Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:08

Якут окумуштуулары он миң жыл мурда жоголгон мамонтту клондоонун үстүнөн иштеп башташты. Канадалык илимпоздор болсо алмаздын жаңы түрүн таап, жердин мантиясында суу болушу мүмкүн деген тыянакка келишти. Астрономдор болсо эгиз күндү аныкташты.

Сахада табылган байыркы пил – мамонттун сөөгүнөн анын ДНКсын бөлүп алып, аталган жаныбарды клондоо пландалууда. Бул тууралуу мамонтту тапкан Орусиянын Түндүк-Батыш федералдык университетинин окумуштууларына шилтеме жасап, The Siberian Times гезити кабарлады. Табылган мамонт 43 миң жыл мурда Сибирди байырлаган экен.

Клондоо иши 50–60 жылга созулушу мүмкүн

Алты өлкөнүн илимпоздору катышкан археологиялык казуунун натыйжасында Сибирде байырлаган мамонттун муз катмарында жакшы сакталган сөөгү табылган. Орусиянын Медициналык антропологдор бирикмесинин вице-президенти Радик Хайруллин мамонтту клондоо кудайга каршы эмес, бул болгону Сибирде жашаган байыркы жаныбарды байырлаган жерине кайтаруу болуп саналаарын айтат.

Антропологдордун айтымында, клондолгон мамонт 43 миң жыл мурдагы байыркы пилдей болбойт. Бул байыркы жаныбарлар 10 миң жыл мурда жоголуп кеткен. Табылган мамонттун жумшак ткандары абдан жакшы сакталган. Денеде булчуңдар, май ткандары, боору, лимфа клеткалары, ичеги-карыны, кан тамырлары, гемолизденген кан жана андагы эритроциттер табылган. Жада калса, ал мамонт тирүүсүндө жеген тамагы дагы ошол бойдон сакталып калыптыр.

Жүргүзүлгөн анализдердин жана ауотопсиянын жыйынтыгында, мамонт 18 саатка чейин кыйналып өлгөнү аныкталды. Илимпоздордун айтымында, ургаачы мамонт аңга түшүп чыга албай каза болгон. Табылган сөөктүн жардамы менен окумуштуулар жоголуп кеткен байыркы пилдин ДНКасын толугу чечмелөөгө мүмкүнчүлүк ачышат.

Алмаздын жаңы түрү табылды

Риңвудайт – бул жаңы табылган минералдын аты. Канаданын Альберта университетинин окумуштуулары жердин төмөнкү мантиясында, же орто эсеп менен 540 чакырым тереңдикте күрөң минерал табышты. Риңвудайттын (ringwoodite) 1.5 пайызы суу, калганы (Mg, Fe2+)2(SiO4) сыяктуу элементтерден турат. Демек, жердин мантиясынын 410-чакырымынан 660-чакырымына чейин суу бар деген божомолдор чындыкка жакын.

Князь Жозефтин алмазы, Женева, Швейцария, 03.10.2012.

Князь Жозефтин алмазы, Женева, Швейцария, 03.10.2012.

Альберталык илимпоз Грэм Пиерсондун айтымында, төмөнкү мантияда көлөмү дүйнөдөгү мухиттерден ашык суу бар болушу ыктымал. Геологдор мурда мантияда сууга толгон өткөөл аймак бар деген гипотезаны айтып келишкен.

Риңвудайт – перидот минералынын бир түрү жана мурда космостон түшкөн метеориттерде гана аныкталган. Аталган минерал Бразилиянын Мато Гроссо аймагында табылган. Риңвудайт жанар тоонун күчү менен жер үстүнө чыккан. Бул минералды окумуштуулар акыркы 50 жылдан бери издеп жүрүшкөн.

"Эгиз күн" биригүү алдында

Күндөн 1300 эсе чоң сары жылдыз табылды. Жада калса, бул жылдыз Жерден телескопсуз көрүнөт. Европанын Түштүк обсерваториясы "эгиз күн" системасын аныктады. Ааламда миллиарддаган жылдыздар болгону менен, бул күндөрдүн өзгөчөлүгү алар жанаша жайгашып, бири-бирине кошулуу алдында турат. Бул "эгиз күндөрдү" астрономдор акыркы 60 жылдан бери изилдеп келишкен.

Кош жылдыздар, 30.10.2013.

Кош жылдыздар, 30.10.2013.

Франциянын Ницца шаарында жайгашкан обсерватория бул сары супергигант жылдыз – илимге белгилүү эң чоң күн экенин далилдеди. Анын жарыктыгы биздин Күндөн миллион эсе жарык. "Эгиз күндүн" келбети алыстан жер жаңгактын сөлөкөтүнө окшош. Сары супергигант сейрек кездешчү жылдыздар. Илимге болгону он сары "дөө жылдыз" белгилүү.

Акыркы "дөө жылдыз" – HR5171 – Жерден 12 миң жарык жыл алыс жана акыркы 40 жылдан бери кеңейип жатат. Ал эми бул күндүн "эгизи" аны ар 1300 күн сайын айланып турат.


  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG