Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Ооганстан: өкмөттүк күчтөр жоготууга учурады


Гилменд провинциясындагы ооган күчтөрү. 10-октябрь, 2016-жыл
Гилменд провинциясындагы ооган күчтөрү. 10-октябрь, 2016-жыл

Ооганстандын Кундуз жана Гилменд провинциялары талиптер менен ооган өкмөттүк күчтөрүнүн кагылышкан аймагы бойдон калууда. Акыркы күндөрү ооган коопсуздук күчтөрүнүн тик учагынын кыйроосу жана Лашгаркахтагы жардыруу жоготуулардын көбөйүүсүнө алып келди.

Кыргызстандын кошунасы Тажикстан менен чектеш Ооганстандын Кундуз провинциясынын борбору Кундуз шаарында 3-октябрдан бери кагылышуу жүрүп жатат. Кагылышуулардан жан сактап качкан шаар калкынын саны өскөнү кабарланды.

9-октябрда Кундузга чектеш Баглан провинциясында ооган өкмөттүк күчтөрүнө таандык Ми-17 учагы кыйрап, андагы жети киши набыт болгонун Ооганстандын расмий органдары ырастады. Маалыматка караганда, тик учак Корган-Тепа деген жердеги аскерий базаны материалдык-техникалык жактан камсыздоо милдетин аткарып жаткан. Талиптер тик учакты атып түшүрүшкөнүн билдирүүдө.

Ооганстандын расмийлеринин билдирүүсү боюнча, Корган-Тепа жергесиндеги базада 100дөй аскер бар. Өткөн жумада талиптердин чабуулунан кийин алардын жолдору кесилип калган.

"Талибан" акыркы айларда Кундуз провинциясы менен жанаша жайгашкан Баглан провинциясына да чабуулун күчөтүүдө.

Алар Ооганстандын бул түндүк региондорунан сырткары түштүк региондордо дагы активдүү болууда.

10-октябрда Гилменд провинциясынын борбору Лашгарках шаарында жанчкечтинин бомба салынган автоунааны жардыруусунан полициянын он кызматкери жантаслим болгонун өлкө полициясы маалымдады. Над Али районунун полиция башчысы Нажи Маржандын айтымында, полиция кызматкерлери менен кошо төрт тынч жаран да набыт болду. Жардыруунун курмандыктары дагы өсүшү ыктымал.

Жардырууга күбө болгон өзүн Рахмат Хан деп тааныштырган жергиликтүү тургун буларды айтты:

- Мен келгенде ар жерде өлгөндөр жана жарадар болгондор жаткан экен.Өлгөндөр аябай көп экен. Мен жана башка адамдар өлгөндөрдү жана жарадар болгондорду тез жардам унаасына сала баштадык.

Ооган Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Седик Седикки Лашгаркахтагы полициянын бекеттерине талиптер масштабдуу чабуул жасап жатканын айтып, жакында ооган коопсуздук күчтөрү аларды артка сүрөт дейт.

Гилменд провинциясынын расмийлери талиптер провинциянын 85% көзөмөлдөп турганын билдирүүдө. Бир жыл мурун абал тескерисинче болуп, өкмөт 80% аймакты көзөмөлдөп турган эле. Талиптер бир нече айдан бери Гилменддин борбору Лашгаркахты камалап, кол салып келишет.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг “Азаттыктын” ооган кызматына Брюссел саммитине тушташ берген интервьюсунда ооган күчтөрүнүн өлкөдө кырдаалды көзөмөлүнө алуу мүмкүнчүлүгү артып баратат деген пикирин билдирген. Ал НАТО күчтөрү ооган өкмөтүнө жана коопсуздук күчтөрүнө жардамын улантарын белгилеген:

- Быйыл июль айында НАТОнун Варшава саммитинде Ооганстанда 13 миңдей аскер кармоо чечими кабыл алынган. Алар согушка аралашпайт, ооган аскерлерин үйрөтөт, жардам жана кеңеш берет. Анткени биз түпкүлүгүндө НАТО эмес, ооган күчтөрү өз өлкөсүн коргоого жөндөмдүү болушун туура дейбиз. Экинчиден, саммитте ооган коопсуздук күчтөрүн 2020-жылга чейин каржылоону улантууну, үчүнчүндөн, Ооганстан менен НАТОнун саясий кызматташуусун активдештирүүнү жана күчөтүүнү чечкенбиз.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри 4-5-октябрда Брюсселде болгон донорлор жыйынында талиптерди сүйлөшүүгө чакырды. Бирок талиптер ага көңүл бурганы байкала элек. Донорлор болсо 2020-жылга чейин Ооганстанда 15 млрд доллардан ашуун жардам бөлүүнү макулдашты.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG