Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Жалал-Абаддагы жаңы коалициянын отуруму боюнча КСДП сотко кайрылат


Жалал-Абадда шаар кеңешин шайлоо.
Жалал-Абадда шаар кеңешин шайлоо.

Жалал-Абад шаардык кеңешинде “Өнүгүү-Прогресс”, "Ата Журт" жана "Республика - Ата Журт" партияларынан куралган “Биримдик” коалициясынын алгачкы сессиясынын мыйзамдуулугу боюнча КСПД партиясы сотко жана прокуратурага кайрылат. Бул тууралуу шаардык кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Абдилбает Мамасыдыков “Азаттыкка” билдирди:

- Үч партия биригип 12-январда мандат алууга келип, кворум жок эле алгачкы сессия өткөрүшүп, төрага эмес орун басарын шайлап коюшуптур. Эми 16-январга дагы сессия чакырып жатышат. Баары легитимсиз, мыйзам бузуу менен коштолуп жаткандыктан биз БШКга кайрылдык жана сотко, прокуратурага документ даярдап жатабыз.

Шаардык кеңештин кечээ күнкү алгачкы жыйынына КСДП менен Кыргызстан партияларынын депутаттары мандат алууга келишкен эмес. Жыйынга катышкан “Өнүгүү Прогресс”, "Ата Журт" жана "Республика - Ата Журт партиялары биригип “Биримдик” коалициясын түзүп, төраганын орун басарын шайлашкан болчу.(RsK)

XS
SM
MD
LG