Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:14

Дүйнөдөгү эң кымбат илимий сыйлыктын лауреаттары аталды


Дүйнөдөгү эң кымбат илимий сыйлыктын алгачкы лауреаттарынын бири, Киото университетинин профессору Шиня Яманака. Жапония.

Дүйнөдөгү эң кымбат илимий сыйлыктын алгачкы лауреаттарынын бири, Киото университетинин профессору Шиня Яманака. Жапония.

Он бир окумуштуу эгерим күтпөгөн жерден мултимиллионер болуп калышты.

Окумуштуулардын ар бирине биомедицина тармагындагы изилдөөлөрү үчүн 3 миллион доллардан сыйлык ыйгарылды. Бул Нобель сыйлыгынын лауреаттарына берилчү акчадан эки эсе көп сумма.

Он бир лауреаттын тогузу АКШнын университеттеринде жана илимий изилдөө борборлорунда эмгектенет. Калган экөө Жапония менен Нидерландиядан.

Нью-Йорктогу Weill Cornell медициналык коллежинин онкологиялык борборунун мүдүрү Люис Кэнтли: “Мындай сыйлык бар экенин уккан эмесмин. Кабарды укканда эсимден танып кала жаздадым”, - дейт.

Cryo-Save, Европадагы сөңгөк клеткаларын сактоочу эң чоң банк киндик канынан сөңгөк клетасын бөлүп алып, узак мөөнөткө сактоого адистешкен. Фотосүрөт

Cryo-Save, Европадагы сөңгөк клеткаларын сактоочу эң чоң банк киндик канынан сөңгөк клетасын бөлүп алып, узак мөөнөткө сактоого адистешкен. Фотосүрөт

3 млн. долларлык жаңы илимий сыйлык дүйнөдө белгилүү ишкерлер: Google жана Facebook компанияларынын негиздөөчүлөрү, АКШ жарандары Сергей Брин жана Марк Цукерберг, ошондой эле орусиялык инвестор Юрий Мильнердин ыкласы менен жаралды.

Алар Нобель сыйлыгынан да чоң акчалай байге илимпоздорду рак, генетика, сөңгөк клеткасы боюнча изилдөөлөргө дем берип, сакайгыс дартка кабылган адамдарды айыктырчу дарылоо ыкмаларын тапчу илимий иштерди теминткенге мүмкүндүк берет деген тилекте.

Фейсбуктун негиздөөчүсү Марк Цукерберг илим чөйрөсү да баалуу ачылыштарды жасоочу чыгаан окумуштууларга, изилдөөчүлөргө жана инженерлерге муктаж деп санайт: “Мен биздин коомубузга илимпоз, изилдөөчү жана инженер баатырлар көп керек деп ойлойм”.

Ал эми "Гуглдын” түзүүчүсү Сергей Бриндин айтымында, илимпоздор адамдын саламаттыкта жана узак өмүр сүрүүсүнө салым кошкондуктан, атактуу спортмендерден жана ырчы-музыканттардан да жакшы урматталып-даңкталыш керек. Юрий Мильнер да ушундай пикирде.

Жаңы фонддун дагы бир негиздөөчүсү - Сергей Бриндин жары Анна Войжицки. Ал 23andMe деп аталган генетикалык компаниянын түптөөчүсү. Анна айым албан илимий жетишкендиктерди сыйлоо кайын энеси өңдүү дарты оор адамдарды дарылаганга көмөктөшөт деп үмүт кылат:

"Паркинсон оорусунун дарысын табуу биз үчүн аябай маанилүү. Себеби кайненемди ушул дарт чалган. Күйөөмдө да дарттын коркунучу чоң. Ар бир үй-бүлөдө бир мээнети бар деп ойлойм. Ар ким эле оорубай узак жашагысы келет да".

"Өмүр илимдериндеги теңдешсиз ачылыштардын фонду" (Breakthrough Prize in Life Sciences Foundation) деп атаган бул кор өзүн илимпоздорду жаңы, теңдешсиз изилдөөлөргө шыктандырчу, илимпоздордун ийгилигин даңазалачу жана жаштарды илимде мансап жасоого кызыктырчу коммерциялык эмес уюм катары мүнөздөйт өз билдирүүсүндө.

Жаңы фонд берчү сыйлык аны алчу адамдардын санын Нобелдик комитет катары чектебейт. Анын лауреаттары автоматтык түрдө болочокку жеңүүчүлөрдү аныктоочу комиттетин мүчөсү болуп калышат. Сан-Францискодо ыйгарылчу бул сыйлыктын жана бир өзгөчөлүгү жаңы лауреаттарга байге берилген кезде Нобель сыйлыгын тапшыруу учурундагыдай шаан-шөкөт өткөрүлбөйт. Түптөөчүлөрдүн айтымында, көп миллион долларлык сыйлык жылына беш окумуштууга берилет деп мерчемделүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG