Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Жеңиштин сабагы жана санаты


1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш, Улуу Жеңиш, алардын сабактары жөнүндө жаңы маалыматтар жазылып, жаңы көз караштар чыгууда.

Азыркы кыргызстандыктар үчүн бул Жеңиштин идеологиялык-тарбиялык маани-маңызы эмнеде? Жеңишти жакындатууга кошкон кыргызстандыктардын салымын, Улуу Ата Мекендик согуштун баа-баркын азыркы жаштар билеби? Ал учурдун тарыхын кайра жазуу керекпи? Дайынсыз жоокерлерди табууда мамлекет эмне үчүн жардам көрсөтө албай жатат?

“Арай көз чарай” талкуусуна тарых илимдеринин кандидаты, доцент Нарынбек Алымкулов, эмгек ардагери-мугалим Токторбай Бектурганов жана “Эрдик-Подвиг” коомдук фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов катышты.

“Азаттык”: Нарынбек мырза, Улуу Ата Мекендик согуштун Кыргызстанга байланышкан ар түрлүү, карама-каршылыктуу маалыматтарды окуп калабыз. Деги Кыргызстандан канча адам согушка барып, канча адам келбей калган, канчасы келген, канчасы дайынсыз?

Нарынбек Алымкулов: Тилекке каршы, ачык айтыш керек, такталган эмес. Ар бир кишинин тагдыры элдин, мамлекеттин тагдыры. Согуштан кайтып келгендер боюнча да так маалымат жок. Жарадар болгондор, дайынсыз жоголгондор боюнча маалыматтар такталбай келүүдө. Бул - өкмөттүн, өзгөчө Коргоо министрлигинин Башкы штабынын милдети.

Башканы койдум, ушу күнгө чейин Кыргызстанда канча Советтер Союзунун баатыры бар экендигин так билбейбиз. Бир маалыматта 72 болсо, башка маалыматтарда 78 деп жүрөт. Ортодогу алты кишинин маалыматтарын архивдерден караштырып, изилдеп жатабыз...

“Азаттык”: Каныбек мырза, сиздин “Эрдик-Подвиг” деп уюм түзүп дайынсыз жоокерлерди издеп табууга аракет көрүүңүзгө эмне түрткү болду? Аракеттен майнап чыктыбы?

Каныбек Мырзаканов: Биз кечээ эле чыга калган жокпуз. Биз 2010-жылдан бери “Эрдик-подвиг” деген долбоор менен иштеп келатабыз. Бийлик тараптан колдоо болгон жок, жардам болбогондон кийин бир топ эле кыйын болот экен.

2015-жылдын аягында Юстиция министрлиги тарабынан атайын фонд катары каттоодон өтүп, өз алдыбызча уюм болуп иштеп жатабыз. Уюшулгандан бери дайын-дареги дайынсыз болгон 1225 адам табылып, туугандары билип, кубанып жатышат. Арадан 70 жыл өтсө да маркумдарга кайрадан куран окулуп, аштары берилип жатат.

“Азаттык”: Дайынсыз жоокерлерди издеп табууга өлкө бюджетинен акча каралса деп өкмөткө кайрылуулар болуп жатты, кандай жооп болду?

Каныбек Мырзаканов: Тарыхчылардан жалгыз Нарынбек Алымкулов, депутаттардан Салянова колдоп келатат. Өкүнүчтүү нерсе, бизди башка эч ким уккан жери жок.

1996-жылы чыккан мыйзам бар, "дайынсыз жоголгон жоокерлердин туугандары маркумдар көмүлгөн жерге барып келүү чыгымын өкмөт төлөп берет" деп жазылган. Өкмөт башында андай мыйзам жок деп чыкпадыбы. Ушундай мыйзам бар экендигин далилдеп бергенден кийин “эми карап көрөлү” демиш этип жатат.

Айрымдар 5-майда атайын талаптар менен чыгышты. Биз үч талап койдук: биринчиси - мыйзам иштеш керек, ага ылайык бюджеттен акча бөлүнүш керек, 70 миллион эмес, 7 миллион сом сурап жатабыз. Акча бөлүнсө дайынсыздардын маселесин 2-3 жылдын аралыгында чечип койсо болот.

Экинчиси - азыр башка өлкөлөрдө согушка байланышкан эстеликтерди талкалап, боек менен шыбап кетип жатышат. Алардын арасында кыргызстандыктар да бар. Ошондуктан бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлигине тапшырма берилсин деп жатабыз.

Үчүнчүсү - 5-майды дайынсыз жоголгондорду эскерүү күнү деп жарыялансын деп жатабыз. Биз 9-майда согушта курман болгондорду эскерип, аман-эсен кайтып келгендерди сыйлаган күн катары билебиз. Бирок дайынсыз жоголгондорду эч ким эстебейт, өгөй баладай мамиле кылышат. Бүгүн Атамбаев сүйлөдү, ал дагы эч нерсе айткан жок.

“Азаттык”: Токторбай аке, Сиздин балалыгыңыз согуштан кийинки оор жылдарга туш келген экен. Сиз үчүн жеңиш деген эмне, азыркы муун анын баа-баркын кандай билет?

Токторбай Бектурганов: Мен дагы фронтовиктин баласымын. Атам 1942-жылы согушка аттанган экен. Кеткенден кийин "Сталинградда согушка кирип чыктык, жарадар болуп госпиталда жатам" деп жазган экен. Катты бир тууган карындашы ыйлап-сыктап жүрүп кийин жоготуп алат. Ошол боюнча атам дайынсыз, бала-чакам менен алигиче издеп жүрөбүз.

Каныбек мырзага кайрылганбыз, жардам беребиз деп жатышат. Бул маселени жалгыз Каныбекке жүктөп койгондо болбойт. Каражат бөлүнүш керек. Канча адамдын ыйы, канча адамдын муңу жатарын түшүнүшүбүз керек.

Мени кооптондурган дагы бир маселе бар. Мына бүгүн айтылып жатат 821 согуштун катышуучусу калыптыр. Былтыр 2 миңден ашык эле, бир жылда миңден ашык өмүрдөн өтүп кетишти. Беш жылдан кийин биз 9-майды ким менен тосуп, ким менен, кандай майрамдайбыз? Өкмөт, коомдук уюмдар, жалпыбыз ойлонушубуз керек.

“Азаттык”: Нарынбек мырза, согуш тарыхы демекчи совет заманындагы тарых китептеринде орус улутун жогору коюу бар эмес беле. Мисалы, орус Александр Матросовдун эрдигин кыргыз Чолпонбай Түлөбердиев кайталап калды эле. Тарыхый даталарда Чолпонбай биринчи эрдик жасаган. Ушундай тактоолор окутулуп жатабы?

Нарынбек Алымкулов: Андай көйгөйлөр Улуу Ата Мекендик согуш жөнүндөгү китептердин ар бир бетинен тапсаңыз болот. Ошол эле Матросовду улуту орус деп жүрүшөт, ал чындыгында башкыр улутунан болот, өзүнүн фамилиясы Мыхедиянов. Ал баатырлыкты 1943-жылы 25-февралда жасаган.

Согушта төшү менен тосуп эрдикти жасаган 387 адам болгон. Чолпонбай 27-болсо, Матросов 87-болуп эрдикти кайталап жатат. Биринчи эрдикти Бесашвили деген жигит 1941-жылы согуш жаңы башталганда эле жасаганы аныкталган.

Дагы бир маселе, 28 баатыр жөнүндө көп айтылат, бирок документтерде 28 эмес, 120дан ашык адам баатырларча курман болгону так жазылып турат. Изилдей берсе ушундай фактылар толтура. Тилекке каршы, биздин мектептерде эски советтик идеологияга сугарылган тарых боюнча эле билим берилип жатат...

XS
SM
MD
LG