Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:02

АКШда жарыяланган жаңы медициналык изилдөөгө ылайык, лабораториялык чычкандардын үстүнөн жүргүзүлгөн тажрыйба чөнтөк телефондорду колдонуу Алцгеймер оорусун алдын алууга жардам бере алаарын көргөздү. Бирок европалык доктурлар бул кабарды этияттык менен кабыл алышты. Айрымдары мобил компаниялары бул изилдөөгө таасир этишкен жокпу деген маселени козгошууда.

Алцгеймер илдети же алжып калуудан улгайган адамдар жабыркашат. Бул дартка чалдыккан адамдын мээсиндеги нерв клеткалары өлө баштаганда, ал унутчаак болуп, бара-бара акылынан айнып калат.

Үстүбүздөгү аптада жарыяланган изилдөөгө ылайык, уйулдук (чөнтөк) телефонду колдонуу эс тутумун жоготуу процессин токтотушу ыктымал. Чычкандардын үстүнөн жүргүзүлгөн тажрыйба ошондой эле мобил телефондон чыккан электромагнит толкундары Алцгеймерге чалдыккан адамдардын эсин калыбына келтире алаарын көргөздү.

Изилдөөнү Япония, Кытай жана АКШнын нейрология, нейробиология боюнча адистери, электротехниктерден турган топ өткөргөн.

АКШдагы Түштүк Флорида университетинин кызматкери Гари Арендаштын айтымында, мындай жыйынтык күтүлгөн эмес. Эми Алцгеймер менен ооруган адамдарды дары-дармексиз айыктыруу үмүтү пайда болду. Жакында электромагнит толкундарынын адамдын мээсине кандай таасир этерин билүү үчүн кошумча изилдөө өткөрүлө баштамакчы.

Көптөгөн аракеттерге карабай Алцгеймердин дабасы табыла элек. Буга чейин чычкандардын үстүнөн жүргүзүлгөн бир катар эксперименттер адам баласына келгенде оң жыйынтык берген эмес.

Бул илдетке адистешкен европалык адистер жаңы ачылыш кызыктуу экенин айтып, ошол эле маалда тыянак чыгаруу али эрте деп белгилешет. Британиядагы Алцгеймер оорусун изилдөө борборунун жетекчиси Ребекка Вуддун пикирин уксак:

- Элдин көбү чөнтөк телефон пайдаланышат. Бул изилдөөнүн жыйынтыгы туура болуп чыкса, демек, ар бир адам өзүн өзү оорудан коргойт. Чөнтөк телефондор бүгүнкү турмуштун маанилүү бир бөлүгүнө айланган. Аны колдонуу зыяндуу деп айта албаймын. Бирок Алцгеймерден сактанабыз же андан дарыланабыз деп телефонду ашыкча колдонууга кеңеш бербейт элем.

Башка адистер электромагнит радиациясына туш болуу адамдын ден-соолугуна залака тийгизип тийгизбеерин жакшылап билүү керек деп эскертишет.

Ганновердеги ветеринардык университеттин фармакология жана токсиокология бөлүмүнүн жетекчиси Волфганг Лошер электромагнит толкундарынын жандыктарга тийгизген таасирин эки жылдан бери иликтеп келатат. Анын пикиринде, мындай эксперименттер мобилдүү телефон чыгарган компаниялардын, башка өнөр жай тармактарынын кысымына туш болгон “өтө саясатташкан бизнес”.


- 20 жыл илгери чөнтөк телефондор мээ рагына алып келиши ыктымал деген маалыматтар пайда болгон. Ошондон бери жүргүзүлгөн изилдөөлөр чөнтөк телефондор мээнин рагына кабылуу тобокелдигин жогорулатаарын көргөзүп келди.

Мобилдүү телефон чыгарган фирмалар, албетте, бул ачылышты позитивдүү кабыл алып, чөнтөк телефон колдонуунун оң жактарын гана карашат.

Лошер мобил компаниялары телефондору менен камсыз кылып, изилдөөгө катышып-катышпаганы белгисиз дейт. Бул, арийне, ачылыштын маанисин өзгөртүшү мүмкүн.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG