Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:31

Укук коргоочулар Пакистанды кыйноолор үчүн айыптады


Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Пакистандын полициясын "сотсуз жазалоо, мыйзамсыз камоо жана кыйноолорду улантууда" деп айыптады.

Дүйшөмбү күнү жарыяланган жаңы баяндамада өлкөнүн ар тарабындагы 30 полиция кызматкери жана зомбулуктан жабыркаган 50 адамдын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы келтирилген.

Анда кыйноолор "союл, кайыш кур менен сабоо, буту-колду оор темир менен чойдуруу, сексуалдык зомбулук, уйкудан ажыратуу жана башка психикалык тассир этүү" аркылуу ишке ашырылары айтылат.

"Өзгөчө мындай кордукка качкындар, жардылар жана аз улут өкүлдөрү туш болушат" дейт укук коргоочулар. (RK)

XS
SM
MD
LG