Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:03

Кыргызстанда ачык айтылбаганы менен аял-эркектин жеке мамилеси жаатында көйгөйлүү маселелер арбын экенин адистер өкүнүч менен белгилешүүдө.

Кыргызстанда толук кандуу сексуалдык жашоого тартылган эркектердин болжолдуу саны 1,5 миллионго чукул. Демографиялык маанилүү көрсөткүчкө таасир этчү калктын көбөйүү саламаттыгы барган сайын начарлоодо. Андай дартка чалдыккандар адистерге оорусу күчөп кеткенде гана барышпаса, жыныстык жашоо тууралуу кеңеш сурап барган эркек же аялдар сейрек.

Жакында АКШ окумуштуулары адамдын сексуалдык жашоосу ойдогудай болуп, толук канааттануу алса гана анын ийгиликке жетишүү деңгээли да ошончолук жогору болорун ырастаган тыянак чыгарышты.

Кыргызстанда калктын көбөйүү саламаттыгына олуттуу мамиле жасалбагандан урологиялык, психологиялык, эндокриндик, гинекологиялык ар кыл көйгөйлөр көбүрүп чыгып, эркектер арасында тукумсуздук көбөйүп жатканын адистер ырасташууда. Айрыкча акыркы мезгилде урук безинин сезгенүүсү, урук безинин шишиги, тукумсуз болуп калган эркектер да, жыныстык жактан ар кыл жугуштуу оорулардан жабыркаган аялдар да көбөйгөн.

Улуттук госпиталдын Андрология бөлүмүндө Аламүдүн районунун 81 жаштагы тургуну Өтөгөн карыя урук чыгаруучу органында без (аденома) пайда болуп ооруканада жатат:

- 1997-2000-жылдан тартка интимдик жашоону токтотком. Анда мен 68 жашта болсом керек. Бирок андан кыйынчылык болот деп ойлобопмун. Азыр минтип ооруканага кайрылып отурам. Ал кезде ушундай адистер бар экенин билбепмин деле. Азыр эми догдурларга ишим түшүп отурат. Бир без болот экен. Ошону кесип алып салабыз деп жатышат.

Ооруну жашырган оңбойт

Эркек-аял мамилесине байланышкан маселени ачык талкуулоо биздин элде уят иш катары кабылданат. Бирок жашырын сакталган оор көйгөйлөр катылган оорулардын күчөшүнө гана алып келет. Адатта эркектер үй-бүлөдө катуу чыр чыкканда гана андролог, уролог адистерге кайрылышат. Канчалык эртерээк адистин кеңешин алса, ошончолук бул дарттардын психологиялык, жүрөк, кан тамыр ооруларга чаап кетүүсүнө бөгөт коюларын көбү аңдай бербейт. Жашыруун мамиленин ачык айтылбай келиши, адам саламаттыгынын бузулуу белгилерин профессор-андролог Жаныбек Мамбетов бул жагдайларга байланыштырды:

- Адамдын сексуалдык каалоосу бир убакта эле өчүп калбайт да. Улам өрчүп отурган өзүнчө процесс. Биринчи көңүлү сууй баштайт. Экинчиден, эркектин жыныс безинин чыңалуусу начарлайт. Интимдик катнаштан алчу эргүү, жыргоо сезими өчөт. Мындай учурда дарыгерге сөзсүз кайрылуу керек.

Андрология жана сексопатология боюнча илимдин кандидаты, доктор Зуфар Хакимхожаев Кыргызстанда 50 жаштан кийин шалтурукка кабылгандардын санын 60-70% чамалап калганын белгилөөдө:

- Жалпы дүйнө боюнча 50 жаштан улуу эркектердин жарымы импотентцияга чалдыккан. Массачусетс университетинде жүргүзгөн изилдөөлөрдөн улам Америка Кошмо Штатында 40 жаштан улуу кишилерде импотенция көп байкалган. Эми элестетип көргүлөчү. Батышта сергек жашоону тандашкан. Биздин шарттар менен салыштырып болбойт. Биз инсульт боюнча алдыңкы орунда турабыз. Жогорку жана төмөнкү кан тамырдын баары бириккен да. Демек биздеги импотенцияны 60-70% жакындатсак болот.

Кичүү зайып чечим эмес

Акыркы мезгилде эркектер арасында өзүнөн бир топ жаш кичүү кыз-келиндерге үйлөнүп, тукум улоо же интимдик жашоону жакшыртуу, сексуалдык саламаттыкты чыңдоону көздөгөндөр арбыганын, бирок мындай көз караш туура эместигин дарыгерлер айтышууда. Адистин пикирин профессор-андролог Жаныбек Мамбетов да кубаттап, токол алуу проблеманы чечпестигин айтты:

- Өз жаш курагынан жаш аял алуу эркектер үчүн эгерде анын нейрондорун калыбына келтирип, жыргал, эргүү ала алса анда пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок, саламаттыгына коркунучтуу экинчи жагы да бар. Карыган адам жаратылыштан өз ресурстарын алып бүтүп койгон. Жубайы жаш болуп, андан көп нерсени талап кылышы ыктымал. Анан экөөнүн ортосунда канааттанбастык келип чыгат. Мындан эркек кишинин жүрөгү, психикасы бузулат, инфаркт, инсультка чейин жетет.

Андролог, уролог адистер сексуалдык саламаттыкты азыр биринчи планга чыгарбаса, эл арасында кесепети оор көйгөйлөр келип чыгарын эскертишүүдө. Бул жеке эле саламаттыктын эмес, социалдык, демографиялык да проблемаларга жол ачат. Профессор Мамбетовдун ырасташынча, бул жаатта азырынча жакшы дегидей жылыштар байкала элек:

- Болгону 5 миллион элбиз. Анын 1,5 миллиону тукум берүүгө жарамдуу эркектер болсо, ошолордун проблемасы эми укмуш болуп жатат. Тукумсуздук, эркектердеги алсыздык, бөйрөк оорулары деген сыяктуу. Ушулардын баарын жөнгө салуучу бир мамлекеттик саясат болушу керек. Муну айтып эле келе жатабыз, бирок бир да жылыш жок.

Сексуалдык саламаттыкка байланыштуу көйгөй азыркы тапта Кыргызстандагы инсульт, жүрөк ооруларына себеп болгон факторлордун эң негизгиси экенин адистер белгилешет. Мээге кан куюлуп кетүү же инсульттун көрсөткүчү биздин республикада абдан жогору. Саламаттык сактоо министрлигинин маалымдашынча, каза болгондордун 50% көбү жүрөк - кан тамыр жана инсульт дартына чалдыккандар. ​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG