Линктер

1973-жылы Жээнбай Мукамбаевдин “Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү” деген көлөмдүү илимий эмгегинен идеологиялык кемчиликтер табылып, китепке байланыштуу атайын жыйындар уюштурулат. Бул өнөктүктүн демилгечиси ким болгон?

Cөздүктөн саясий ката издөө мүмкүнбү? Улуу муундагы илимий чөйрөгө жакын адамдар Кыргызстанда “ооба” деп айтышат. Ал эми жаштар бул суроого таң калып, ийнин күйшөшү мүмкүн. Бирок 1973-жылы 14-мартта ал кездеги Советтик Кыргызстандын Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда ушундай бир илимге жат окуя болгон. “Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү” “марксисттик методология, идеологияга, саясатка, моралга туура келбеген олуттуу каталыктарга атайы жол берилген” деп сындалат. Бул илимий эмгектин автору Жээнбай Мукамбаев болчу.

- Ошондо Түгөлбай Сыдыкбеков ага жаны ачып: "Ушул диалектологиялык сөздүктөн саясий ката издеген бир гана кыргыз болсо керек!? Башка элдерде мындай болбосо керек!?” деп сүйлөгөн,-деп эскерет ошол жыйналыштын катышуучусу жана Жээнбай Мукамбаевдин шакирти Абдулхак Махмануров.

Түгөлбай Сыдыкбеков эмне үчүн ботосун жоготкон нардай сыздады? Ошондо илимпоздордун талоонуна кабылган Жээнбай Мукамбаев эмне болгон саясий-идеологиялык жаңылыштык жасаган? Окуяга эмне себеп болгонуна ирети менен токтололу.

Ж. Мукамбаев түзгөн "Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү"

Ж. Мукамбаев түзгөн "Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү"

Жээнбай Мукамбаевдин “Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү” 1972-жылы “Илим” басмасынан чыккан. 700 беттик китептин 1-томуна А, Э, Б, В, Г, Д, Ж тамгалары менен башталган диалектилик сөздөрдүн мааниси кирген. Биринчи томдун артынан сөздүктүн дагы төрт тому чыкмак.

Диалектологиялык сөздүккө жергиликтүү жана москвалык окумуштуулар менен лингвисттер жогорку баасын беришет. Ага карабай, Илимдер академиясында атайын жыйын чакырылып, Жээнбай Мукамбаевдин эмгеги катуу сынга алынат. Илимпозду “Кыргызча-орусча сөздүктүн” түзүүчүсү, ысымы дүйнөгө белгилүү түрколог К.К. Юдахин коргоп чыгат.

“Бул эмгекти талкуулап, аягына чыккыла деп Кыргызстан КП БКсынан тапшырма берилген экен,- деп улантты кебин Кыргыз курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ардактуу профессору А. Махмануров “Азаттыкка” телефондон берген маегинде.

- Жыйналышта К. К. Юдахин сөзгө чыгып: "Орустарда “Кашык менен оозуна салып, сабы менен көздү чукуйт” деген макал бар. Силер ошол макалда айтылгандай кылып атасыңар. Бул китепте саясий ката болсо, ал үчүн редактор катары мен күнөөлүмүн. Катаны балким караган эместирмин. Бирок Ж. Мукамбаевдин эмгеги абдан зор. Мына жаш эле туруп, башындагы чачын ак бубак басып калган. Анын эмгегин баалаш керек" деген.

Илимдер академиясындагы жыйын Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин идеологиялык бөлүмүнүн башчысы, философия илимдеринин доктору Аманбек Карыпкуловдун катышуусу менен өткөн. Диалектологиялык сөздүккө саясий-идеологиялык баа берүү демилгеси БК жана республикалык партиялык комитеттин 1-секретары тарабынан көтөрүлбөсө, берегидей жыйын Илимдер академиясында жана Кыргыз мамлекеттик университетинде өтпөйт да болчу. Белгилей кетчү бир жагдай, бул тушта Москвада же Ленинградда кайсы бир илимпоз Ж. Мукамбаевдей “кан таламайга” алынган эмес. Буга караганда Т. Усубалиев башындагы республикалык жетекчилик Мукамбаевдин эмгегин саясий жактан жиликтетип, өзүн Москвага идеологиялык майдандын кыраакы жоокери катары көрсөтүүнү көздөгөн.

Диалектологиялык сөздүктү минтип саясий-идеологиялык жактан бычактоого Абдулхак Махмануровдун айтымында, “айдак” деген сөз негиз болгон. “Жээнбай Мукамбаев Диалектологиялык сөздүктө повестка деген орустун сөзүн кыргызча айдак деп берген. Жыйналышта айыптоочу тарап “Эмне үчүн айдайт? Эмне үчүн повестка айдак болот? Бул саясий ката” деп чыгышкан. Агай менен бир мертебе сүйлөшүп калганымда: "Элде айдак деп айтса, колдонбойт бекенмин. Мисалы, соттон повестка келсе, барбасаң, милиция келип, закондун негизинде айдап барат да. Ушуга алардын акылы жетпей жатпайбы...” деп айткан, - деп эскерет Махмануров.

Илимпоз иш үстүндө

Илимпоз иш үстүндө

Ж. Мукамбаевдин көлөмдүү эмгегинде айдак деген сөз жана анын эки мааниси берилет. Памир жана Ысык-Көл тарапта колдонулган бул сөздүн бир мааниси аң уулаганда кийик кайтарууга көнгөн итти билдирсе, экинчи өтмө мааниси повестка дегенди түшүндүрөт.

Айдак деген сөздөн тышкары Г. Бакинова аттуу илимпоз орустардын коньяк, четок деген ичимдикке тиешелүү сөздөрүн кээ бир жерде кыргыздар ат, топоз жана балапан деп айтканын Мукамбаевдин китепке киргизишинен улутчулдук тапкан.

Илимпоз аял “Сен дүйнө” ырынын Арстанбек, Калыгул жана башкалардын “Тар заман”, “Акыр заман”, "Хал заман” аттуу реакциячыл мазмундагы чыгармалардан айырмасы жок, алар менен үндөшүп турат. Текст пессимизмге, диндик реакциялык мистикага жык толгон, советтик идеяга жат”, - деп талдайт Илимдер Академиясынын Тил жана адабият институтундагы жыйында.

Ал апаат күндү изилдеген филология илимдеринин кандидаты Муңдук Мамыровдун жазышынча, талкууда “бардыгы 20 киши сүйлөп, алардын ичинен 14 адам Мукамбаев түзгөн сөздүктөн саясий-идеологиялык кемчиликтерди издөөнү туура эмес дешкен. Алардын ичинде Кусейин Карасаев, Константин Юдахин, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Салижан Жигитов бар эле. Ага болбой эле, азчылыктын сөздөрү өтүп, автор “Советтик Кыргызстан” гезитине жарыяланган катында Диалектологиялык сөздүктү түзүүдө “марксисттик-лениндик методологияны жетекчиликке албай” сөздөрдү “таптык позициядан туура баалай билбегенден улам жиберген кемчиликтерин моюнуна алат.

Публицист-жазуучу Мундузбек Тентимишевдин айтымында, “Диалектологиялык сөздүгүн” бетке тутуп, жалгыз өзү бир илимий институт аткарчу жумушту бүткөргөн Жээнбай Мукамбаевди таламайга алуу Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин ошол кездеги 1-катчысы Турдакун Усубалиевдин демилгеси менен жүргүзүлгөн. Себеби ага чейин орус окумуштуусу Саул Матвеевич Абрамзондун “Кыргыздар жана алардын этногенетикалык жана тарыхый-маданий байланыштары” деген эмгеги саясий төө бастыга алынган. Эми ага кыргызды да чиркеп, интернационалист жетекчи көрүнүү үчүн Турдакун Усубалиев Жээнбай Мукамбаевге каршы илимпоздорду айдактап коюп, ал жазган эмгек “Баалуу эмгек экен” деп койгон, дейт М. Тентимишев:

- Бул атайын уюштурулган кампания болгон. Орустарды талкалап атат деп айтпас үчүн кыргыздардан Нурбеков менен Мукамбаевди курмандыкка чалуу зарыл болуп калган. Демилге Т. Усубалиевден башталган. Ошон үчүн БКнын бөлүм башчысы Карыпкуловду жыйналышка жөнөтүп жатпайбы!

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Мундузбек Тентимишев Ж. Мукамбаевдин “Алыкул сүйгөн Ата журт” деген илимий-популярдуу жыйнагынын түзүүчүсү жана жооптуу редактору.

Филология илиминин кандидаты, адабиятчы Бекташ Шамшиев Жээнбай Мукамбаевдин кылымдар карыбас эмгегинен кынтык издөөнү бир жагынан илимий чөйрөдөгү ичи тардык менен түшүндүрөт:

- Ал кезде “тоголок арыз” деген жаман адат бар эле. Окумуштуулар арасында чоң иш кылбаган, чоң иш кылганга моюну жар бербеген, чоң иш жасаган кишини көрө албагандар көп эле да. Жээнбай агай илимдин дыйканы эле. Ал келген дандын баарын тегирменге тартып, ун кылып чыгарган тегирменчидей эле. Ошого агайдын чоң эмгек жасаганы кээ бир кесиптештерине жакпай калса керек. Жээнбай агай элде сүйлөнгөн сөздөрдү илимий негизге салып туруп, кайта элге берип жатпайбы. Жээнбай агайга каршы жоболоң көралбастыктан, пендечиликтен чыккан нерсе болушу керек деп ойлойм.

Б. Шамшиев ошол эле учурда Диалектологиялык сөздүктөн идеологиялык ката издөөгө республика жетекчилигинин Москвадагы “улуу агалардан” чочулоосу да себеп болгон деп жоромолдойт.

Ал эми адабиятчы Абибилла Пазылов көйгашка түркологдор менен лингвисттердин жогорку баасына татыган “Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүнөн” саясий-идеологиялык кемтик издөөнү Т. Усубалиевдин Москвага кулдук уруу жана кыргыз тилин жарды тил деп көрсөтүү саясатына, ошондой эле Москванын улуттук тилдерге карата болгон текеберлүү мамилесине байланыштуу экенин айтат:

- Жээнбай Мукамбаев түзгөн сөздүктүн ошо кездеги Кыргызстан Компартиясынын жетекчилигине, бийликке жакпай калганынын негизги эле себеби - жалпы ошол учурда жүргүзүлгөн улуттук саясатты жана улуттук тилдерге карата болгон мамиленин өзгөргөнүнө байланыштуу. Бийлик кыргыз тилинин жалпы түрк тилдеринин системасында туруп өнүгүүсүн, сөз корунун канчалык көп экенин элге чыгарып, адамдардын көзүнө көрсөтүп, мына тилибиздин сөз кору ошол эле англис, орус жана башка тилдердей эле көп, мүмкүнчүлүгү чоң, диалекттери, говорлору көп, ошол кордогу сөздөрдүн ичинен тийиштүүлөрүн алып чыгарсак (кеңири пайдалансак) болот деген ойдун өзүнө, казак, өзбек тилдериндеги жаңылыктарды биз алсак болот деген позициясына каршылык көрсөткөн. Себеби, тилде башка тилден кирген сөздөр кандай кирсе, ошондой жазылышы жана айтылышы керек деген азырга чейин сакталып калган мыйзам бар. Маселен, щётка деген сөз щ тамгасы менен жазылып айтылышы керек. Аны шетке деп айтууга да, жазууга да болбойт. Кыргыз тилине кирген сөздөрдү айрым бир диалект же эл арасынан тапкан сөздөр менен алмаштыруу же башка тилден кирген сөздөрдү тил ыңгайына карата жазуу маселеси Жээмбай Мукамбаев түзгөн сөздүктөн, ал кишинин окумуштуулук позициясынан ачык байкалып турган.

Мекени жок Родинасы бар заман

А. Пазылов ал кезде Кыргызстан КП БКсынан “мекен” деген жана башка кыргызча сөздөрдү колдонууга тыюу салынганына да токтоло кетти:

- БКнын көрсөтмөсү жок жана БК партиялык позиция мындай деп айтмайынча Диалектологиялык сөздүккө ошо кездеги Илимдер академиясындагы, гезит-журналдардагы жана башка мекемелердеги жөнсүз асылуулар болмок эмес. Ал учурда жалпы эле тил саясаты орус тилди биринчи орунга коюш керек, калган тилдер бара-бара жоголот, анын ичинде кыргыз тили бара-бара үйдүн эле тили болуп калат, бул жарды жана тайыз тил деген түшүнүктөр расмий түрдө өкүм сүрүп турган. Мисалы, гезиттерде “мекен” деген сөздү “родина” деп, “социалисттик родинабыз” жаздырышкан. Атүгүл КПСС деген сөздү кыскартып кыргызча айтуу мүмкүн эмес эле.

Ж. Мукамбаев сөз жыйнап жүрөт

Ж. Мукамбаев сөз жыйнап жүрөт

Жээнбай Мукамбаевге каршы уюштурулган чоң оюндун артында Турдакун Усубалиев башындагы Борбордук комитет турганын аалымдын башка бир шакирти Бейшебай Усубалиевдин мына бул аңгемеси да ырастайт:

“1979-жылы агай 50 жашка толду. Мен “Булак” аттуу көлөмдүү макаламды “Ленинчил жашка” сунуш кылдым. Алар окуп көрүштү да басууга убада беришти. Бирок эки-үч күн өтүп эле томсоруп калышты. “Өзүң билесиң” дешти алар тайсалдай. “Бул киши тиякта, Борбордук Комитетте айтып жатат, каралбады беле. Ошондуктан университеттин партиялык уюмунун уруксаты керек экен.” Ошентип доцент Калык Кадыркулов экөөбүздүн таманыбыз тешилди. Факультеттин деканатына бир киребиз, ректоратка бир киребиз, парткомго бир киребиз.”

Болбосо, 1-китеп 1974-жылы оңдолуп басылып чыккандан кийин эмгектин даяр турган төрт тому 1985-жылга чейин жарык көрбөйт беле. Турдакун Усубалиевден кийин Апсамат Масалиев лидерликке дайындалгандан кийин да “Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгүнө” арка салуу адаты өзгөргөн эмес. Ошентип отуруп, 2009-жылы гана Жээнбай Мукамбаевдин “Кыргыз тилинин диалектологиялык сөздүгү” деген көлөмдүү эмгеги миң нускада Бишкекте жарык көрдү. Ал 32 миң сөздү камтыйт. Кунуна баа жеткис эмгекти кыргыз өкмөтү эмес, Түндүк Кипрдеги Гирне Америка университети каржылаган. Аны басмага даярдаган редактору профессор Кадыралы Конкобаев жазгандай, Жээнбай Мукамбаев өмүрүн арнаган “Сөздүк” ошентип даярдалгандан 50 жылдан кийин гана басылды. Дале толук эмес.

------

Сүрөттөр Ж. Мукамбаев "Алыкул сүйгөн Ата Журт" деген китептен алынды.

  • 16x9 Image

    Амирбек Азам уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Санкт-Петербургдагы Финансы жана экономика университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG