "кара туңгуюктан" бөлүнүп чыгат, сигнал тарайт деген жаңы сунуш киргизди. Экинчиден, Хокинг "кара туңгуюк" ээ болгон телолор массадан да көз каранды деген жыйынтык чыгарыптыр. Эч кандай башка параметрлер жок. Ошондой эле телонун массасы канчалык чоң болсо, ал ошончолук күчтүү болот деген жаңылык киргизди.

"Азаттык": Эгер Хокингдин азыркы теориясы ырас болсо, башка да аалам бар деген бүтүмгө жол ачабы? Же андай эмеспи?

Профессор Өзгөрүш Шаршекеев: Аалам өзү бирөө эле. Ааламда массалар бар да. Жылдыздар жана башка өзүнөн жарык чыгарбаган жана жарык кабыл албаган телолор бар. Аларды “темная масса” (караңгы масса), “темная энергия” (караңгы энергия) деп жүрбөйбү. 2003-жылдан тарта илимде караңгы масса, караңгы энергия деген жаңы багыт башталды. 2011-жылга чейин Хокингдин аныктамасы боюнча aалам ылдамдык менен эле кеңейет деп келген. Бирок 2011-жылдан бери карай Американын үч окумуштуусу Сол Перлмуттер, Брайан П. Шмидт жана Адам Рисс жасаган ачылыштардын негизинде аалам ылдамдануу менен кеңейе баштады деп кабыл алынып, азыр анын эмне үчүн ылдамдануу менен кеңейгени жөнүндө изилдөөлөр жүрүүдө.

Ааламдын түзүлүшүнө арналган Женевадагы көргөзмө. 13-декабрь 2011

Ааламдын түзүлүшүнө арналган Женевадагы көргөзмө. 13-декабрь 2011

Айрым божомолдор да пайда болду. Аалам бизге көрүнбөгөн өзүнөн­­­­­­ жарык чыгарбаган асман телолорунун гравитициялык талаасынын күчү астында кеңейе баштады деген. Анын чын-төгүнүн Швейцария менен Франциянын чек арасындагы Чоң адрондук коллайдерде иликтешүүдө. Анын өтө чоң ылдамдаткычы бар. Ал 1100 метр тереңде казылып жасалган, радиусу 20 километр. Бирок азырынча жооп жок.

"Азаттык": Хокинг интервьюда "кара туңгуюкка" кирген бардык информация (мен информация деп асман коюнундагы жылдыздарды, физикалык телолорду жана айланып жүргөн заттарды түшүнөм) алар жоголот дейт. Эмне алар башка бир формага өтүп кетеби? Же "кара туңгуюктан" башка жакка чыгып кетеби?

Профессор Өзгөрүш Шаршекеев: Ал мындай да. Мен жана айтпадымбы: алар "кара туңгуюктан" эч жакка чыкпайт, кайра жарык бөлбөйт. Ошо боюнча калып калат деген теория бар болчу. Хокинг жок, андай эмес, алар өздөрү нур чача баштайт. Температура белгилүү бир точкага жеткенде ошолорду кайра өзүнөн чыгарат, деген жаңылык киргизип жатат.

"Азаттык": Ушул жаңы теориянын кандай практикалык мааниси бар?

Профессор Өзгөрүш Шаршекеев: Бул таза фундаменталдык илим. Бул биз жашоодо колдоно турган теория эмес. Ааламдагы, асмандагы кара телонун бөлгөн нурун биз пайдалана албайбыз. Бул ааламда болчу физикалык кубулуштар. Алардын болжолу. Аны колдоно коёбуз деген жарабайт. Антип айтыш шылдың болот.

КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиӊирген кызматкери, профессор Өзгөрүш Шаршекеев 1959-жылдан бери Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде эмгектенет.

"Кара туңгуюк" тууралуу орус тилиндеги видео

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG