Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:58

CERN: Жарыктан күлүк бөлүкчө табылды


Ядролук изилдөөлөр боюнча Европа уюмунун изилдөө борбору. Швейцария, Женева.

Ядролук изилдөөлөр боюнча Европа уюмунун изилдөө борбору. Швейцария, Женева.

Эгер илимпоздордун ачылышы тастыкталса теориялык физиканын атасы Алберт Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы чоң түзөтүүгө учурашы мүмкүн.

Европа уюмунун ядролук изилдөөлөр борборунун окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөлөр субатомдук бөлүкчөлөр жарыктан да ылдам кыймылдарын тастыктоодо.

Көп улуттуу илимий борбордун окумуштууларынын колунда көптөгөн эксперименттердин жыйынтыгы болгону менен аны илимий табылыш деп атаганга көп даабай турушат.

Женевадан Италиядагы дектекторго 732 чакырым туннел аркылуу жөнөтүлгөн нейтринонун нуру (элементардык бөлүкчө) бул аралыкты жарык ылдамдыганан (2999792 км/сек) тез өткөн. Жарык менен нейтринонун нурунун ылдамдыктарынын айырмасы өтө кичине көрсөткүчтү - секунддун бөлүгүн түзөт. Илимпоздор бул ачылышты тастыктоо үчүн 15 миң тажрыйба жүргүзүшкөн.

Европалык физиктердин табылгасын дүйнөлүк илимпоздор тааныса, демек жарыктан да ылдам кыймылдачу элементардык бөлүкчө табылган болот.

Алберт Эйнштейн 1905-жылы ачкан салыштырмалуулук теориясы боюнча ааламда жарыктын ылдамдыгынан өткөн күлүк жок.

Эйнштейдин салыштырмалуулук теориясынын маңызын физика илимдеринин доктору Миталип Таиров мындай түшүндүрөт:

Физика илимдеринин доктору Миталип Талипов Альберт Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы жөнүндө


Европалык илимпоздордун билдирүүсү дүйнөнүн физиктер жамааты тарабынан шектенүү менен кабыл алынууда. Үч жылдык эксперимент боюнча толгон-токой далилдерди топтогон Антонино Эредито жана анын кесиптештери дагы ишинин жыйынтыгын илимий ачылыш деп жарыялаганга шашпай турушат. Алар башка өлкөлөрдөгү физиктердин сөзүн күтүшүүдө.

Женевадагы ядролук изилдөөлөр борборунун өкүлү Жеймс Жиллис жума күнү “Азаттык” радиосуна курган маегинде, эксперимент учурунда жаңылыштык кетиши ыктымал, ошон үчүн башка лабораторияларда ушундай эле усул же жабыдуулар колдонулуп, изилдөө өткөрүлүшүн күтүшөөрүн айтты:

- Бул сыяктуу ачылыштар илимде көп кездешет. Эксперимент өткөрүп жатканда табиятта жок кубулушту тапкандан кийин оболу “биз буга чындап эле ишенбей жатабыз”, деп айтасың. Андан соң эксперимент өткөрүлгөн шартты, колдонулган техникалык аппараттарды, анализдердин жыйынтыгын түшүнгөнгө аракет жасайсың. Аны коомчулукка түшүндүргөнгө да көп убакыт кетет. Мында эч кандай кокустук болбош керек. Келерки кадам - табылганы физиктер жамаатынын талдоосунан өткөрүү. Азыр ошол жараян жүрүүдө.

Альберт Эйнштейн Американын илимий ачылыштыр боюнча ассоциациясында лекция окууда. Карнеги технологиялык театрынын театры. Питсбург. 28-декабрь 1934
АКШнын Чикаго шаарындагы таанымал Fermilab илимий борбору европалык окумуштуулардын ишинин жыйынтыгын электен өткөрө баштады. Бул борбордун физиктери да 2007-жылы нейтринону изилдеп жатып, субатомдун жарыктан да ылдам кыймылдай турганын көрүшкөн.
Бирок эксперимент учурунда кетирилген айрым кемчиликтерден улам алар табылганы илимий ачылыш деп аташкан эмес.

Жеймс Жиллис мырза айткандай, ачылыш башка лабораторияда ырасталса, физика үчүн мааниси баа жеткис болот:

- XX кылымдагы физикадан келип чыккан бир чоң дилемма бар. Бүгүнкү физика өткөн кылымдын башыда негизделген эки табылгага таянат. Анын бири салыштырмалуулук, экинчиси кванттык механика. Салыштырмалуулук - гравитациянын теориясы. Гравитациянын кванттык теориясы жок. Бул эки нерсени камтыган жалпыланган теорияны иштеп чыгуу азыркы физиканын мойнундагы чыныгы үлкөн милдет. Эгер соңку ачылышка окшош нерсени тапсаңыз, бүгүнкү физиканын эки түркүгүн жалпылаштырууга жол ачышыңыз мүмкүн. Бирок эң алды береги эксперимент чынбы же жаңылыштыкпы, ошону аныктап алуубуз абзел.

Эгер Женевадагы ядролук изилдөөлөр борборунун окумуштууларынын илимий табылгасы башка физиктер тарабынан далилденсе, ал эмнени билдирет? Профессор Миталип Таиров жаңы ачылыш Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясынын дагы кеңейишине жана жаңы теориянын келип чыгышына шарт түзөт деген ишеничте:
Профессор М. Талипов жаңы ачылыш тастыкталса, анын мааниси жөнүндө


Илимпоздордун айтымында, көз карандысыз изилдөө бүткөнчө бир нече ай, балким бир нече жыл керек болот.

P.S. Кыргыз окумуштуусу маркум Самат Кадыров дагы атактуу Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясы жаңылыш экенин илимий жактан тастыктаганын айтып жүргөнү белгилүү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG