Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

"Кыргыз кылмыштуу лөктөрү чечендер менен маңзат соодалашат"


Сергей Канев
Сергей Канев

Кыргызстандык кылмыштуу топтун лидери Орусияда кармалып алынып келингени коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Окуя туурасында Москвада чыгуучу "Новая газетанын" кылмыштуу дүйнө боюнча кабарчысы Сергей Каневдин пикирин сурадык.

"Азаттык": Сергей, кечээ Орусияда уюшкан кылмыштуу топтун лидери, "Карышкыр" деген каймана атты алып жүргөн Мурсалим Өмүрзаков кармалды. Буга байланыштуу кыргыз бийлиги мындай адамдарды өздөрүнө ыңгайлуу учурда камайт, кереги жок болуп калса бошотуп коё берет деген ойлор айтылууда. Орусияда абал кандай?

С.Канев: Орусиядагы кримтөбөлдөр же кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы болгондор тууралуу айта турган болсок, аларды деле кармап, камакка алышат. Бирок акча берсе дароо бошотот, бербесе алардан маңзат табышат.

"Азаттык": 90-жылдардын башында Орусияда кылмыш топтору бизнести, базарларды ачыктан ачык көзөмөлдөп, ашынып кетишкен. Азыр алардын жүрүм-туруму кандай?

С.Канев: Азыр 60% ири жана чакан бизнес криминалдык топтордун көзөмөлүндө. Албетте, азыр эми кызыл, же күлгүн түстүү күрмө кийип, мойнуна калың чынжыр тагынгандар жокко эсе. Кылмыш чөйрөсүнүн адамдары акылын жыйып, тандалуу бизнестерди гана колго алган. Баягыдай ачыктан ачык өзүн шарданалаган кезден калышкан. Чындап келгенде алар мурдагыдай эле күчтүү, бирок бийлигин коррупцияга аралашкан чиновниктер менен бөлүшөт.

"Азаттык": Мурсалим Өмүрзаковду Батукаев менен тыгыз байланышта жүргөн адам катары сыпатташат. Азиз Батукаев жөнүндө уксаңыз керек, ал Кыргызстанда туулуп-өскөн чечен улутундагы адам. Уюшкан кылмыштуу топтун көзүрү катары аты чыккан бул адам, ушул жылдын апрель айында табышмактуу жагдайда түрмөдөн бошотулуп, чартердик самолет менен Грозныйга учуп кеткен. Буга байланыштуу Чеченстан президенти Рамзан Кадыровдун ысымы да аталып келет. Ушундан улам Кыргызстан менен Орусия бийликтери уюшкан кылмыштуу топтор боюнча тымызын кызматташкандай элес калтырат. Чын эле ошондойбу?

С.Канев: Ал кызматташтык кайсы деңгээлде экенин түшүнгүм келет. Албетте, Орусиянын атайын органдары Кыргызстандын атайын органдары менен иштешет. Буга таң калуунун кереги жок. Ал эми Рамзан Кадыров тууралуу айта турган болсок, анын Москвада кадыр-баркы жогору. Жада калса анын адамдарды уурдап, кыйнаган жансакчылары да кылмыш жообуна тартылган эмес. Москвада деле кылмыш чөйрөсүнө катышы бар бир нече чечендер жоголгон, акыркы маалыматтарга таянсак, аларды жердештери тосуп алып, Рамазан Кадыровго алып кетишкен. Ошо бойдон бул адамдардын дайыны чыккан эмес.

"Азаттык": Кез-кезде Кыргызстандан барган кримчөйрөнүн адамдары Орусияда өзүн абдан активдүү алып жүргөнү, керек болсо кыргыз мигранттарынан салык жыйнаганы тууралуу маалымат түшүп турат. Бул Борбор Азиядан барган уюшкан кылмыштуу топтордун Орусияда таасири күч алгандай элес берет. Сизде бул тууралуу маалымат барбы?

С.Канев: Кримтөбөлдөр тууралуу менде андай деле маалымат жок. Бирок мигранттардын акчасын тоногондор жөнүндө уккам. Ошол эле чечендер, өзбектер, Түштүк Осетиядан келгендер “мартабалуу” жердештерине кулдук уруп турушат. Кыргызстандан келген криминалдар болсо маңзат ташуу менен шугулданып, аны Тажикстандан келгендерге берээрин, алар андан ары сатаарын уккан жайым бар. Кыргыз кримтөбөлдөрүнүн чечендер менен биргеликте маңзатты сатуу жана жайылтуу боюнча иштерин да уккам.

"Азаттык": Сыягы мурдагы кримчөйрөдө иерархия бардай, кимдир бирөө башкарат, кимдир бирөө калкалайт дегендей. Азыр деле ошондой иерархия барбы?

С.Канев: Эми бул тууралуу айта турган болсок, Орто Азиядан барган "авторитет ишкер" бул – Гафур Рахимов. Өзбекстандан чыккан бул кишинин Москвада таасири күчтүү. Анын Дед Хасан, Тюрик сыяктуу кримчөйрөнүн “генералдары” менен түшкөн сүрөттөрү дагы жетиштүү. Мен Гафуровдун тобунда Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын да жарандары барын билем.

"Азаттык": Мен Мурсалимов сыяктуу кримчөйрөгө киргендерди канатына калкалаган таасирлүү күчтөр бар же жогун сурайын дегем...

С.Канев: Уюшкан кылмыштуу топ укук коргоо органдары калкалап коргобосо иштей албайт. Албетте, аларга кимдир бирөө алдын ала маалымат берип турат, дагы кимдир бирөөлөр менен тапканын бөлүшөт. Азыр жөн эле бандит болуу кыйын. Вокзалдарда чөнтөккө кол салгандар деле бар дечи, бирок олуттуу бизнеске ээ уюшкан кылмыштуу топтун бири дагы күч органдарынын жана чиновниктердин колдоосу жок өз алдынча жашай албайт.

"Азаттык": Азыр Орусияда башкы “пахан” ким?

С.Канев: Азыр баарын бир колго алган кримтөбөл деле жок. Он беш чакты көрүнүктүүлөрү бар. Бирок менин баамымда, кримтөбөлдөрдүн ичинен эң таасирдүүсү бул - Шакро. Учурда ал испан түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жатат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG