Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

LIVE: ШКУнун Бишкек саммити аяктады

Бишкекте ШКУнун 13-саммити башталды. Ага тогуз өлкөнүн президенттери, Индиянын тышкы иштер министри, Пакистандын премьер-министринин кеңешчиси катышты.

17:47 13.9.2013
16:34 13.9.2013
Шанхай кызматташтык уюму Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн сырттан күч колдонулушуна каршы. Бул тууралуу Бишкек декларациясында айтылат. Ага кол койгон президенттер Сириядагы кризисти өлкө бийлиги менен оппозиция саясий диалог аркылуу жөнгө салуусу керек экенин белгилешти.
16:01 13.9.2013
Саммит соңуна чыкты. Кабарчыбыз Элеанора Бейшенбек кызы жыйындар өткөн жерден билдирет:

15:02 13.9.2013
Пакистандын тышкы иштер министри Сартаж Азиз кыргызстандык кесиптеши Эрлан Абдылдаев менен ШКУнун Бишкек саммити алкагында жолукту. Пакистандын жаңы дайындалган өкмөтү "Пакситан-Кытай экономикалык корридоруна" шилтеме жасап, соода алакаларына өзгөчө көңүл буруу аракеттери көрүлүп жатканын белигиледи. Пакистандын тышкы иштер министринин айтымында, ШКУ аймактагы соода жана экономикалык кызматтыштыкты өнүктүрүүдө чоң роль ойнойт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG