Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:58

Абдылдаев БУУдагы сөзүндө Батыровго аянтча болгону үчүн ЕККУну сындады


Кыргызстан ЕККУнун демократиялык баалуулуктарын толугу менен колдоп, иш жүзүнө ашырып келе жатат. Бирок Кыргызстан ЕККУ тарабынан жасалган кош стандарттулукка жана бул уюмдун чагымчылдык менен өлкөнүн ички ишине кийлигишүүсүнө каршы. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып билдирди:

- Биз парламенттик демократияны өтө чоң аракеттер менен бир калыпка келтирдик. Ошол эле учурда ЕККУнун бардык сунуштарын кыйшаюсуз аткарып келе жатабыз. Бирок ЕККУ тарабынан Кыргызстанда издөөдө жүргөн адамдарга сөз сүйлөөгө аянтча түзүп берилишин өлкөнү сыйлабоо катары кабыл алыбыз. Мындай жүрүштүн аркасы менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) аянтчасында келечекте кылмышкерлер жана террористтер да сүйлөп калышы мүмкүн.

Эрлан Абдылдаев өз сөзүндө сот тарабынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров Орусия тарабынан дагы издөөдө жүргөнүн кошумчалап, Кыргызстан өзүнүн ички ишин мамлекеттин кызыкчылыгын жана туруктуулугун эске алып чечээрин кошумчалады.

Июнь коогасын уюштурган деген айып менен сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, алты жылдан бери издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров 21-сентябрда ЕККУнун Варшавадагы жыйынында сөз сүйлөп, Кыргызстандагы Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө каршылыгын, улуттук азчылык өкүлдөрү кысымга алынып жатканын билдирген. 2010-жылдагы июнь коогасын геноцид деп атаган жана кыргыз бийлигин сындап, ЕККУну өлкөгө жардам бербөөгө чакырган. (SDz)

XS
SM
MD
LG