Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:01

Кыргызстанда илимдин 800 доктору бар


Ал эми илим кандидаттарынын саны үч миңден ашат. Бул тууралуу бүгүн “Кыргызстандагы илим, инновациянын абалы жана өнүктүрүү перспективалары” деген аталышта өткөн парламенттик угууда Жогорку аттестациялык комиссиянын төрагасы Абдырахман Мавлянов билдирди. Анын айтуусунда учурда коомчулуктун илим даражаларына болгон ишенимин кайтаруу үчүн атайын жумушчу топтор түзүлүп, иштеп жатат.
Азыркы учурда илимдин кандидаттарына ай сайын айлык акысына 300 сом кошумча төлөнүп берилет, ал эми докторлорго 600 сомдон төлөнөт. Бул 2007-жылы өкмөт тарабынан бекитилгенин белгилеген Мавлянов кошумча төлөмдөрдү көбөйтүү маселесин кароону сурады.

Бүгүнкү парламенттик угуу Кыргызстанда жүрүп жаткан “Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын” алкагында уюштурулууда. Жумалыктын максаты илимдин маанисин көтөрүү менен коомчулуктун илимге болгон көз карашын өзгөртүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG