Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Чүйдөгү авиакырсыктан отуздан ашык адам набыт болду


Кырсык болгон жер.
Кырсык болгон жер.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Чүй облусундагы авиакырсыкта мерт кеткендер саны отуздан ашты. Алардын төртөө экипаж мүчөлөрү, калганы кыргызстандыктар.

Чүйдөгү учак кырсыгында мерт кеткен 31 кишинин денеси жана адамдардын 9 дене мүчөлөрү табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан учурда билдирди.

Учак кырсыгынан 11 адам жабыркаган. Алардын алтоо балдар. Бул алты балага Бишкектеги балдардын ыкчам кызмат көрсөтчү ооруканасында тийиштүү жардамдар көрсөтүлүүдө.

Ал эми эки чоң киши Бишкек шаарындагы травматология жана илим изилдөө институтунун реанимация бөлүмүндө жатат. Алардын бирөөнүн денесинин 45 пайызы күйгөн, экинчисинин мээси чайкалган.

Үрөйдү учурган учак кырсыгы
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

Бүгүн, 16-январда эртең менен жети жарымдар чамасында түркиялык компанияга таандык "Боинг-747" үлгүсүндөгү жүк учагы Бишкектин түндүк тарабындагы "Манас" аба бекетинин жанына кулап түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Суу аймагынын жанында, "Манас" аэропортунан анча алыс эмес жерде болду. "Манас" аба бекети Бишкектен 30 чакырым түндүктө жайгашкан.

Гонконгдон Стамбулга бараткан учак май куюу үчүн "Манас" абамайданына конууга аракет кылганы кабарланууда. Кырсыкка кабылган учак түркиялык АСТ Havayolları компаниясына таандык болгон.

Абулгазиев: кырсык экипаждын катасы деп ойлойбуз
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:03 0:00

Бул кырсыкка байланыштуу 17-январь Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев бүгүн кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев набыт кеткендердин жакындарына бардык тийиштүү жардамдарды берүүнү, издөө иштерин тездетүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тапшырды.

Ошондой эле президент авиакырсыкта набыт болгондордун жакындарына көңүл айтты

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун билдиришинче, каза тапкандардын көбү Дача-Суу айылында жашаган жайкын тургундар. Арасында балдар да бар.

Ал эми 20дан ашык үй зыян тартты. Кырсык болгон жерде ыкчам штаб түзүлүп, куткаруу иштери уланууда. Окуядан улам Бишкектеги “Манас” аэропортунда каттамдар токтотулду.

Учак кырсыгынын күбөлөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

Кырсык болгон жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, кулаган учактын бөлүктөрү чоң аймакка чачыраган. Учактын куйругу менен шассиси 50 метр жерден ашык алыстыкта жатат.

Учак кулаган үйлөр толугу менен кыйраган. Алардын астында да адамдардын сөөгү болушу мүмкүн экенин адистер айтышууда.

Учактын кулашы боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү

“Манас” аэропортунун жанындагы учактын кулашын иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кабарлады. Анын айтымында, комиссияны биринчи вице-премьер Мухаммедкалый Абулгазиев жетектейт.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков авиакырсык болгон Дача айылына барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Учак кырсыгынын себеби белгисиз

Бул тууралуу эл аралык "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, Гонконгдон келе жаткан түркиялык учактын кулашына эмне себеп болгону азыырнча белгисиз:

- Учак коюу тумандан улам кырсыкка кабылдыбы же башка себеп болдубу, азырынча эч нерсе деп айта албайбыз. Такталган маалыматты кийинчерээк беребиз.

Кырсыкта жакынын жоготкон аял
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:43 0:00

​Алия Курбанова кулаган учак Гонконг-Стамбул багыты боюнча баратканын кошумчалады. Анын айтуусунда, учак Бишкекке май куюу үчүн конууга аракеттенген деген божомол бар. Биринчи вице-премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиев, өзгөчө кырдаалдар жана транспорт министрлери кырсык болгон жерге жүрүшөт.

Учактын таржымалы

Учак, унаа жана саякаттар боюнча изилдөөчү адис Жейсон Рабинович “Твиттерге” жазган маалыматтарга караганда, Чүй облусунда кырсыкка кабылган “Боинг-747-400F» учагы 13 жыл мурун чыгарылган. Алгач Сингапур авиакомпаниясында, андан Qatar Airways компаниясында учкан. Бул маалыматтар азырынча аталган компаниялар тарабынан расмий бышыктала элек.

Ал эми түркиялык маалымат каражаттарынын жазышынча,“Боинг-747-400F» учагы 124 тонна жүк ташууга ыңгайлашкан. Ал 2003-жылы чыгарылган.

Маалыматка ылайык, кырсыкка кулаган учактын экипаждын ысымдары белгилүү болду. Алар капитан Ибрагим Диранжы, Казым Өндүл жана жүк ташуу боюнча адистер Мелих Аслан менен Ихсан Кожа болгон.

Казым Өндүл 2003-жылдары Ооганстандагы аскердик операцияларга катышкан. Андан кийин эс алууга чыгып, жүк ташуучу учактарды башкарып жүргөн.

Кырсыктын күбөлөрү

Айыл тургуну, 30 жашта Умида "Азаттыкка" учак кулаган учурда көргөндөрүн айтып берди.

"Азаттык": Сиз коңшу көчөдө жашайт турбайсызбы? Окуя кандайча болду?

Умида: Таңкы саат жетиден беш мүнөт өткөн. Кызымды мектепке узатып жаткам. Күрүлдөп эле башкача үн чыкты, негизи биз билебиз да учуп-конуп жүргөн учактардын үндөрүн. Бул жолу такыр башкача үн чыкты. Көчөгө атып чыксам эле, маңдайдагы үйлөрдү бир нерсе шыпырып баратыптыр. Өзүм түшүнбөй калдым, учактын канаты окшойт. Анан солярканын жыты жыттанып эле, күйөөм чуркап чыкты. Таякем да жакын жашайт. Ал үйүнүн экинчи кабаты түшүп калганын айтып, жолдошумду чакырды. Өрт өчүрүүлөр кырк мүнөттөн кийин келишти. Ага чейин өзүбүз эле жардам берип аттык. Он үй-бүлөнү толук басып калышты окшойт.

"Азаттык": Басып калган үйлөрдүн жашоочулары менен тааныш белеңиз?

Умида: Алардын айрымдарын таанычумун. Таякем да ошол сегизинчи көчөдө жашайт эле. Анын үйүнүн бир ыптасын шыпырып кетиптир. Азыр балдары биздин үйдө. Аябай шок болуп турушат. Өлгөндөрдүн арасында жаш балдар да бар. Алардын сөөктөрүн кошуналар өзүлөрү чыгарышты урандылардын алдынан. Андан кийин өрт өчүрүүчүлөр келишти. Башында ойлогон эмесмин учак экен деп. Өзүмдүн алты балам бар, абдан жаман болуп турам.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG