Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:01

Кытайлар Айга барат, орустар база курат


Жердин Айдан чыгышы, Жымжырт деңизи ай көлү (лунное море). Сүрөттү Аполло–11 кемесиндеги астронавт Майкл Коллинз тарткан, 16-июль 1969-ж.

Жердин Айдан чыгышы, Жымжырт деңизи ай көлү (лунное море). Сүрөттү Аполло–11 кемесиндеги астронавт Майкл Коллинз тарткан, 16-июль 1969-ж.

Кыргызстанда ИСОН кометасын декабрдан январдын ортосуна чейин телескопсуз көрсө болот. Кытай 2025-жылы Айга адамдарды учурууну көздөп жатат. Кытайлык окумуштуулардын космостук аппараты Айга 1-декабрда сапар тартат. Орусия болсо 2037-жылга чейин Айда илимий базаны курууну пландап жатат. Ал ортодо Европанын космодүрбүсү Саманчынын жолунун алгачкы үч мерчемдүү картасын түзөт.

Кыргыз окумуштууларынын жардамы менен 37 жыл мурда "Луна–24" аппараты Айга конгондон бери Жердин табигый жандоочусуна эч бир өлкөнүн луноходу конгон эмес.

Бишкектеги Машине куруу институтунун адистери 1960–1970-жылдары Советтер союзунун Айды изилдөө программасынын алкагында космоско учурулчу кемелердин, ракеталардын жана чөлмөктөрдүн тетиктерин ойлоп таап жасашкан. Кыргыз илимпоздору иштеп чыккан бургулоо аспабы планетабызга эки метрдей Айдын топурагын ала келген.

"Луна–24" Айдын Кризис деңизи кратерине 1976-жылдын 22-августунда конгон. Ал эми Айга учурулган эң алгачкы аппарат "Луноход–1" 1970-жылдын 17-ноябрында Көк желе булуңу кратерине ийгиликтүү конгон. Дал ушул жерге 37 жылдан соң эми Кытайдын да көлүгү конот. Коңшулаш Кытайдын улуттук космос башкармалыгынын "Чаң-ы–3" аппараты 1-декабрда сапарга аттанат.
Кытайдын "Чаң-ы–3" Айга кончу көлүгүнүн макети, Кытай эл аралык өндүрүш жармаңкеси, Шаңхай, Кытай, 5-ноябрь 2013-ж.

Кытайдын "Чаң-ы–3" Айга кончу көлүгүнүн макети, Кытай эл аралык өндүрүш жармаңкеси, Шаңхай, Кытай, 5-ноябрь 2013-ж.


Алты дөңгөлөктүү луноход Айга ийгиликтүү конуп жакшы натыйжа берсе, коңшу Кытай Жердин табигый жандоочусуна адамдарды 2025-жылы учурат. Жалпысынан Айга болгону 12 адам барган – баары америкалыктар. Биринчиси - 1969-жылы Нил Армстроң жана акыркысы - 1972-жылы Южин Сернан.

Кытайдын "Чаң-ы–3" көлүгү Айдагы биринчи космодүрбүнү орнотот. Луноходдун салмагы 120 килограмм жана күн кубаттуулугун сарптаган эки батарея менен иштейт. Кытайдын көлүгү Айды үч ай бою навигациялык жана панорамалык камералар, альфа-рентген жана инфракызыл спектрометрлер менен изилдеп чыгат. Кытай уламыштарындагы Айдын кудайынын атын алып жүргөн аппарат радиолокатордун жардамы менен Айдын 30 метр тереңдиктеги кыртышын да изилдейт.

Орусия болсо 2037-жылга чейин Айдын түштүк уюлундагы Богуславский кратеринде роботтоштурулган "Лунный полигон" илимий базасын курат. Эки жылдан кийин Орусия "Луна-Глоб", 2018–2019-жылдары эки "Луна-Ресурс" жана 2020-жылы "Луна-Грунт" көлүктөрүн учурат. Ал эми Индия 2017-жылы "Чандраян–2" аппаратын Айга кондурууну пландап жатат.

Сыр каткан Саманчынын жолуна сапар

Европа космос агенттигинин "Гайа" космодүрбүсү.

Европа космос агенттигинин "Гайа" космодүрбүсү.

Ал эми Европа космос агенттиги 20-декабрда 650 миллион евролук "Гайа" телескобун учурат. Бул космодүрбү галактикабыздын тарыхта алгачкы жолу үч-мерчемдүү (3D) бир миллиард пикселдүү сүрөттөрүн тартат.

"Гайа" Саманчынын жолунун болгону бир пайызын гана изилдейт. Ал бир пайызда – миллиарддан ашык жылдыз, жашоого шарты бар 10 миңдей экзопланета жана көптөгөн астероид, кометалар бар. Космодүрбү планетабыздан 1.5 миллион чакырым бийиктикте жайгашып, Күндү бир жылда айланат. Бул илимий изилдөө беш жылга созулат.

"Гайа" телескобу ар бир жылдызды 70 жолу сүрөткө тартып, Саманчынын жолунун пайда болуу тарыхын, өнүгүшүн, галактикабызды байырлаган планеталардын өмүр таржымалын, алардын так кыймылын, жарыгын жана ылдамдыгын изилдейт. Илимпоздор бул космодүрбү Саманчынын жолундагы космостук объекттердин жайгашкан жерлерин так аныктоого жана галактикабызды алдыда эмне күтүп турат деген суроолорго жооп бергенге өбөлгө түзөт деп үмүттөнүшүүдө.

Комета Жерден жакын өтөт

Сүрөттүн ортосунда МакНот кометасы (С/2006 Р1), асманда үч галактика, Патагония тоо-кыркалары, Аргентина, 10-январь 2007-ж.

Сүрөттүн ортосунда МакНот кометасы (С/2006 Р1), асманда үч галактика, Патагония тоо-кыркалары, Аргентина, 10-январь 2007-ж.

​Узун куйруктуу ИСОН кометасы 28-ноябрда Күндөн 1.8 миллион чакырым аралыкта учуп өтөт. Эгер кометаны Күн эритпесе, аны планетабызда күндүзү телескопсуз кадимкидей эле көрүүгө болот. Бул комета 2013-жылдын Ири кометасы наамына талапкер. Аны былтыр 21-сентябрда беларустук Виталий Невский жана орусиялык Артём Новичонок тапкан. Алар ачкан С/2012 S1 номериндеги узун өмүрлүү Күн системасындагы комета 10 космодүрбүнүн көзүнө илинген.

ИСОН кометасы Кыргызстандын тоолуу аймактарында декабрдын башынан 16-январга чейин түнкүсүн жана күндүзү көрүнөт. Ал эми 26-декабрда комета Жерден 60 миллион чакырым аралыкта учуп, планетабыздын бардык аймактарында көрүнөт. Бул сыяктуу кометалар акыркы ирет алты жыл мурда байкалган. Адамазат МакНотт кометасына 2007-жылы жана Хейл-Бопп кометасына 1997-жылы күбө болгон.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG