Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

"Талибан" чын эле Пакистандын жетегиндеби?


Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн штабынын акими, генерал Ашфак Первез Каяни (оңдо) жана Пакистандын ведомстволор ортолук чалгындоо кызматынын (ISI) башчысы, генерал-лейтенант Ахмед Шуя Паша. Исламабад. 11-июнь, 2011
Пакистандын куралдуу күчтөрүнүн штабынын акими, генерал Ашфак Первез Каяни (оңдо) жана Пакистандын ведомстволор ортолук чалгындоо кызматынын (ISI) башчысы, генерал-лейтенант Ахмед Шуя Паша. Исламабад. 11-июнь, 2011

Пакистандын жашыруун кызматтары талиптерге Ооган жериндеги чет элдик аскерлерге кол салганда көмөктөшөт.

Мындай кабарды НАТОнун купуя докладына таянып, Би-Би-Си жана The Times of London гезити кабарлады. Пакистандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты “жалчыбаган жалганга” чыгарып, Исламабад Ооганстандын иштерине эгерим кийлигишпегенин билдирди.


The Times of London гезити өзүндөгү НАТОнун жашыруун докладына шилтеп жазышынча, Пакистандын ведомстволор ортолук чалгындоо кызматы - ISI Ооган козголоңчулары менен тыкыс иштешип, аларды “түздөн түз башкарууну улантууда”.

Атүгүл Пакистан жетекчилиги талип лидерлери турган жайларды да билет. Бул документке караганда, талиптер 2014-жылы НАТО жетектеген көп улуттуу аскерлер Ооганстандан чыгып кеткенден кийин бийликти колго аларынан эч кам санабайт.

Жашыруун доклад 4 миңден ашуун талип согушчаны, “алкаидачы” жана башка адаватчылар менен өткөрүлгөн 27 миң сурактын негизинде даярдалган.


Ашкере болгон жашыруун докладды Кабулдун четиндеги Баграм аэродромуна жайгашкан АКШнын аскерий командачылыгы даярдап, былтыр декабрда НАТОнун генералитетине жөнөткөн.

Би-Би-Синин маалымдашынча, доклад 4 миңден ашуун талип согушчаны, “алкаидачы” жана башка адаватчылар менен өткөрүлгөн 27 миң сурактын негизинде даярдалган.

“Ал-Каиданын” командирлеринин биринин суракта айтышынча: “Пакистан баарын көзөмөлдөйт. Мен алардын жетегисиз Кунар провинциясында бир түп көчөт да отургуза албайм. "Талибан" ислам эмес. "Талибан" - Исламабад”.

Расмий Исламабад жогорудагы докладды “тек гана сөз” катары четке какты жана Ооганстанга кийлигишпесин билдирди. Буга чейин да Исламабад Ооганстандын АКШ колдогон азыркы өкмөтүн кулатууну көздөгөн куралдуу топторду колдобогонун айтып келген.

Талип согушчандары өз куралдарын тапшырып, Ооганстан армиясына кошулгандан кийин аларга таберикке берилген Куранды кармап турушат. Герат провинциясындагы салтанат учурунда. 30-январь, 2012
Талип согушчандары өз куралдарын тапшырып, Ооганстан армиясына кошулгандан кийин аларга таберикке берилген Куранды кармап турушат. Герат провинциясындагы салтанат учурунда. 30-январь, 2012

Пакистан армиясынын өкүлдөрү жашыруун болбой калган докладды негизи жок материал катары мүнөздөшүүдө. Армиянын отставкадагы бригадири (полковник менен генерал-майордун ортосундагы аскердик чин) Саад:

Менимче, бул доклад фактыларга негизделген эмес. Алар катардагы адамдарды гана суракка алышкан. Пакистандын ведомстволук чалгындоо кызматы - ISI талиптердин саясатын көзөмөлдөбөйт”, -дейт “Машал” үналгысына курган маегинде.

Бул жаңы маалымат эмес, - деди отставкадагы генерал-лейтенант Талат Масуд. - Пакистан мурда да ушундай айыптоого кабылган. Бул доклад Пакистан менен Ооганстан арасындагы мамилеге таасир этпейт. Бул доклад чын эмес”.

Пентагон узактан бери Пакистандын чалгындоо кызматындагы элементтер менен кээ бир экстремисттик уюмдардын байланышына камтама болуп жүргөнүн билдирди. Ошол эле учурда Пентагондун өкүлү Жон Кирби Би-Би-Си жана The Times of London кабарлаган документ Коргоо министрлигине келе элегин айтты.

Ооганстандагы НАТО башындагы күчтөрдүн өкүлү подполковник Жимми Каммингс болсо ачыкка чыгып кеткен жашыруун документти “туткун талип согушчандарынын көз карашы, эч кандай стратегиялык анализ эмес” деди.

Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Кар айымды Ооганстандын тышкы иштер министри Залмай Расул тосуп алууда. Кабул. 1-февраль, 2012
Пакистандын тышкы иштер министри Хина Раббани Кар айымды Ооганстандын тышкы иштер министри Залмай Расул тосуп алууда. Кабул. 1-февраль, 2012

АКШнын Кабулдагы элчилиги сөз болуп жаткан документти комментарийлөөдөн азырынча баш тартты. Анткен менен жашыруун материалда Пакистандын ысмына айтылган айыптоолор Батыш менен Исламабаддын карым-катнашын осолдотот деп боолгонууда.

Ооган өкмөтү НАТОнун купуя доклады боюнча өз пикирин айта элек. Бирок Пакистандын тышкы иштер министринин шаршемби күнкү Кабулдагы сапары алдында Ооганстандын Тышкы иштер министрлиги Хина Раббани Кар айымдын сапары эки мамлекет ортосундагы маданий кызматташууга “жаңы дем” берерин билдирген.

Деген менен президент Карзайдын өкмөтү Пакистанды талип эрегишчилерине жардамдашып, Ооганстандын ички ишине башын салат деп күнөөлөп жүрөт. Эки ортодогу мамиле былтыр сентябрда экс-президент Бурхануддин Раббани Кабулдагы үйүндө кол салуудан өлгөндөн кийин бир кыйла солгундап калган.

Ооган тарап талиптер менен өкмөттү элдештирүү милдети жүктөлгөн Тынчтык элчиси - Раббанини пакистандык жанкечти өлтүргөнүн жана окуяны тергөөгө Исламабад бут тосуп жатканын өз кезегинде билдирген. Ошол эле учурда Ооганстан Пакистан өкмөтү талиптердин жетекчилиги менен тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрүүгө көмөктөшөт деген үмүттө.

XS
SM
MD
LG