Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Рак илдетин дарылоодо мөмө-жемиш менен жашылчанын ролу чоң экенин онкологдор айтып чыгышты. Келечекте нутригеномика жана гентерапиясы көптөгөн дарттарды сакайтууда кеңири колдонулаарын окумуштуулар жар салышты. Ал ортодо илимпоздор сөңгөк клеткаларын, чучукту жана биоинженерияны колдонуп, жаңы ачылыштарга жетишти.

Рак илдетине чалдыккандардын саны күн санап өсүп жатат. Аны менен бирге ракты алдын алуу жана айыктыруу жолдору да көбөйүүдө. Нью-Йорк штатындагы Рочестер университетинин окумуштуулары гиалурон кычкылдыгы ракты айыктырууда чоң кадам болорун жарыя кылышты. Илимпоздор эксперимент жасашып, гиалуорон кычкылдыгынын жардамы менен ракка чалдыккан таз келемиштерди толугу менен сакайтышты.

Бул кычкылдык клеткалардын жабышып рак шишигин пайда кылуусун басаңдатып, ооруга чалдыккан клеткаларга азык булактарын толугу менен бууп коёт экен. Гиалурон кычкылдыгынын ферменттеринин күчөтүлгөн туундусун адамдарда пайдалануу мүмкүн. Учурда Израилдеги Хайфа университетинин окумуштуулары ушул кычкылдыктан ракка каршы дарыны ойлоп табуу жолдорун издеп жатышат.

Рак клеткалары

Рак клеткалары

Гиалурон кычкылдыгы чечекейдин тунарышын (катаракта), кыр арка омуртка сөөктөрүндөгү ооруларды (остеоартрит), көз дарттарын дарылоодо, беттеги бырыштарды кетирүүдө жана косметика каражаттарында кеңири колдонулат.

Ал ортодо Американын Ракты изилдөө институту ракка чалдыккандар үчүн тамак-аш жана анын курамындагы заттардын мааниси чоң экендигин жар салды. Вашингтондогу илимпоздор ракты дарылоодо кээ бир мөмө-жемиш жана жашылчалардагы заттар илдетке чалдыккан клеткалар менен күрөшүүдө көмөк көрсөтөрүн айтып чыгышты.

Институттун маалыматына ылайык, рак клеткаларына туруштук берүүчү заттар алма, черника, чие (килас), клюква, капуста, шалкан, зыгыр уруктары, сарымсак, грейпфрут, жүзүм, буурчак, соя, ашкабак, чай, помидор, жаңгак жана бадамда бар.

Йель университетинин нутригеномика илиминин доктору Дэвид Катц вашингтондук кесиптештеринин изилдөө жыйынтыктарын колдоду. Окумуштуу Катц буларды айтты:

- Биз гендерибизди өзгөртө албайбыз. Бирок тамак-аш биздин гендерибиздин жүрүм-турумун жана кыймыл-аракетин өзгөртө алат.

Баса белгилей кетчү нерсе, адам баласында ар дайым мутацияланып турган 127 ген бар. Бир эле гендин натуура мутациясы организмди ооруга чалдыктырат.

Ош шаары

Ош шаары

Андерсон атындагы Интегралдык медицина борборунун диетологу Стефани Макссон рак илдетин айыктырууда колдонулган нутригеномика усулдары ар бир адамдын организмине, жашына жана жынысына байланыштуу экенин эскертти.

Келечекте рак менен күрөшүүдө ар бир бейтап үчүн жекече тамактануу режими кеңири жайылаары шексиз.

Кыргызстанда жана дүйнө жүзүндө жүрөк оорулары адам өлүмүнө алып келген оорулардын тизмегинде биринчи орунда турат. Түндүк Каролинадагы Дьюк университетинде тарыхта алгачкы жолу биоинженериялык жол менен жасалган кан тамыр сыноодон ийгиликтүү өттү. Бул жол менен жасалган кан тамырда кан уюбайт жана операция учурунда инфекция жуктуруу тобокелдиги минималдуу. Окумуштуулар кан уюбаган биоинженериялык жүрөк кан тамырларын да жасоого киришти.

Тубаса жүрөк оорусу (порок сердца) менен туулган балдарды дарылоодо антрациклин кеңири колдонулат. Андай болгону менен, антрациклин жүрөктүн дубалдарын ичкертип, дарылануунун эффективдүүлүгүн жокко чыгарат. Анын үстүнө ультратыбыштуу (ультразвук) диагностика ымыркайлардын кымындай жүрөгүндөгү кемчилдикти көрүүгө толугу менен дарамети жетпейт.

Америкалык илимпоздор "Т1" аттуу магниттик-жаңырык томографын (магнитно-резонансный томограф – МРТ) ойлоп табышты. Ал аспап бейтаптын жүрөгүн зыянсыз изилдеп чыгып, жүрөктүн кайсыл жеринде кандай кемчилдик бар экенин миллиметрине чейин так көрсөтөт.

Нутригеномика менен бирге тукум куучулук же ген терапиясы акырындык менен жайылып жатат. Мисалы, британ окумуштуулары сөңгөк клеткаларынын жардамы менен көздүн сокур тор кабыгын толугу менен калыбына келтиришти. Ошондой эле тиштин ордундагы сөңгөк клеткаларын айкалыштырып кадимкидей тиш өстүрүштү. Ген терапиясы кант диабетин жана ак кандуулукту (лейкоз) дарылоодо дагы колдонула баштады.

Даун синдромуна чалдыктырган 47-хромосоманы дал ушул сөңгөк клеткасы менен басаңдатууга болоору аныкталганын америкалык окумуштуулар кабарлашты. Адам баласында 46 хромосома бар. Ал эми иммунодефицит вирусун же ВИЧ илдетин дарылоодо антиретровирустук терапия менен кошо чучук клеткаларын саюу жигердүү экенин генотерапевттер кошумчалады.

Кыргызстандык дарыгердин айтымында, жогоруда айтылган жетишкендиктерди Кыргызстанда колдонууга адамдык жана илимий ресурс болгону менен, ошол эле сөңгөктүк жана чучук клеткаларын бөлүп чыгаруучу лабораториялардын, биоинженериялык аспаптардын жана акыркы үлгүдөгү томографтардын жоктугу өлкөдөгү саламаттыкты сактоо жаатындагы көптөгөн кемчилдиктердин эң олуттуулары.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG