Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:28

13-октябрда Канаданын Монреал шаарында ачылган балет фестивалы эки бөлүмдүү "Роден-Клодель" спектакли менен ачылды.

Аны канадалык жаш хореограф Питер Хуанс койду. Оюндун сюжети атактуу француз айкелчиси Огюст Роден менен анын окуучусу Камилла Клодель ортосундагы ширин сүйүү, ачуу ажырашууга негизделген.
Бул баягы эле бытиенин, жашоонун түбөлүктүүлүгү эмеспи. Бул жаш үй-бүлөгө катар улуу курактагыларга да мүнөздүү көрүнүш.М. Камчыбеков


Устаз өзүнөн 23 жаш кичүү таланттуу шакиртине XIX кылымдагы эркектер үстөмдүк кылган дүйнөдө өз ысымын ташка чегип, түбөлүктүү кылып калтырууга көмөктөшкөн.

Тирүүсүндө француз өкмөтүнүн изат-урматын жетишинче көргөн Огюст Роден (1840-1917) атак-даңк үстүндө өлсө, махабаттан жолсуз Камилла Клодель (1864-1943) өмүрүнүн акыркы отуз жылын акыл азабынан улам кеселканада өткөрөт.

Экөө ажырашканга чейин Камилла 15 жыл бою Роденге модель да, жан ылазатын бөлүшкөн жардамчы да болот. Окуучу устаты менен ажырашуусун 1900-жылы жараткан "Бойго жеткен курак" деген скульптуралык композициясында таасын чагылдырат.

Камилла Клодель. "Жетилген курак". Коло. 1902

Камилла Клодель. "Жетилген курак". Коло. 1902

Огюст Роден сүрөт өнөрүнө жаңы башат салган импрессионисттер доорунда мрамор таш жонуп, же жез сомдоп, адамдын ички дүйнөсүндөгү сүйүүдөн жаралган уйгу-туйгу сезимдерди, махабат кубатын жаңы доор айкелчилеринен биринчи болуп кашкайта көрсөтөт.

Буга бедизчи ташты өгөөлөп жасаган "Өбүшүү", "Ромео жана Жулетта", "Акын жана Муза", "Түбөлүктүү жаз" жана башка эмгектер далил.

Айкелчинин дарамети тууралуу: «Родендин "Түбөлүк жаз" деген ак мрамордон жасалган скульптуралык иши бар. Ал бул эмгегинде тунгуч сүйүүнүн назиктигин көрсөтөт. Сүйүү дегенди баарыбыз эле башыбыздан өткөргөнбүз. Сүйүү эмне экенин билебиз да,” -дейт кыргыз бедизчиси Саадабек Азиев.

Огюст Роден жана Камилла Клодел: Устат жана шакирттин мамилеси

Ал эми көркөм өнөр таануучу Чолпон Идрисова Огюст Родендин чыгармачылык феномени сүрөтчү-импрессионисттердин жаратмандыгына түздөн-түз байланыштуу деген ишенимде.

“Менин оюмча, Родендин чыгармачылык жаңычылдыгы анын импрессионизм дуулдап өнүккөн кезде жашаганына байланыштуу. Импрессионист-сүрөткерлер дүйнөгө өздөрүнө чейинки кесиптештерине окшобой жаңыча көз чаптырып, чагылдырганга умтулушту. Алар мифологиялык дүйнөгө эмес, өз доорунун адамдарына жана реалдуу жашоого суктанышты. Роден айкелчилердин көй кашка өкүлү ирети замандаштарынын дүйнөсүн, жашоосун, ой-толгоосун, түйшүгүн дененин жана тулку бойдун кыймылы, пластика аркылуу чагылдырды”,- деди Бишкектеги Көркөм сүрөт академиясынын окутуучусу Ч. Идирисова.

Огюст Родендин чыгармачылыгы ипрессионисттер дооруна дал келгени кокустук эмес.

Огюст Роден. "Түбөлүктүү жаз". Мрамор.1 894

Огюст Роден. "Түбөлүктүү жаз". Мрамор.1 894

Искусствоведдердин айтымында, бедизчи сүрөткерлердин айлана-чөйрөнү, адамдардын психологиялык абалын, дүйнө таанымын чагылдыруудагы жаңы ыкмаларын тартынбастан өз өнөрчүлүгүндө чоң чеберчилик менен колдоно алды. Андан ары өркүндөттү.

Роден замандаштарынын кейпини жана образдарын өзүнө чейинки айкелчи-бедизчилер сыяктуу мифологиялык сюжеттер, каармандар аркылуу эмес, адамдардын турмуштагы кадимий абалы аркылуу бергенге умтулат жана албан ийгиликке жетет.

Арийне, Роденге италиялык алп скульптор жана художник Микеланжелло өтө күчтүү таасир эткенин белгилей кетүү абзел.

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Садабек Азиевдин баамдашынча, 150-200 жыл мурда эмгектенген Роден доорунда азыркыдай фото-видеотехниканын болбогону бедизчи-сүрөткерлерди адамды каны согуп тургандай тирүү кылып жасоосуна негиз берген.

"Илгери азыркы техника, фото, видео, кино жок болчу,-деп түшүндүрөт Азиев.- Жалгыз эле сүрөтчүлөрдүн жаратылышты кайра чагылдырган эмгектери калган. Айкелчилер көрүп турган нерселерин мрамор, таш, коло материалга дал өзүндөй кылып которуп иштешчү. Ал кезде талап ошондой болгон. Кийин азыркыдай техника пайда болгондон кийин бедизчилер скульптурага жан киргизгилери келди. Ал үчүн фактура, эффект менен иштей башташты. Бардык нерсени убакыт өзү талап кылат да.”

Кыргызстандагы Роден жасаган сыяктуу бедиздер

Эмне үчүн Кыргызстандагы көргөзмөлөрдө О. Родендин "Өбүшүү", "Ромео жана Жулетта", "Акын жана Музасы" же К. Клоделдин "Бойго жеткен курак", "Түбөлүк идолу" сыяктуу айкелдер аз коюлат же коюлбайт?! Анын себебин искусствоведдер элдин СССР кезинде калыптанган менталитетине, салтка жана скульптуралык иштердин сатып алуучусу, заказчысы жалгыз өкмөт болгонго байланыштуу деп эсептейт.

Мисалы, көркөм өнөр таануучу Ч. Идирисова: “Бул балким биздин менталитетке байланыштуу болсо керек. Айкел, скульптура постсоветтик адамдар үчүн коомдогу атактуу, белгилүү адамдарды көрсөтүүгө тийиш. Биздин өлкөдө дале болсо баатырларга, тарыхый инсандарга, чоң кызматта иштеген адамдарга, жетекчилерге арнап эстеликтер коюлат. Ошон үчүн бедизчилер адамдардын ички сезимдерин, татаал дүйнөсүн ачып берген скульптураларды эмес, көбүнчө баатыр адамдарды жалпыланган залкар образдарын жаратышат”,-деди.

Чолпон Идрисова айкелчилердин өнөрканаларында аял-эркектин ашыглыктын отуна кабылып, сезими күйүп-жанган абалы ташка же металлга түшүрүлгөн иштер кездешерин белгилей кетти.

Советтик менталитет демекчи, көркөм өнөрдө аял-эркектин купуя толгонууларын, ашыктардын ышкы сезимин козгогон темаларга же эротикага тыйуу салынган болчу. Лекин, дүйнөдө атактуу Санкт-Петербургдагы Эрмитаж менен Москвадагы Пушкин атындагы көркөм өнөр музейлеринде импрессионисттердин, анын ичинде Родендин, алардан мурдакы Кайра жаралуу (Ренессанс) дооруна таандык эмгектер ачык турган.

1970-80-жылдарда Санкт-Петербургда (ал кезде Ленинград) Леонид Якобсондун "Хореографические миниатюры" театрында денеге жабышкан трико кийген кадим жылаңачтай балерина-балерондор сезим кытыгылап, ойду тумандатчу спектаклдерди бийлешчү.

Мамат Камчыбеков. "Сүйүү". Шамот.

Мамат Камчыбеков. "Сүйүү". Шамот.

Атактуу хореографтын "Роден темасындагы триптихтеринде" ышкы оту акылды тумандаткан абал көрсөтүлгөн. (Якобсондун жолун Борис Эйфман улантат.) Анын мазмуну жөнүндө ондогон жылдар Нева боюнда шаарда окуп-эмгектенген педагог-балерон Алмазбек Шамыралиев мына буларды айтты:

"Леонид Якобсон (1904-1975) деген өтө таланттуу хореограф болгон. Ал бирок кичинекей номерлерди, миниатюраларды мыкты койгон. Анын Огюст Родендин “Түбөлүк жаз”, “Өбүшүү” жана “Түбөлүк идол” деген скульптуралык композицияларынын негизинде койгон сонун триптихи бар. Мына ушул миниатюралар Якобсондун атагын чыгарган. “Родендин триптихи” 1960-жылдары классикалык эмес, жаңыча, модерн балет стилинде коюлган учурда Советтер Союзунда “модерн” деген сөз да жок болчу.”

Белгилей кетейин, Якобсон жана азыр "бүгүнкү күндүн Бежары" аталган Борис Эйфман койгон модерн стилде коюлган неоклассикалык балет-спектаклдерге билет кассага сатыкка чыккандан бир-эки күн узабай түгөнчү. Баса, Якобсондун дагы бир чыгармасы - "Минотавр жана Нимфтер" балетин компартиянын кыраакы чиновниктери "адепсиз" дешип, сахнадан алдырып салышкан.

Кайра скульптурага карылсак, даркан айкелчи Тургунбай Садыковдун демилгеси менен 1984-жылы Эмен багында түптөлгөн Ачык асман алдындагы музейде аял-эркектин эргип, бири-биринин жүрөктөрүнүн сокконун деми жана каны менен сезип отурган абалын берген таш эстеликтер бир кыйла.

Мамат Камчыбековдун быйыл июль-август айларында ордолуу Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик көркөм өнөр музейинде болгон көргөзмөсүндөгү түрдүү скульптуралык эмгектердин арасында эркек менен аялдын сүйүү толкуткан абалын ташка жан киргизип чагылдырган эки эмгек болду.

Бедизчи Мамат Камчыбековдун “Махабат” жана “Түбөлүктүү сүйүү” композициялары ээри-зайыптын же бозой менен селкинин сүйүүгө арбалып, бул тириликтин түйшүгүнөн тыш керемет абалга өтчү бир учур алдындагы прелюдияны элестетет. “Махабат” ак шамоттон жасалган. Анда колун жаздана жаткан жаш жигит көйнөгүн чечип жаткан келинчегине тунжурап тигилет. Жубайлар көрүүчүдөн жымжырттыкты талап кылат.

Мамат Камчыбеков. "Түбөлүктүү сүйүү".(Вечность бытие). Шамот.

Мамат Камчыбеков. "Түбөлүктүү сүйүү".(Вечность бытие). Шамот.

“Сүрөтчү же бедизчиге өзү жасаган иши жөнүндө айтуу кыйын,-дейт Мамат Камчыбеков өз чыгармасы тууралуу.- “Махабатта” жигит-кыз отурат. Эки жаш жаңы баш кошуп атканда махабатка батып, келечекти ойлошуп, өздөрүнүн жүрөк сырларын бөлүшүүдө. Эки адам ортосундагы жылуу сезимдер, бири-бирин жакшы көргөнү, ой-максаты дегендей... Бул сүйүү да...”

Ташты жонуп, ага жан киргизген айкелчи “Түбөлүктүү сүйүүдө” бет маңдай отурган калыбында жүрөктөрү элжиреп, өбүшүп, махабат отуна күйүп, жаткан аял-эркектин ышкынын күчүнөн бир чулу фигурага айланып кетчүдөй абалдарын көз ирмемде кармап калган. Бул композицияны бедизчи өзү “Вечность бытия” деп атаган.

Камчыбеков чыгармасынын мазмунун “Азаттыкка” мындай чечмелеп берди:

Экөө бири-бирине тийишкени эле турат. Мисалы, иштен келгенден кийин эки жаш жаңы баш кошкон үй-бүлө болгондуктан эс алганы жатат да. Бул баягы эле бытиенин, жашоонун түбөлүктүүлүгү эмеспи. Бул жаш үй-бүлөгө катар улуу курактагыларга да мүнөздүү көрүнүш. Ал биздин эле турмуштан алынган композиция.”

Албетте Европанын тарыхында да коом көнгөн салтты бузуп, жаңыча жасалган скульптураны эл кабыл албай, "шерменде" деп, чанган учурлар болгон. Ошол эле Родендин "Өбүшүүсү" 1914-жылы Англиянын Льюис шаарында коюлганда аялдардын демилгеси менен алып салынат.

1936-жылы Лондондогу Тэйт музейи "Өбүшүүнү" сатып алганга араң 7,5 миң фунт стерлинг чогултат. Бүгүн бул айкел 160 миң долларга бааланган. Бирок таштын демин сезген аяр устат Огюст Родендин шакирти Камилла Клодель менен мамилеси, анын деми менен жаралган эмгектери, алардын катаал сүйүүсү жаңы спектаклдерге, көркөм тасмаларга, чыгармаларга сюжет болууда. Сүйүүнүн жанардай жанган түбөлүктүү күчүн даңазалоодо.
XS
SM
MD
LG