Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Майрыйтсаң түздөлүп алчу материал. Бийчидей "шек" бийлеген роботтордун концерти. Жылкы адамды кабагынан байкайт. Африкалык аңчылар арстанды кантип жеңет?

Майрыйса өзү түзөлгөн жаңы полимер

Катуу жана жумшак материалдардын аралашмасынан жасалган гибрид полимерди майыштырып койсоңуз, өзү түздөлүп, мурдагы калыбына келет.

Мындай полимерди Чикагодогу Түндүк Батыш университетинин профессору Самуэль Стапп (Northwestern University, Samuel I. Stupp) баштаган окумуштуулар жасашты (Караңыз: www. orthwestern.edu/newscenter/stories).

"Полимер дарыларды адамдын ичиндеги каалаган жерге жеткирип берүүнү мүмкүн кылат. Ал каалаган клетканы коргоочу өзү өсө турган калканч жасоо үчүн колдонулат. Же андан электр кубатынын, жарыктын, жылуулуктун таасири астында формасын кичирейтүүчү жасалма булчуңдар жасалат" деп айтылат макалада.

Жаңы полимер

Жаңы полимер

Бийчидей чимирилген роботтор

Гуанчжоу шаарындагы Кытай жаңы жылына арналган концертте адам турпатындагы 540 робот чыныгы артисттер менен чогуу бийлешти. "Бул шоу-концертке роботтор менен бирге таанымал артисттер жана 26 пилотсуз учак катышты. Бою 42 сантиметр, салмагы 1,5 килограмм роботтор музыкага же ар бир нотага шайкеш бийлешин кытайлык программачылардын чоң ийгилиги" деп белгиленет Dailytechinfo.org сайтындагы кабарда. Ар бир роботтун турпатына 16 кыймылдаткыч орнотулуп, алар өз-өзүнчө программа менен иштегенин инженер-программачылардын жетекчиси Lia Chao айтат. Бул роботтордун адамдын кыймылын дал өзүндөй туурап, тез жана ыкчам кыймылдоосуна жардамдашканы кимди да болсо кызыктырбай койбойт.

Жылкы адамдын пейилин билет

Жылкынын корккону же бир нерсеге таңыркаганы адам сыяктуу эле көзүнөн байкалат. Британиялык окумуштуулар 28 жылкыны, анын ичинде 21 айгырды жана жети бээни сынап көрүп, ушундай жыйынтык чыгарышты. Жылкыларга сарайда багылчу ордунда күлүп же ачууланып турган адамдын табигый өлчөмдөгү фотосүрөтү коюлган. Ачуулуу адамды көргөндө жылкылардын жүрөгү тез-тез сокконун алардын денесине жабыштырылган приборлор аныктаган.

«Кабагын кар баскан» ачуулуу адамды көргөндө ар бир жылкы башын буруп кетип, сүрөттү сол көзү менен караган. Себеби, малдын сол көзү көргөн негативдүү маалыматтар анын мээсинин оң бөлүгүндө ылгап “иштетилет”. Бул жагынан иттер да жылкыларга окшош жана ээсинин маанайын байкап турушат. Бирок жылкы ит сыяктуу эле жайдары адамды оң көзү менен карабайт. Анткени коркунуч болбосо аларга сактануунун кереги жок. (Булагы: www.sciencemag.org).

Мергенчиден "айла качып кутулбайт"

Түштүк африкалык бушмендер коңуздун (Diamphidia nigroornata) жумурткасынын уусун аңга чыкканда жебенин учуна шыбап алышат экен. Уулуу коңуздар коммифора куурайынын уругу менен тамактанат.

Африкалык бушмендер.

Африкалык бушмендер.

Андыктан бушмендердин мергенчилери адегенде береги куурай өскөн жайды таап, коңуздун уясын көрүп коюшат. Коңуз жумуртка таштап, курт (личинка) эки айлык болгон кезде мергенчилер тукумду алып кетишет. Ууга курттун териси пайдаланылат. Демейде 10 курттун кургатылган териси жылан буурчагы жана шилекей менен аралаштырылып, сокуланып уу жасалат. Берегидей уу жалатылган жебе же найза тийген пил, антилопа, арстандар ошол замат алдан таят. Намибиянын түндүк чыгышында жашаган бушмендердин (Ju’hoan уруусу) аңчылык амалы тууралуу илимий ачылышты Лоренс шаарындагы Канзас университетинин доценти Каралине Чабу (Caroline Chaboo) жана анын кесиптештери жасашты (Кеңири маалымат үчүн караңыз: www.sciencenews.org).

Бушмендер - аңчылык жана жапайы мөмө-жемиш жыйнап, жан баккан Африкадагы майда элдердин (сан, са, сонква, баоорва, масавра, куа) жалпы аты. Sciencenews.org сайтындагы макалага караганда, азыр Ангола, Ботсвана, Намибия, Түштүк Африка, Замбия жана Зимбабведе болуп, бардыгы 113 миңдей бушмен жашайт.

XS
SM
MD
LG