Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Оппозицияга курултай өткөрүүгө зал бербей жатышат


Оппозиция жыйындарынын бири.
Оппозиция жыйындарынын бири.

Бишкектеги Улуттук филармония, Спорт сарайы, Опера жана балет театры “Референдумга - жок!” кыймылынын курултай өткөрүү тууралуу өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчилеринин бири Равшан Жээнбеков “Азаттык” радиосуна билдирип, бийлик Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы күчтөрдүн жыйынына атайлап тоскоол болуп жатканын айтты.

Равшан Жээнбеков кошумчалагандай, азыр курултайды кайсы жерде өткөрүү маселеси боюнча чечим кабыл алына элек.

Улуттук филармония, Спорт сарайы, Опера жана балет театрынын жетекчилиги оппозициянын катына ошол мезгилде залдар бош болбой, ар кандай иш-чаралар өтөт деген жооп кайтарышкан.

«Референдумга - жок» кыймылы 13-сентябрда түзүлүп, ага Башмыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүүгө каршы чыккан бардык саясатчылар, оппозициялык, улуттук-патриоттук күчтөр, жарандык коом жана жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү бириккен. 8-октябрда элдик курултай өткөрөрүн маалымдашкан. (NT)

XS
SM
MD
LG