Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Төрага келерки жылкы бюджет таңсыктыгын азайтууга чакырды


Төрага Чыныбай Турсунбеков.
Төрага Чыныбай Турсунбеков.

Мындай пикирин ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев менен жолугушууда билдирди. Парламент спикери 2017-жылга карата республикалык бюджетте сунушталган таңсыктын көлөмүн азайтуу жана мамлекеттик казынадагы чыгашаларды жөнгө салуу максатында мыйзам долбоорундагы айрым беренелерди кайрадан карап чыгууга чакырды. Чыныбай Турсунбеков келерки жылы мектептердин, ооруканалардын курулушу сыяктуу социалдык сектордогу бүтпөй калган долбоорлорго артыкчылык берилип, курулуштарды бүткөрүү башкы максат болушу керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушууда бюджеттин киреше бөлүгү, анын ичинде, бажы жана салыктан түшүүчү кирешелер тууралуу да сөз болду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңеш төрагасынын маалымат кызматы кабарлады.

Долбоордо 2017-жылдын бюджетинин кирешеси 126 млрд 828,5 млн сом, чыгашасы 150 млрд 150,5 млн сом, ал эми тартыштыгы 23 млрд 321 млн сом деп көрсөтүлгөн.

2016-жылдагы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 124 млрд 399 млн сом, жалпы чыгашасы 146 млрд 853 млн сом. Тартыштыгы 22 млрд 453 млн сом деп мерчемделген. Сегиз айдын жыйынтыгы боюнча бюджеттин киреше бөлүгү 78,9 млрд, тартыштыгы болжол менен 23 млрд сомго жетери болжолдонууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG