Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:16

Химиялык элементтердин мезгилдик таблицасы төрт жаңы элемент менен толукталды. Суу астында 240 кабаттуу үй курулат, кыртышы жок өсчү өсүмдүктөр өстүрүлөт. Келечекте шыпта жүрчү робот-көлүк да жасалат.

Төрт элемент

Химиялык элементтердин мезгилдик таблицасы төрт жаңы элемент менен толукталды. Алардын катар номурлары: 113, 115, 117 жана 118. Төрт элемент тең эксперименталдык жол менен алынганын Теориялык жана колдонмо химия боюнча, ошондой эле Теориялык жана колдонмо физика боюнча эл аралык союздар маалымдашты.

Бул элементтердин касиеттерин орус окумуштуусу Дмитрий Менделеев 1869-жылы 1-мартта алгач түзгөн Мезгилдик системасында мүнөздөп берген. Ошентип Менделеев мүнөздөп жазган элементтерди тапканга 150 жылга чукул убакыт кетти.

Химиялык элементтердин мезгилдик таблицасы жаңы төрт элемент менен.

Химиялык элементтердин мезгилдик таблицасы жаңы төрт элемент менен.

“Кээ бир элементтер 50 жылдык эксперименттен кийин табылат",-дейт Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин доценти Сайнаке Бообекова.

- Элемент, анын касиети алдын ала айтыла берет. Ушул болот десе эле болуп калбайт. Булар материалдуу бөлүкчөлөр. Ооба, дагы жаңы элементтер ачыла бериши керек. Себеби Менделеевдин мезгилдик системасындагы жетинчи мезгилди бүтпөгөн мезгил деп окуйбуз. Мурунку мезгилде 32 элемент бүтүп, анан жаңы мезгил башталат да.

Жаратылышта 90го жакын химиялык элемент бар. Атомдук номуру 92ге чейинки элементтердин ичинен технеций (катар номуру 43) жана франций (87) табиятта жок. Атомдун номуру ядродогу протондордун санына ылайык берилет. Протондору 93төн 100гө чейинки элементтер жер кыртышында болбогондуктан, ядролук реакторлордо алынат. Ал эми 100дөн көп протондору бар элементтерди бөлүкчөлөрдү ылдамдатуучу атайын лабораторияда алуу мүмкүн. Ырас, нептуний (93) жана плутоний (94) уран рудалары менен кошо кездешет. Окумуштуулар алиге чейин 26 элементти синтездеп ала албай жатышат.

Буга чейин Менделеевдин мезгилдик системасындагы химиялык элементтерди тогуз эле өлкөнүн илимпоздору ачышкан. Анын ичинен Швецияда 22-элемент, Англияда-19, Францияда-15, Германияда-12, Австрияда-1, Данияда-1, Орусияда-1, Швейцарияда-1, Венгрияда-1. Тизме башындагы төрт өлкөдө XVIII-XIX кылымдарда химия жана химиялык технология мыкты өнүккөн.

Расмий жарыялангандай, 113-элементти жапон илимпоздору тапканы үчүн аталышын алар беришет. Калган үч элементти (115, 117, 118) орусиялык жана америкалык химиктер жасалма жол менен синтездеп алышкандыктан ат коюу укугуна экөө тең ээ. Жапон өкмөтү билдиргендей, Токидо аны “японий” деп аташмак болду. Жапония натыйжада илимде жаңы химиялык элементти ачкан Азиядагы биринчи мамлекетке айланды.

Суу астында 240 кабатуу үй курулат

Төбөсү “көк булутту көзөп өткөн” Нью-Йорктогудай бийик үйлөр суу астында да пайда болчу мезгил жакындоодо. Болочоктогу экоайылдын жаңы планын атактуу белгиялык архитектор Винсент Каллебот (Vincent Callebaut) жарыя кылды. Ал бардыгы 250 кабат болот.

Океан түбүндө да ушундай учу көккө жеткен үйлөр курулат.

Океан түбүндө да ушундай учу көккө жеткен үйлөр курулат.

Бир конушка жайгашкан үйлөрдүн жалпы формасы медузага окшош келип, кайра иштетилген айнек өңдүү пластмассадан жасалат.

Андай пластмасса идиштердин таштандылары азыр дүйнөлүк океандарда арал-арал болуп калкып жүрөт. Бразилиянын Рио- де-Женейра шаарынын жээгине жакын курулат деп долбоорлонгон экоайыл 10 миң адамга эсептелген. Жалпы бийиктиги 1000 метрге чейин жетет. Анын 1 чарчы метри 1950 евродон турат деп боолгонууда. Экоайылда турак үйлөрдөн башка дагы илимий лабораториялар, офистер, мейманканалар, спорттук аянтчалар жана дыйканчылык чарбасы болот. Чарбада суу жандыктары багылып, кыртышы жок өскөн өсүмдүктөр өстүрүлөт. Деңиз суусунун тузу тамак-аш үчүн бөлүнүп алынып, өзү ичкенге пайдаланылат. Балыр сымал көк жашыл микроскопиялык өсүмдүктөр да азык-түлүк үчүн иштетилет, үйлөргө жарык жылдыз курт сыяктуу деңиз курт-кумурскаларынан жана күндүн энергиясынан алынат.

Винсент Каллеботтун долбоору бүгүн кээ бир адамдарга куру кыял, ишке ашпас утопиядай көрүнүшү ыктымал. Бирок фактылар “кыялды чындыкка” айлантчу убакыт да, жагдай да эбак бышып жетилгенин көрсөтөт. Инд океанындагы Мальдив аралдарында болсо Conrad Hilton ресторанынын кардарлары суу астында үйлөнүү тоюн өткөрүп, ошол эле жерде түнөшөт. Ресторан пластмассадан (акрил) жасалган. Быйыл Флоридада океандын бетинен 8,5 метр тереңде 12 бөлмөлүү мейманкана курулмакчы. Анын мөөн формасындагы ар бир бөлмөсү үч камерадан болот.

Дүйнөнү бийик имараттары менен таң калтырып жаткан Дубайда да суу астында 21 бөлмөлүү мейманкана курулууда.

Шыпта жүрчү робот-көлүк да жасалат

Жаңы жыл алдында дубал бетинде жөргөмүштөй жүгүрүп жүрчү робот-көлүк алгачкы сыноодон өткөнү маалымдалды.

Ашпоз робот.

Ашпоз робот.

Төрт дөңгөлөктүү көлүктү швейцариялык инженер Пол Бирдсли жасаган. Туңгуч моделдин узундугу 60 сантиметр. Көлүктүн желкесине орнотулган 2 пропеллер батперек аны дубалга жабыштырып турат. Ал эми көлүктүн алдыңкы огуна орнотулган ротору аны дубалдын бетинде өйдө көздөй тартса, арткы ротору токтотпой алдыга түртөт. Азырынча батареясы 10 мүнөткө жетет. Салмагы 2 килограммдык робот-көлүк, албетте, дубал бетинде жердегидей шуулдап жүрө албайт. Бирок техниканын ылдам өнүгүп жатканын эске алсак, робот-көлүктү “Мерседес” сыяктуу минип алып, дубалдын бетине жорголоп чыгып кетчү мезгил алыс эмес. Алгачкы үч дөңгөлөктүү автомобиль 130 жыл илгери пайда болуп, саатына 19 чакырымды баскан. Ал эми азыркы төрт дөңгөлөктүү авто 115 жыл мурда чыгарыла баштаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG